Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Нурдинов: “Караларды” баш көтөртпөйбүз


Малик Нурдинов
Малик Нурдинов

ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча түштүктөгү башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов кримчөйрөдө “Жеңго” деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досонов, кылмыш топторго жакын аткаминерлер жана "жаңы каралар" боюнча ой бөлүштү.

Малик Нурдинов: Былтыр Кадыр Досонов, Дастан Камилов жана Бабаханов деген жарандарга "кылмыштуу топ түзгөн", “талап-тоногон, бирөөнүн мүлкүн карактаган” деген айып менен кылмыш иш козголгон болчу. Ошонун негизинде аларга издөө жарыяланган. Дастан Камилов кармалган. Бабаханов да камакка алынган. Досоновду Ошко быйыл жыл башында УКМКнын кызматкерлери алып келди. Бабаханов болсо түрмөдө каза тапты. Ал жети жолу соттолгон, маңзат колдонгон жаран эле. Булардын баары уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп бизде каттоодо турган. Козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп сотко жиберилген. Азырынча чечим чыгарыла элек. Мендеги маалымат боюнча, жабырлануучулар ишти караганы жаткан судьяга ишеним көрсөтпөй арыз жазышкан. Азыр кайсы сот карары аныктала элек. Биз бул ишти байкоого алып, карап турабыз. Досонов мурда да соттолгон, ал Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун активдүү мүчөсү.

“Азаттык”: Камчы Көлбаевдин боштондукка чыгышы кылмыш дүйнөсүнө таасир этет деп айтылды эле. Түштүктө кылмыш топтор жандана баштадыбы?

Малик Нурдинов: Анын чыгышы криминогендик кырдаалды өзгөртөт деген сөз чыккан. Бирок биз ага жол бербейбиз. Өзүңөр билгендей былтыр бул жаатта атайын мыйзам кабыл алынган. Азыр криминогендик кырдаал туруктуу, милициянын көзөмөлүндө турат. Ачыктан ачык талап-тоноп, кылмыш топтор аралашкан чатактарга жол бербейбиз.

Түштүктө жалпысынан уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары 160ка жакын адам каттоодо турат. Анын 30дай пайызы ушул тушта ар кандай себептер менен Кыргызстандын сыртында, негизинен Өзбекстан, Казакстан жана Орусияда жүрөт. Аларга кылмыш иш деле козголгон эмес, бирок бул жактан кетип калышкан. Дагы 30дай пайызы абакта отурат. Дагы ушунча адамга кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат, айрымдарынын иши сотко өттү. Жыл башынан бери 32 адам кармалып кылмыш жообуна тартылды.

Быйыл эл аралык кылмыш тобунун бетин ачтык. Июль айында Тажикстандагы кесиптештер менен Орусияга ири өлчөмдө маңзат жөнөткөнү жаткан сегиз адамды колго түшүрдүк. Ал топтун башчысы Тажикстанда уюшма топтун мүчөсү катары каттоодо турат экен. Бул иш-чаралардын негизинде маңзат үчүн барымтага алынган кыргызстандык жарандарды бошотуп чыктык. Чуулгандуу кылмыштын бети ачылды. Азыр да ишибизди токтоткон жокпуз. Бул жакта жүргөн инвесторлорду тооруп, мамлекетке келген ири өлчөмдөгү каражаттарга “каралар” башын салбасын, талап-тоноо фактылары болбосун деп көзөмөлдөп, анализ жасап жатабыз.

“Азаттык”: Ички иштер министри Абдылда Суранчиев кылмыш топтор менен байланышы бар аткаминерлердин, депутаттардын ысымдарын жарыялады. Сиздер бул багытта кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар?

Малик Нурдинов: Бул маселе чоң көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Себеби мурда айрым адамдар кылмыш чөйрөсүндө жүргөндөр менен бизнес жактанбы, саясат боюнчабы, же спорт тармагы аркылуубу айтор билип-билбей байланышып, мамиле түзүп жүрүшкөн. Алар ошол депутат болгонго чейин кылмыш топтун мүчөсү катары эмес, алар менен байланышы бар деген маалымат болгон. Бизде ошондой айылдык кеңештин дэңгээлинде үч депутат бар экен. Алардын ысымдары деле ачык жарыяланган.

Бул багытта иш жүрүп жатат. Булардын дагы кандай байланышы бар, кылмыш дүйнөсүндөгү авторитеттер менен мамилеси кандай дегендей оперативдүү маалыматтарды топтоп иштеп жатабыз. Себеби бизге алардын байланышы, чөйрөсү, кылган иштери тууралуу кынтыксыз далилдер керек. Андан сырткары биз кылмыш топтордун мүчөлөрүн кайра башынан каттоого алып жатабыз, себеби мурда катталгандар арасында каза болгондор, башка өлкөнүн жарандыгын алып кетип калгандар, жаңы түзүлгөн топтор бар экен.

“Азаттык”: Милициядагы оперативдүү кызматкерлер соңку кездери “жаңы каралар” деген түшүнүк пайда болгонун, алар тактикасын өзгөртүп мурункудай күч, зомбулук менен эмес, “көңүлүндөн чыкканын, "хадия" бер” деп салык салышарын айтып жүрүшөт. Ушул тенденция тууралуу айтып бересизби? Мындай топтор көппү?

Малик Нурдинов: Бул мындан эки жылдай мурун пайда болгон. Өздөрүнчө “амир” шайлап, ошентип салык салганга аракет кылып көрүшкөн. Бирок кылмыш чөйрөсүндө таасир деген түшүнүк бар да. Алар ошондой таасирге ээ болуп, колдоо таба алышкан жок. Азыр андайларды жокко эсе деп айтса болот. Алар “түрмөлөрдө ушундай момун мусулмандар отурат, жардам берип койсоңор”, дегендей кичипейил мамиле жасап салык сала башташкан. Бирок бул көрүнүш азыр токтогон.

XS
SM
MD
LG