Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Апта: этек-жеңден алган “каралар” жана кризистер...


Кримдүйнөдө Женго деген каймана ат менен таанылган Кадыр Досонов.
Кримдүйнөдө Женго деген каймана ат менен таанылган Кадыр Досонов.

Узап бараткан жумада “Ата Мекен” фракциясы уюшкан кылмыштуулукка күрөштү талкуулады. Курулуш тармагына электр энергиясын берүүнү чектөө тармактын токтоп калуусуна алып келери эскертилди. Өкмөт келерки жылдын бюджетин жактырды.

20-августта “Ата Мекен” фракциясынын кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештеги жана жергиликтүү кеңештердеги кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн ысымдары аталып, аларды бийлик сересинен сүрүп чыгаруу талабы коюлду. Албетте, бул толук колдоого аларлык демилге. Бирок мындай аракеттер кандайдыр бир өнөктүк алдында активдешип, андан кийин унутта калып жатышы анын ийгиликтүү ишке ашарынан күмөн санатууда.

​Бул 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин криминалды "ийинине киргизебиз" деген КСДП, “Ата Мекен” фракцияларына кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү кирип алышынан, оор кылмыш боюнча айыпталган Эркинбек Мамбеталиев, кылмыштуу топтун лидери аталган Максат Абакиров, Азиз Батукаев, Кадыр Досонов, Камчы Көлбаев, Адилет Касеновдун ушул бийлик тушунда боштондукка чыгышынан тастыкталып турат.

Мына ошол кылмыш төбөлдөрүнүн боштондукка чыгышы менен, аларды саясатчылар кайрадан ыңгайына жараша пайдалана баштаганына, “Ата Мекендин” жыйынында моюнга алынгандай, Кара-Кече көмүр кени сыяктуу кирешелүү кендерде алда качан эле “каралардын” бийлиги өкүм сүрүп, ишкерлер “салык” төлөп калганы далил. Досонов болсо Ош шаарынын мэрин шайлоо күндөрү бошотулуп, оппозициялык мэр Мелис Мырзакматовду кызматтан четтетүүгө салымын кошкону ошол кезде эле айтылган.

Кримтөбөл Азис Батукаев.
Кримтөбөл Азис Батукаев.

“Ата Мекендин” кылмыштуу дүйнөгө каршы кезектеги согушу натыйжалуу болушу үчүн парламенттин, бийликтин жана коомчулуктун колдоосу керек. Бирок ал өнөктөш фракциялардан колдоо алуусу күмөн. Анткени КСДП жана “Ар-намыс” сыяктуу өнөктөштөр “Ата Мекендин” демилгесин биринчи кезекте күзгү сессия жана парламенттик шайлоо алдында саясий упай алуу максатындагы аракет катары баалашат. Ошого жараша мамиле жасашат. Кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүнүн парламентте отурушу да өзүнүн терс таасирин тийгизет. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө жол ача турган мыйзам, концепция, чечимдердин үч жылдан бери кабыл алынбай жатышынын бир себеби да ушул жакта жатканы айтылды.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов бул мыйзамдардын кабыл алынбай жатышы үчүн өкмөттүн аппаратын текшерип чыгуу керектигин айтып, буларга токтолду:

- Мына ошол мыйзамдын долбоору 2012-жылдан бери ар кандай жолдор менен токтолуп атат. 2013-жылы Жогорку Кеңешке киргизилген болчу. Анан кийин (өкмөт) өздөрү чакыртып алып, башка бирөөлөргө берип, экспертизадан өткөрүп, акыры быйыл илимий экспертиза керек деп, ошол жакка жөнөтүп жибериптир.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев бул мыйзам долбоору жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн концепциясы кабыл алынса, күч структураларынын өз ара координациясын жакшыртып, уюшкан кылмыштуулукка күрөштү жеңилдетет эле деген пикирин фракция жыйынында айтты. Бирок Өмүрбек Текебаев ички иштер министринин мыйзам кабыл алуудагы пассивдүүлүгүн сынга алды:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Өкмөт мүчөсү болгондон кийин өкмөт башчыга, вице-премьер-министрге, төрагага, фракция лидерлерине, элге чыгып, мына мыйзам алып келдик, тездетип кабыл алып бергиле, анча-мынча катасы болсо көзүңөрдү жуумп, кабыл алуунун жүрүшүндө оңдоп койгула деп айткан жоксуңар. Биз сиздерге күбөсү жок эле камап кое турган мыйзамдарды кабыл алып берет элек да. Карышкырдын алдына койду байлагандай кылып, бир бечараны алып келип, эртең ал (кылмышкер) чыгып кетсе, кандай кылам деп коркуп отургандан көрсөтмө бер деп зордогон тартиптин кереги жок.

Ички иштер министринин мурунку орун басары, азыркы кездеги оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийликтин коррупцияга да, кылмыштуулукка да каршы күрөш тууралуу сөз кылууга да моралдык акысы калбай калганын айтып, кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн мыйзамдар жетишсиз дегенди сынга алды:

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

- Мыйзамдар баары жетиштүү. Кыргызда “иштегиси келбеген кишиде шылтоо көп” деген сөз бар го. Ошондой болуп атат. Атамбаев баштаган бийлик жөн эле шылтоолорду айтып жатат да. Оппозицияда жүргөн кезде кылмыштуулукка, экономикалык көз боемочулукка, коррупцияга каршы күрөшүүгө демилге көтөрдүк элек. Ал ишке ашкан жок.

Бирок “Ата Мекен” фракциясынын көтөргөн демилгеси, чындыкты бийлик сересинен айтуусу коомчулукта талкуу жаратып, биринчи натыйжасын да берди. Чолпон-Атадагы ат майданга берилген кримтөбөлдүн атасы Асанбек Көлбаевдин ысымы алып салынды.

Эшик алдында турган энергетикалык кризис

Эшик босогосунда турган энергетикалык каатчылык өкмөттү көпчүлүккө жакпай турган кадамдарга барууга аргасыз кылууда. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев калкка кайрылуу менен чыгып, 3 фазаны үйдү жылытуу үчүн колдонууга, көңүл ачуучу мекемелерди, сауна, автожуугучтарды жылытууга, темир эритүүгө электр энергиясы чектелерин, жылытуу мезгилинде курулуш объекттерине ток берүү токтотуларын билдирди.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев быйыл электр энергиясына чектөө киргизилерин жана бул аргасыз кадам экенин айтып чыкты.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев быйыл электр энергиясына чектөө киргизилерин жана бул аргасыз кадам экенин айтып чыкты.

Буга удаалаш көп мезгилден бери талкууланып келаткан тариф саясатына да өзгөртүү киргизилди. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 21-августа жарыяланган чечимине ылайык, 1-сентябрдан тарта электр энергиясына тариф өзгөрмөй болду. Ага ылайык жалпы калкка бир киловатт саат электр энергиясы мурдагыдай эле 70 тыйындан, ал эми үч фаза колдонгондор 1 сом 20 тыйындан, калган керектөөчүлөр өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик мекемелер 1 сом 38 тыйындан төлөшөт.

Бирок керектөөчүлөрдү, өзгөчө курулушчуларды бул тармакка электр энергиясын берүү токтотулары тууралуу кабар түйшөлтүүдө. Кыргызстан куруучулар бирикмесинин башчысы, “Бишкек курулуш” компаниясынын жетекчиси Аскарбек Молдобаев электр энергиясынын берилбей калышынан улам миңдеген жумушсуздар пайда болуп, тармак трагедияга учурайт дейт:

- Курулушка электрди жалпысынан өчүрөбүз деп жатышат. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март беш ай электр берилбейт экен. Бул айларда баарын кетиребиз да. Курулуш токтосо, Канттагы цемент завод токтотулушу керек. Антпесе цементти кайда алып барат? Кыш, бетон заводдору токтотулушу керек. Бул деген чынжыр реакциясы да. Бишкекте эле 15-20 миң жумушчу көчөдө калат. Алар эле эмес башкалар да. Трагедия болот.

Аскарбек Молдобаевдин айтымында, Бишкекте эле 200гө чукул объекттин курулушу жүрүп жатса, алардын баары токтоп калышы күтүлөт.

Өкмөт электр энергиясын чектөөнү аргасыз кадам катары түшүндүрүп жатат. Чындыгында азыркы мезгилге карай Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 600 млн. кубметрдин тегерегинде суу топтолгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик төрт миллиард кубметрге аз. Мына ушундай абалда башка тармактарга чектөө киргизилип, бирок калкка чектөөлөр киргизилбесин энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирген. Бирок эксперттер аны төгүнгө чыгарып, азыркы кезде эле жалпы өчүрүүлөр орун алып жатканын айтууда. Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков:

- Мурдагы бийлик жалпы өчүрүүлөр болот, тезек камдагыла деген. Азыркы бийлик болсо өчүрүүлөр болбойт, авариялык учурларды гана эсепке албаганда деп жатат. Ошол эле өчүрүүлөрдү авариялык өчүрүү деп жатат. Ошондуктан бул сөздөр башка болгон менен мааниси бир. Баары бир өчүрүүлөр болот.

Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Эрнест Карыбековдун эсеби боюнча, Токтогулда 1-октябрга карай 12.5 млрд. куб. метр суу топтолсо, өчүрүүлөр менен 1-апрелге карай 6 млрд. куб. метр суу коротушу керек. Эгерде суу сактагычта 6 млрд. куб. метрден суу азайып кетсе, анда ГЭСтин жабдууларына коркунуч келе баштайт. Ошондуктан ага жол бербөө зарыл.

Энергетикалык каатчылыктан чыгуунун жолу газ боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүү жана Казакстан, Өзбекстандан электр энергиясын алып турууну макулдашуу экенин Карыбеков кошумчалады. Ал ошондой эле энергетикалык кризис келерки жылы да уланарын белгиледи. Өкмөт азырынча Казакстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым. Бул маселе парламенттин күзгү сессиясында кызуу талкууланары анык. 22-августа өкмөт парламент күзүндө карай турган дагы бир маселени карады. Ал өз жыйынында келерки жылдын бюджет долбоорун карап, жактырды. Эми долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Долбоордо республиканын 2015-жылдагы кирешеси 102 млрд. сом, чыгашасы 116 млрд. сом, тартыштык 14 млрд. сом болот деп саналган.

Ички дүң продукциянын өсүшү болсо 6% ашуун деп белгиленген. Быйылкы жылы да өсүш 6-7% тегерегинде болот деп болжолдонгон. Бирок экономиканын басаңдоосунан улам, ал көрсөткүч 3-4% төмөндөтүлдү. Ошондуктан Бажы биримдигине, Евразия экономикалык биримдигине кирип бараткан шартта Кыргызстан экономикасы келерки жылы 6% өсүштү камсыз кыларын так кесе айтуу кыйын. Өкмөт да бюджет долбоорунда Бажы биримдигине кирүүдөгү тобокелчиликтер эске алынбаганын моюнга алды. Ошондуктан бюджет долбоору дагы өзгөрүүлөргө туш болушу мүмкүн.

Келерки жылдын бюджетиндеги өзгөчөлүк болсо, анда УКМК, Коргоо, Ички иштер министрликтери жана Чек ара кызматынын бюджетинин ачык көрсөтүлбөгөнүндө.

Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бул күч структураларында коррупциянын өсүшүнө, коомчулуктун көзөмөлүнөн бул структуралардын чыгышына алып келет десе, Каржы министрлиги мамлекеттик сырга байланыштуу күч структураларынын бюджетин ачыкка чыгарбоо чечими кабыл алынганын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG