Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Өспүрүмдөр оор кылмышка шектелүүдө


Өткөн апта соңунда Бишкек жана Ош шаарларында эки аялды мыкаачылык менен өлтүрүү фактылары удаа катталды. Бири чоң энесин, экинчиси өз энесин өлтүргөн деген шек менен 17-18 жаштагы эки киши кармалды.

Үрөй учурган кылмыштын себептери менен кесепеттери ар кандай талкууланып жатат. Айрымдар муну үй-бүлөдөгү тарбия, эне-баланы ажыраткан миграция агымы менен байланыштырса, башкалары балдарды элдик педагогиканын негизинде өстүрүүгө мезгил келгенин айтышууда.

Алты миң сом үчүн кыйылган өмүр

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, 22-апрелде шаардагы батирлердин биринде 79 жаштагы аял киши колдуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында аялды өлтүрүүгө шектелип небереси, 17 жаштагы Тимур Рахманов жана анын 18 жаштагы эки досу кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморовдун "Азаттыкка" айтымында, алар үйгө акча уурдоо үчүн киришкен. Үйдөн 6 миң сом жана эки телефон, компьютер уурдап чыккан жаштар Ысык-Көлгө эс алууга багыт алган жеринен кармалышкан.

- Тергөө учурунда аялга бир нече ирет бычак сайып өлтүргөнү аныкталган. Кылмышка шектүү делип үч жаран кармалган. Азыр үчөөт тең камакта.

Эң өкүнүчтүүсү мындай жаман окуялар айылдагы, накта кыргыздык тарбияда чоңойгон балдар арасында болуп жатат.
Абдыкерим Муратов

Атасы Вячеславдын айтканына караганда кылмышка шектелип жаткан Тимур Рахманов асыранды бала экен. Аны алты жашында асырап алышканын, өз ара мамилелери жакшы эле болгонун "Азаттыкка" айтып берди. Айтымында, кылмышка шектүү Эл аралык университеттин алдындагы коллежге окууга тапшырып, начар окугандыктан коллежден чыгарылган экен. Буга чейин үйдөн ири суммадагы акча уурдап качып кеткени үчүн "үй камагында" болгонун айтат атасы Вячеслав. Баласы жасаган кылмышты ичкиликке байлады.

Үрөй учурган экинчи окуя Ошто катталды. Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылынын 18 жаштагы тургуну өз энесин мечиттин жанында тепкилеп өлтүргөн. Аялдын 13 кабыргасы сынган.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун белгилешинче, энесин өлтүрдү делген бала эки айга камалды.

- Туугандары ал бала акыркы убакта өзүн адекваттуу эмес, жин кирип кеткендей алып жүргөн деп көрсөтмө беришкен. Ошол күнү эртең менен "мен тазаланып келейин" деп мечитке жылаңач бойдон чуркап кеткен экен. Артынан мечитке барган апасын тепкилеп өлтүрүп коюптур. Атасы барганда кеч болуп калган экен. Азыр психико-медициналык экспертиза дайындалды, өзү эки айга камалды.

Тарбияга башкача мамиле

Кабыргасы сыздап, толгоо тартып төрөгөн энесин, там-туң баскан чакта эркелетип чайын берген чоң энесин өлтүргөн окуя коомчулукту бир силкип алгандай болду. Окуяны талкуулагандардын бир бөлүгү буга союз урагандан кийинки башаламан жана кайдыгер коомду күнөөлөсө, экинчи бөлүгү ата-эне, мектеп тарбиясы менен байланыштырып жатышат.

Акын жана жазуучу Меңди Мамазаирова эненин да, баланын да жоопкерчилигин жогорулатуу маселесин көтөрүүдө:

- Качан эле атасына, апасына кол салчу эле?! Бул бизде ыймандын, адептин, тарбиянын жоктугу. Балдарга берген тарбия жетишпей жатат. "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" дейт. Бир эле үйдө тарбиялай албайбыз. Экинчиден, мектеп, анан көчө чөйрөсү деген бар. Үч фактор бири-бири менен тыгыз байланышыш керек.

Жаштардын батыш маданиятынын терс жактарын сиңирип жатканын сындаган педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов балдарды элдик педагогиканын салттары менен тарбиялоону сунуштайт:

- Биз катталган окуяларды эле угуп калып жатабыз. Көбүнчө эл атасына, энесине кол салган көп көрүнүштөрдү чыгарбай басып коюп атышат. Азыр дүйнөлүк педагогика кризиске учурап турат. Ошондуктан балдарды элдик педагогика менен тарбиялашыбыз керек. Эң өкүнүчтүүсү мындай жаман окуялар айылдагы, накта кыргыздык тарбияда чоңойгон балдар арасында болуп жатат. Биздин педагогикабыз, жалпы билим берүү, тарбия берүү педагогикабыз батышка, Америкага ыңгайлашып калган. Ошондуктан кыргыздын өздүк салттарын киргизишибиз керек.

Өз кезегинде психологдор жаштар арасындагы кылмыштуулукка, балдарга, карыларга, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка коомчулуктун мамилеси да ушундай окуялардын утур-тетир катталышына жол берип жатканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG