Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Жаңы жыл алдында, кийин да Кыргызстандагы бир нече мектептин окуучулары ортосунда жаңжал чыгып, эки өспүрүм өмүр менен кош айтышты. Ага чейин да массалык мушташтар болуп,  бир нече окуучу жабыркаган.

Кийинки кезде өспүрүмдөр арасында мындай чыр-чатактардын тез-тез тутанып турушуна эмне себеп болуп жатат? Аны алдын алуу жана болтурбоо үчүн мамлекет, мектеп, ата-энелер жана коомчулук кандай чараларды көрүшү керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева, Улуттук илимдер академиясынын гуманизмди иликтеген улуу илимий кызматкери Токтоке Жумагулов жана “Альтернативаларды алга жылдыруу” коомдук уюмунун клиникалык психологу Перизат Асылбаева катышты.

“Азаттык”: Гүлшан айым, психологдордун иликтөөсү боюнча, өспүрүмдөр арасындагы агрессия же бири-бирин жек көрүүчүлүктүн эң башкы тамыры - татыксыз тарбия экен. Билим берүү министрлигинин ушул тармак боюнча иштеген жооптуу кызматкери катары сиз себебин эмнеден көрөсүз?

Гүлшан Абдылдаева: Биринчиден, бул баланын үй-бүлөдө көргөн тарбиясынын натыйжасы. Анткени бала тарбияны үй-бүлөдөн гана алат.

Азыркы турмуштун көйгөйүнөн улам ата-энелер балдарына таптакыр көңүл бурбай калышты. Ал эми мугалимдердин тарбия беришине 1990-жылдары тыюу салынган. Ага мугалимдер балдардын укугун басмырлап, зордук-зомбулук көрсөтүп жатат деген кинелер себеп болгон. Ошон үчүн мугалимдер окуучуга катуу сүйлөбөсүн, үстөмдүк кылбасын деген талаптар 2005-жылы мыйзамга киргизилип, тарбия берүүгө чек коюлган.

Тилекке каршы, мугалимдердин тарбия ишине дыкат киришпегендигинен, интернетте жана массалык маалымдоо каражаттарында зордук-зомбулук тууралуу маалыматтар көп болгондугунан улам балдардын көз карашы терс жакка өзгөрүлүп баратат.

Андан тышкары балдар зордук-зомбулук мүнөздү үй-бүлөсүнөн калыптандырып алып жатышат. Мисалы, өгөй ата, өгөй энелерди айтпай эле коёюн, өзүнүн эле атасы кол салган, энелери сабаган, бир туугандары кордогон учурлар көбөйүп кетти. Демек, мындай көрүнүштүн түпкү тамыры үй-бүлө.

“Азаттык”: Токтоке мырза, сиз көп жыл бою педагог болуп иштеп, гуманизмди иликтеп жүргөн адам катары өз көз карашыңызды айтсаңыз, балдар арасындагы агрессия коомдогу көрүнүштөрдүн туундусу болуп жатабы же жаран катары тарбиялоодо мамлекеттик деңгээлде калпыстыктын натыйжасын көрүп жатабызбы?

Токтоке Жумагулов: Бул жалпы коомдун оорусу, себеби кийинки кезде тарбияга таптакыр көңүл бурулбай калды. Бир эле мисал, мурда атайын педагогикалык жогорку окуу жайларында окутуучу гана эмес, педагог тарбиячы деген билим берилчү.

Тарбия оңой нерсе эмес, анын дагы өз мыйзам ченемдери бар. Конституциянын долбоору боюнча талкуу жүрүп жатканда мен өз демилгем менен министрликке атайын барып, тарбияны билим берүүдөн бөлүп коюу таптакыр туура эмес, деп кайрылгам. Анткени окутуунун башкы максаты – баланы жашоого тарбиялоо да. Мисалы, жапондор улуттук дух, европалык билим берүү деген система менен тарбиялайт. Натыйжада өлкөсү өнүгүп, элинин духу күчтүү.

Ал эми бизде ааламдашуу доорунда интернет, ММК аркылуу ар кандай жосун-жоруктарды көргөн балдарга мектепте алардын жаман-жакшысын айтпай, тарбия берген жери жок, сабагын берип кете беришет. Тарбияны кандай берүү ченемдерин мугалим билет, элдин баары эле тарбиячы эмес.

Угарман: Мен Ийри-Суу деген айылдан чалып жаткан 83 жаштагы карыямын. Билим берүүгө 1945-1955-жылдардагы ыкманы кайра киргизиш керек. Себеби азыркы билим берүүдө мугалимдердин да, окуучулардын да милдети аныкталбай калды. Мурун 4-7-9-классты бүткөндө мамлекеттик экзамен алынчу. Сыноодон өтпөй калгандар көчүрүлчү эмес жана балдардын тартиби каралчу, мугалимдердин да таалими бааланчу.

“Азаттык”: Гүлшан айым, мен өткөн жылы үч-төрт ай айыл жеринде болуп, мугалимдер, бала бакчанын кызматкерлери менен аңгелемелештим. Чынын айтсам, менин мугалим билим жана тарбия башаты деген көз карашым өзгөрдү. Көп мугалимдер, айрыкча жаштар, мугалимдик ишти келечек муунга билим берип, тарбиялайын деген жоопкерчилик менен эмес, эптеп иштеп айлык алайын, окууну бүтүп кетишкенден кийин эмне болсо ошо болсун деп иштеп жүрүшкөндөрүн көрүп, чочудум. Мындай улуттук деңгээлде коркунучту пайда кылган кырдаалдын алдын алуу зарыл го?

Гүлшан Абдылдаева: Токтоке агай туура айтып жатат, тарбия менен билим берүү эриш-аркак жүрүш керек. 2011-жылы бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, министрлик 2012-жылдан баштап тарбия боюнча окуу бөлүм башчы жана социалдык педагог кызматтарын кайра киргизген. Бирок, азыркы кезде үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйдү. Тарбиянын үч эле түрү бар. Алар үй-бүлөдөгү, мектептеги жана көчө тарбиясы. Эгер ата-эне менен мектеп тарбиялабаса, көчө тарбиялап кетет. Ал эми баланын жүрүш-турушу үй-бүлөдөгү тарбиянын күзгүсү.

Токтоке Жумагулов: Мен азыркы учурдун талабы менен улуттук тарбияны айкалыштыра беришибиз керек. Биздин улуттук тарбияны эске албасак, улуттук мүнөздү калыптандырбасак болбойт да.

“Азаттык”: Перизат айым, психолог катары бири-бирине бычак ала чуркаган балдардын көбөйүшүнө, эч кимден ыйбаа кылбай, жоопкерчиликтен коркпой жатышына эмне себеп жана мындай мүнөздү токтотуу учүн эмне кылышыбыз керек?

П.ризат Асылбаева: Биринчиден, өспүрүмдөрдүн курактык өзгөчөлүгү болот. Алардын бойлору өсүп, өздөрүнө чоң кишилердей мамилени күтүшөт, алардын пикири менен эсептешүүнү каалап калышат. Эгер ата-энелери же мугалимдери буйрук бергендей сүйлөшүп мамиле кыла беришсе мүнөзү бузула боло баштайт. Алар ата-энелеринин же мугалимдеринин тилин укпай, тескерисинче теңтуштарынын сөзүн угушат.

“Азаттык”: Перизат айым, психологиядагы илимий изилдөөлөр агрессивдүү өспүрүмдөр зордукчул мүнөздү үй-бүлөсүнөн алат, ошон үчүн өздөрүн эч качан агрессивдүү деп эсептешпейт, алардын мүнөзүн өзгөртүү үчүн психологиялык оюндар жана сырдашуулар зарыл, деген бүтүмгө келишкен. Демек, Кыргызстандагы ар бир мектепке психолог зарылбы?

Перизат Асылбаева: Ооба, ар бир мектепте психолог оюндарды өткөрсө балдар арасында биримдик күчтүү болот. Анан балдар интернеттеги зордук-зомбулукту көргөн сайын өздөрүн ошондой элестетип, өздөрүн күчтүү көрсөткүлөрү келип жатышат. Балдарынын мындай мүнөзүн ата-энелер байкап, акырын жөнгө салбаган учурда мүнөзүн көчөдөн чыгаргысы келет. Ошон үчүн мыйзамга ата-эненин милдети менен укугунан тышкары жоопкерчилигин да киргизүү зарыл болуп турат. Мисалы, акыркы окуя түнкү саат экиде болду. Түнкү экиде баласы кайда жүргөнүн ата-эне эмне үчүн тескебейт?

Токтоке Жумагулов: Мен сизге макул эмесмин. Биз мыйзам менен кырдаалды оңдой албайбыз. Ата-эненин баары эле тарбиячы эмес. Бул милдетти эң ириде мугалим алышы керек. Анткени, мугалим өзү психолог, өзү педагог. Ал үчүн мамлекет мугалимге гана жакшы көңүл буруп, иштешине жакшы шарт түзүшү керек. Ошондо мугалим ар бир окуучуга жеке мамиле жасап, кайдыгер карабай калат. Андан тышкары ММК идеологияны жакшыртып, тарбиялоого абдан жакшы көңүл бурушубуз керек. Эң башкысы - тарбияны тарбияланган адам гана жүргүзүшү керек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG