Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:35

Эгемендиктин 20 жылдык мааракесине тушташ Бишкекте Манас баатырдын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылары күтүлүүдө. Бирок коомчулуктун бул маданий долбоорлор шашылыш ишке ашырылып жатат деп эсептеген өкүлдөрү азыркы бийликтин аракетин сынга алышууда.

Президенттин кеңешчиси, Эгемендиктин 20 жылдыгын, Курманжан датканын 200 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча дирекциянын башчысы Султан Раев бул боюнча “Азаттыкттын” айрым суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: Кыргызстан эгемендиктин 20 жылдыгын белгилөө алдында турат. Эсибизде, эгемендиктин 10 жылдыгын белгилөө алдында да жакында алынган эстелик мурда турган Ленин эстелигинин ордуна шашылыш орнотулган эле. Азыркы сиздердин долбоорго карата коомчулукта сын-пикирлер айтылып жатат. Аны шашып даярдаган жоксуздарбы?

Раев: Бул жерде шашып деген сөз шарттуу болушу мүмкүн. Бирок бул идея элибизде 3-4 жылдан бери эле жүрөт, баарыбыз буга даяр болгонбуз. Бирок Айкөл Манас боюнча, Айтматов боюнча скульптуралык эмгектерди комиссия караган. Бизде ачык конкурс, жабык конкурс болот, анан мамлекеттик буюртма деген да болот. Жабык конкурста Айкөл Манаска ондон ашуун эстеликтер, Айтматовго байланыштуу 15ке жакын эмгектер коюлган. Айтматовдун эстелигин жеңип алган Ажыбек Садиевдин бир скульптурасынын 3 эмгеги коюлган, бирөө отуруп турган, экөө туруп турган.

Комиссиянын мүчөлөрү Айтматовдун туруп турган эстелигин жактырып, ошону кабыл алышты. Айкөл Манастын эстелигинин автору - Базарбек Сыдыков. Бул киши Кожомкулдун эстелигин жасаган, ошондой эле Москвага коюла турган Манастын айкелинин да авторлорунун бири. Бул скульптура өнөрү боюнча белгилүү жана таланттуу скульптор. Ажыбек Садиев болсо Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

«Азаттык»: Бизге белгилүү болгондой чыгармачыл чөйрөдө, ошол эле эстелик жасаган биздин адистердин арасында бири-бирин сындоо жогору эмеспи. Бир айдан кийин эстеликти ачасыздар, ачылгандан кийин сындап чыгуу болбойбу, кайра ал эстеликтерди алмаштырууга туура келбейби?

Раев: Чыгармачылыкта өтө идеалдуу нерсе болбойт. Ар бир нерседен кемчилик табабыз. Лев Толстойдун «Тынчтык жана согуш» романынан деле кемчилик тапкандар болот. Бирок бул жерде эч кынтыксыз, 5 млн. элге жаккан эстелик болот деген ойдон алыспыз. Бирок Манастын улуулугун, айкөлдүгүн туюнткан, Манастын улуу духун чагылдырган нерселер бар. Бул бир гана биздин чыгармачыл чөйрөдө талкууланган жок, Москвада атактуу Новиков, Железновго окшогон чоң скульпторлор келип, бул маселени карап чыгышты. Алар биздин авторлордун эмгегине чыгармачылык жактан жогору баа беришти. Жасап атканда дагы чоң эксперттик комиссия болот.

«Азаттык»: Айтылып жаткан сындардын кайсынысын жүйөөлү, же жүйөөсүз деп эсептейсиз?

Раев: Сын айтылып жаткандыгы эң жакшы. Себеби кыргыздын улуу инсандары Айкөл Манаска, Чыңгыз Айтматовго тургузулуп аткан эстеликтерге элибиздин кайдыгер эместиги. Манас ар бир адамдын өзүнүн оюнда, дүйнө таанымында, кабылдоосунда жашайт. Биз ошондой Манасты көргүбүз келет, идеалдуу Манасты туйгубуз келет. Ошол сындардын көпчүлүгүн биз да эске алып, иштин оң жагдайына пайдаланууга аракет жасап атабыз.

«Азаттык»: Бюджет таңкыс болуп жатканда, каражат жок учурда бул керек эмес эле, шашылбаш керек эле дегендер да чыгып жатпайбы. Каражат жагын кантип чечтиңиздер?

Раев: Көпчүлүктү каражат маселеси тынчсыздандырып атат. Азыркы күндө экономикалык кыйнчылыктарды өткөрүп атабыз. Жалпысынан эки эстеликке 28 млн. талап кылынып атат. Анын дээрлигин элден, көбүн демөөрчүлөрдөн алып атабыз.

«Азаттык»: Элден чогултуп атасыңарбы?

Раев: Элден чогулткан жокпуз, эл өзү берип атат, беш жашар Манас айткан Максат деген бала атасы менен келип миң сом бериптир, “Айкөл Манас атамдын эстелиги туруп атыптыр, биздин үй-бүлөдөн кошумча”, - деп. Башка кесипте иштеп аткандар, чет элде иштеп аткан биздин диаспоралар, Америкада жашап аткандар, бардыгынын сезимин ойготуп аткан нерсе болуп атат, “биздин мекенибизде улуу иш болуп атыптыр, биз дагы кошумчабызды кошобуз”, - деп телефон чалып, эсеп-кысабын сурап аткандар көп болуп атат.

Бишкек шаарындагы чоң-чоң фирмалар алды 5 млн. сомдон которуп атышат. Бирөөнүн колун бурап, төгөсүң деген эч ким жок. Албетте кайрылып атабыз. Бул биздин Кыргызстанда эле ойлоп табылган нерсе эмес, бардык мамлекеттерде ошондой. Америкада деле коюлган нерсенин 80 пайызы демөөрчүлөрдүн акчасы менен бүтөт, компаниялар колдойт. Ошол салтты биз деле жайылтып атабыз. Мамлекетте иштеп аткандан кийин мамлекеттик иш-чаралардан эч ким сыртта болбош керек. Муну туура түшүнүш керек. Бул демилгенин, чыныгы көңүлдүн иши.

«Азаттык»: Демек 31-августта эл эртең менен күбө болушат да эки эстеликтин ачылышына?

Раев: Кудай буюрса, 31-августта эгемендик күнүнө карата улуу эстеликтерди тургузуп алсак деген ниетибиз, жакшы оюбуз, жакшы тилегибиз бар, ушул тилектердин бардыгы элибиз менен бир болсун деген ниетибиз бар.

«Азаттык»: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG