Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Айтылуу төкмө Аалы Туткучев менен таанымал обончу Сыймык Бейшекеев ушул айда Европаны диалог жана достук сапары менен кыдырып, журтташтарыбызга өнөрлөрүн тартуулап кеткен эле. Алар Прагага келген учурда Аалы акын менен капыл-тапыл баарлашып калганга үлгүрдүк.

- Аалы, бир канча күн Европа өлкөлөрүн кыдырып, ушул жактагы кыргыздар менен жолугушууларды өткөрүп, өнөрүңөрдү тартуулап чыктыңар. Европадагы журтташтар кыргыз маданиятынын бир бутагы болгон төкмөлүк өнөрдү кандай кабыл алышты?

- Европадагы журтташтарыбыз бир канча жылдап башка элдин, башка маданияттын арасында жүрсө да кыргыз экенин унутпаганы мени өзгөчө сүйүнттү. Көчөдө жүрсөң Европа, анан бир журтташыбыздын үйүнүн босогосун аттасаң эле Кыргызстанда жүргөндөй болосуң. Анткени маселен, кыргызга тиешелүү менин үйүмдө жок нерселер бул жактагы журтташтарыбыздын үйүндө бар экен. Биз мекенде жүрүп, балким туунун баркын билбей жаткандарбыз. Бул жакта ар бир кыргыздын үйүнө кирсең кыргыз туусу турат. Туу таппагандары жок дегенде сүрөтүн болсо да илип, улутка тиешелүү нерселерди үйүнө сактап, балдарын ошону менен тарбиялоого аракет кылып жатканы кубантты.

- Айтышат элем дегендер чыккан жокпу?

- Андайлар болгон жок, бирок сүйүнүп аябай жакшы кабыл алышты. "Буга чейин деле Кыргызстандан эстрада ырчылары келип, өнөрлөрүн тартуулап кетчү, бирок силердики өзгөчө болду. Алар музыканын чегинен чыга албай, ырдап-ырдап тим болсо, силер маңдай-тескей отуруп ырдаганча эл менен сүйлөшөт экенсиңер, керек болсо биздин суроолорго жараша ырдап берет экенисңер, ошол өзгөчө болду. Биз да демейдегидей угуп эле кетип калбай, ичибиздегини айтып, сагынычты таратып алдык", - дешти.

- ЮНЕСКО былтыр кыргыз менен казактын айтыш өнөрүн материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени белгилүү. Айтыш же кыргыз-казак элинде кеңири тараган төкмө акындардын ыр таймашы бул эки элде тең соңку убакта кыйла жанданып, төкмө акындардын жаңы мууну өсүп чыкты. Алардын алдыңкы сабында сиз да турасыз. Ушул төкмөлүк өнөрдүн азыркы абалын кандай бааласак болот?

Кээде бийликтегилерди мактап ырдагыла деген сунуштар да болуп калат. Биз болсо ооба деп коюп эле, эл алдына чыкканда өз оюбузду төгүп киребиз. Эгер бирөөнүн айтканы менен ырдасак эл бизди укпайт коет эле. Андай арзыматчылыкка жол бербейбиз...

- Азыркыга баа бериш үчүн мурдагысын карашыбыз керек албетте. Мурда бизде төкмө акын десе башында тебетей, жонунда чапаны бар, жай басып келип, сахнада ырдаган аксакал киши деп элестетишчү. Анан жаш жигиттер чыкса "жаштар да ушинтип төгө алабы" деген таң калуу бар эле. Жаштар айтыштарга келчү эмес, зал да толбойт эле. Азыр ал пикир өзгөрдү. Жаш төкмөлөр чыгып жаткандыктан алардын достору бири-бирин жетелеп бара баштады. Асылдар асылдыгына кайтыш керек дегендей ортодогу 70 жылдык аралыкта жок болуу коркунучуна тушуккан өнөр кайра жанданып, өз ордун таап баратат.

Өткөндө филармонияда чоң айтыш болуп, ага өкмөт башчы баштаган жетекчилер да катышты. Анда биз элдин көйгөйүн, филармониянын көйгөйүн да ырга сала кеттик эле. Ошондон кийин көңүл бурулуп, филармонияга, театрларга автобустар берилди, артисттердин айлыктары каралып жатат. Демек акындын сөзү менен жетекчилер эсептеше баштаганы - бул өнөрдүн өскөнүнүн белгиси.

- Кыргыз байыртан эле сөз барктаган, таамай айтылган сөзгө, ырга маани берип келген эл. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген сөз калган байыркы бабалардан. Азыркы тил менен айтканда сөз эркиндиги, ой эркиндиги деген демократия баалуулуктарына кыргыз мурдатан эле баа берип, бул айрыкча төкмөлүктө, айтышта айкын болуп келген экен азыр өткөнгө абай салсак. Зулум бийлерди, калыстыгы жок башкаруучуларды ачык сындап келген акындар болгон. Бул нерсе күнү бүгүнгө чейин уланууда. Ошол эле кезде бий-байларды ашкере мактаган кошоматчы эшик ырчы, арзыматтар да болуп келген. Ошондон чыгармачыл чөйрөдө, жазмакерлер арасында "арзыматчылык" деген лакап да чыккан. Төкмөлөр ортосунда мындай анча ачык көрүнбөгөн нерсе азыр да байкалабы? Бийликтин ырчысы, эшик ырчы дегендей...

Кошуна Казакстанга барганда биздеги эркиндиктин барк-баасы өзгөчө байкалат. "Бизди сындабагыла, сындачу болсоңор ырдап аткан жериңерден токтотобуз", - деп акмалап турушат...

- Жок, бизде андай нерсе байкалбайт. Бул нерсе кошуна өлкөлөрдө болушу мүмкүн, анткени ал жакта басым-кысым күчтүү. Бизде эркиндик, ар ким каалаганын ырдайт. Ошентсе да бирөөнү мактап, бир тарапка ооп кеткендер жокко эсе. Кыскасы андай арзыматчылыкка жол бербейбиз.

- Ошентсе да бийлик башындагыларды мактап ырдагыла деген сунуштар да болуп турса керек баары бир?

- Андай сунуштар да кээде болуп калат. Биз болсо ооба деп коюп эле, эл алдына чыкканда өз оюбузду төгүп киребиз. Оюбуздагыны ачык айткан үчүн элдин көөдөнүнөн орун таап келатабыз. Эгер бирөөнүн айтканы, ою менен ырдасак эл бизди укпайт эле.

- Айтыш учурларында бийлик башындагыларга карата чымчым сөздөр, же ачык эле сындаган саптар да чыгып кетет. Бул үчүн кийин бийлик тараптан басмырлоо, кысмактоо сыяктуу көрүнүштөргө кабылган учурлар барбы төкмөлөр арасында?

- Андай учурлар деле болгон. Бирок болот чапкан сайын курчугандай, андай нерселер акындарды кайра курчутат. Эгер антип кысмактаса ого бетер курчутуп аларын бийлик башындагылар деле билсе керек. "Сен мүдүрүлгөн жерден ийгилигим бүттү деп ойлобо, тескерисинче ошол жерлден ийгилигиң башталышы мүмкүн" деген сөз бар го...

- Ошол ачык, таамай айтылган сын саптар телекөрсөтүүлөр аркылуу калың элге жетеби жок дегенде?

- Тилекке каршы, андай саптардын көбү калың элге жетпей, телекөрсөтүүдө кесилип калган учурлар болот. Мен жакында “Кыркылган ырлар” деген бир китеп чыгарып, ага жалаң ошол эфирден кетпей кыркылып калган ырлардын топтомун киргизсем деген ойдо жүрөм.

- Кошуна Казакстанга да айтышка көп барып жүрөсүңөр. Аларга барганда биздегиден айырма байкалабы, эркиндик, ачыктык жагынан?

- Сөзсүз байкалат. Кошуна казак акындары ичиндегисин ачык айта албай калганын көп эле байкап жүрөбүз. Көшөгө артында сүйлөшө калганда: "Биз ачык айтчу нерсени айта албай, кийинки урпактардын алдында карыз болуп калып жатабыз, булардын баары ачык айтылыш керек эле", - деп өз ара кейип калышат. Андай ачык айтам деген акындар айыл-айылында калып, чоң айтыштарга атайын тандалган акындардын тобу гана катышып калат.

- Кыргызстандан барган акындарга да "биздин бийликти сындабагыла" деген талап болсо керек анда?

- Сөзсүз болот. "Какыраган чөлгө Астана деген калаа курдук, аны мактагыла. Ата-бабабыз алып бербеген экриндикти Назарбаев алып берди, муну мактагыла. Эгер кемчилигибизди айтып, сындачу болсоңор ырдап аткан жериңерден токтотуп коебуз", - деп эскертип турушат. Айткандай эле бир жолу Жеңишбек акынды ошентип токтотуп коюшкан.

- Бирок казак президенти Нурсултан Назарбаев төкмөлүк өнөргө өзгөчө баа берип, өзгөчө мамиле жасаганын угуп жүрөбүз. А түгүл “кайсы акимдин кандай иштеп жатканын акындардан угам” деп айтканы бар дейт, ушул сөздүн чын-төгүнүн байкай алдыңарбы?

- Биз муну Нурсултан Назарбаевдин өз оозунан укпадык. Бирок казак акындарынан укканыбызга караганда ал чын экен. Бир канча жыл мурда Орол калаасына айтышка барып калдык. Казак-кыргыз кошулганда 23 акын элек. Нургаалы деген акими баарыбызды кабыл алып, белек-бечкегин берген соң: “Айланайын акындар, абайлап ырдасаңарчы. Силер сындай берип, орун басарымды жети жолу алмаштырдым", - деп айткан эле. Демек аларда акимдер акындарды колго алып, керек болсо ошол акындар акимдин жаманын жашырып, жакшысын ашырып турат.

- Эми Кыргызстандагы азыркы абалды төрт-беш сап менен кыскача сүрөттөп берип койбойсузбу, комуз жок болсо да Барпы акынчасынан...

- Макул анда, Барпы акынчасынан төксө төгүп берейин...

Аалы акындын бул саптарын жана толук маекти бул жерден угуңуз

Бука минген калтырбаш

Аалы акындан азыноолак тамаша. (Прагадагы концерттен бир үзүм, февраль, 2016.)

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG