Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Маданий каракчылар көбөйдү


Бишкекте “Маданий каракчылыкка жол жок!” аттуу акция өттү.

“Салам, Нью-Йорк” тасмасы аркылуу таанылган жаш кинорежиссер Руслан Акун таман акы, маңдай тер менен тапкан эмгегин пираттарга, башкача айтканда маданий каракчыларга тарттырып ийип, 300 миң сомго жакын чыгым тарткан. Мындай мисалдар Кыргызстандын чыгармачыл дүйнөсүндө ондоп саналат.

27-сентябрда Бишкекте пираттарга каршы “Каракчылыкка жол жок” аттуу акция өттү. Иш-чараны Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызмат демилгелеп, чыгармачыл адамдар сүрөөнгө алышты.

"Салам, Нью-Йорк" тасмасынан бир көрүнүш (оңдо Руслан Акун)
"Салам, Нью-Йорк" тасмасынан бир көрүнүш (оңдо Руслан Акун)
“Каракчылыкка жол жок” акциясы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен оңой олжо тапкандарга каршы күрөшүүнү көздөйт.

Интеллектуалдык менчик боюнча кызматтын статс-катчысы Жапаркул Ташиев каракчылыкты бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү да ооздуктай албай жатат деген пикирде:

- Маданий каракчылык өнүккөн өлкөлөрдө да жайылып барат. Азыркы тапта каракчылык бир гана базарларда эмес, интернетте да гүлдөп-өсүп жатат. Миллиарддаган файлдар уурдалып, бекер жарыяланып келет. Биз буга карабай Каржы полициясы менен биргеликте күрөштү күчөтүп жатабыз. Контрафакттык товарларды экспертизадан өткөрүп, практикалык жол менен күрөшүп жатабыз.

Ал эми кинорежиссер Руслан Акун концерт менен коштолгон акция менен эле каракчылык токтоп калбайт деген пикирде. Анын айтымында, каракчылыкка каршы мыйзамдарды кабыл алып, аларга катаал чараларды колдонуш керек.

- Каракчылыкка каршы Кыргызпатент менен Каржы полициясы бирге күрөшүш керек. Мындай иш-чаралар да кандайдыр бир деңгээлде жардам берет. Эң оболу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, каракчылык тууралуу маалымат беришибиз керек.

Чет мамлекеттерде каракчылык менен үзгүлтүксүз күрөшүп келишет
Чет мамлекеттерде каракчылык менен үзгүлтүксүз күрөшүп келишет
Маданий каракчыларга каршы кандай жаза каралган деген суроо менен Каржы полициясынын бөлүм башчысы Таалай Сатыбалдиевге кайрылдык.

- 150-беренеге ылайык каракчыларга 3 миң сомдон 5 сомго чейин айып пул салабыз. Бирок бул өтө эле аз. Айыпты төлөп коюп кайра эле чыгармаларды уурдай беришет. Биз азыр пираттарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз.

Эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева чыгармачыл адамдар белгилүү болуш үчүн дисктерин атайын эле пираттар аркылуу таратарын жашырбайт.

- Ырчылар ырларын, клиптерин элге таратыш үчүн пираттарга эле беришет. Бул мода болуп калган. Бирок элге таратуунун цивилдүү деле жолу бар. Мен негизи дисктеримди лицензиясы менен чыгарам. Кээде мен деле дисктердин жасалмасын алам. Анткени дүкөндөрдөн айрым уруксат кагазы бар тасмаларды табыш кыйын. Бирок көп учурда кымбатына карабай лицензиясы бар дисктерди алам жана көргөндө ырахат алам.

Каржы полициясынын маалыматына таянсак, жыл башынан бери өлкөдө 20 миңден ашуун уурдалган компакт-диск табылган. "Ош", "Дордой" сыяктуу базарларда дисктердин баасы 35 сом болсо, уруксат кагазы менен чыгарылган дисктер атайын дүкөндөрдө 300 сомдон 500 сомго чейин.

XS
SM
MD
LG