Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

“Китептер окулбай, эл руханий жактан аксап турат”, - деген Эл акыны, Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов 28-ноябрда 60 жылдык мааракесин белгиледи.

Эгер келсең бул дүйнөгө өрт менен,
Турмуш эмне, кийим эмне көрктөгөн.
Чоң максаттын аркасынан безип кет,
Канат жайып жүрөгүңдү көктөгөн.

Башкаларга кызыл камчы салдырбай,
Жашап өткүн аз өмүрдө кайгырбай,
Жакшы ырларды жазып аны жүрөгүң,
Калса мейли колго алгыс калбырдай.


Бул ыр саптары Эгемберди Эрматовго таандык.

Акындын айтымында, мамлекет эгемендик алып, базар экономикасы үстөмдүк кылган маалда акын, жазуучулар үчүн оор кезең болду.

- Акыркы кезде кыргыз адабияты жакшы үгүт-насаатталбай калды. Акын, жазуучулардын чыгармалары чыкпай калды. Бүгүнкү күндөгү статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ар бир жаран 30 тыйындын деңгээлинде бир жылда бир китеп окуйт экен. Бул болсо "кыргыз китеп окубай калды" деген сөз. Бишкекте бир эле китеп дүкөнү калды. Башка өлкө аймагында китеп дүкөндөрү жок болду. Демек биз китеп окубай калдык. Рухий деградацияга кетип баратабыз.

Турмуштун оордугунан Эгемберди Эрматов 2000-жылдары Бишкектеги иштерин жыйыштырып, Кадамжай районундагы Көк-Талаа деген айылдан 2 гектар жер үлүшүн алып дыйканчылыкка өтөт.

- Союз ыдырап, "эгемендик алдык" деп эйфорияда жашап жаткан маалда биздин акын, жазуучулар, жалпы чыгармачыл адамдар абдан кыйын абалда калды. Биздин китептер басмадан чыкпай калды, журналдарыбыз токтоду. Мезгилдүү басма сөз каражаттары биздин чыгармаларды баспай калды. Ошондуктан Бишкекте абдан кыйынчылык өкүм сүрүп турган маалда мен өзүмдү аман алып калыш үчүн, балдарымдын ден соолугун сактап калыш үчүн айылга кеттим. Айылдан үлүш жер алып, ошол жерде өзүбүздү-өзүбүз багып жүрдүк.

Эл акыны ал жерде дыйканчылык менен кошо чыгармачылыгын да арттырып, мыкты ырларды жазганын белгиледи:

- Мен айылга барганда чыгармаларымдын негизгилерин жаздым. “Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү дастан”, “Исфайрам авазы” деген жыйнагымды, “Заманкайрык” деген ырлар жыйнагымды чыгардым. Ошондой эле айылда жүргөндө чыгыш элдеринин бүтүндөй улуу акындарынын чыгармаларын системалуу түрдө котордум. Ошону “Чыгыш эл адабияты” деп, окуу хрестоматия кылып чыгардым. Анан Низами Гянжавинин “Жети сулуу” чоң дастанын, Кулкожо Ахмат Яссавинин бардык хикметтерин котордум.

Эгемберди Эрматов Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтта окутуучу болуп иштеп, “Кыргыз тил жана адабияты” кафедрасын жетектейт. Өткөн жылы парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ага "акындык оор бекен, же депутаттыкбы?" деген суроо узаттым:

- Депутаттык кыйын экен. Себеби мен акындыкка өмүр бою даярданып, өмүр бою ошонун артынан келе жаттым эле. Саясатка түздөн-түз аралашкан эмесмин. Мына азыр саясатка аралашып, чыгармачылык тараптан бир топ кыйынчылык болуп жатат. Ал эми саясат менен адабият түпкүлүгү бирдей эле. Себеби дүйнөдө мен деген улуу жазуучулардын чыгармаларын окусаң алардын бардыгы саясатка кыйыр же түз түрүндө таасирин тийгизген. Алар көркөм сөз менен айтса, саясатчылар чечендик, публицистикалык стил менен айтышат.

Эрматовдун ырларына айтылуу композиторлор Жумамүдүн Шералиев, Рыспай Абдыкадыров, Мурат Бегалиев, Аскар Карыбаев ондогон обон жазышкан.

Ал 1951-жылы 10-июлда Кадамжай айылындагы Пум айылында жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Горький атындагы адабият институтун аяктаган. “Кыргызстан маданияты”, “Кыргыз руху” гезиттеринде, “Тулпар”, “Мурас” журналдарында адабий кызматкер болуп иштеген.

Кыргыз Эл акыны, Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматовдун 60 жылдык мааракеси Улуттук филармонияда 28-ноябрда белгиленди.
XS
SM
MD
LG