Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

"Миң кырдуу дүйнө" түрмөгүндө бул жолу атактуу француз сүрөтчүсү Пол Гогендин руханий дөөлөтү, кыргыз поэзиясындагы живопись тууралуу сөз болот.





Поль Гогендин койуу боёктор менен тартылган шайыдай түркүн түс эмгектери бүгүн алтындан да кымбат бааланат. Устат жыгачтан сомдогон “Таитилик кызы” 3-майда Нью-Йоркто 11, 3 миллион
Колдорун сунуп салган
Ак чардак канатындай...
Аягын өбөт толкун
Кумары такыр канбай...
Э. Эрматов

долларга сатылды. Бул постимпровиссионисттер мектебинин алптарынын бири эсептелген сүрөткердин кымбат сатылган сегизинчи эмгеги болду. 2004-жылы анын “Энелик II” деп аталган полотносун белгисиз кардар 39, 2 миллион долларга сатып алган.

Парижден Таитиге атак издеп...

Гоген таитилик кыздын жыгач бюстуну 1994-жылы сынчы-коллекционер Жан Долендин 10 жашар кызына Гаитиден ала келген табериги катары берип жатканда жөнөкөй куурчактай көргөндүр. Бирок жарды жашаганына карабай өзүн улуу талант деп билген кылкалем эмгектери түбөлүккө каларына эч качан күмөн санаган эмес. “Мен улуу художник экенимди билем”, -деп жазат Поль Гоген 1892-жылы аялына.

Тынч океандын түштүгүндөгү Полинезия аралдары, тагыраак айтканда Таити – Париждин казандай кайнаган жашоосунан тажаган, аты буржуйлар жана өнөр адамдары арасында белгилүү, бирок супарасы курук сүрөткердин кыялында адам менен табият жуурулуша жашаган бейиштин төрүндөй болгон. Гоген 1891-жылы сүрөттөрүн аукциондон сатып, жолкирелик акча топтоп алып, Таитиге жүрүп кетет. Гогендин бул кадамы - Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин айтышынча, анын чыгармачылыгы үчүн абдан үзүрлүү болду:

- Ал Франциядан Таитиге качып баргандан кийин тарткан фольклордук мазмундагы терең философиялык чыгармаларында Полинезиянын жаратылышын, жергиликтүү элдин образын жаратып, ал эмгектери аркылуу бүт дүйнөгө өзүн тааныттырды.

Жашы кырктан оогон Поль Гоген Таити аралында жапайы жана берекелүү жаратылыштын койнунда эркин жашаган, өңдөрү кыргыздардай күнгө бышкан чымыр дене, мүчөлүү аялдардын керемет сүрөттөрүн тартат. Табияты турмуштук эрежеге сыйбаган, эксперименттен коркпогон таланттын бул мезгилге таандык сүрөттөрү шайы-атластай ачык боёктор менен тартылып, декоративдик панного да окшоп кетет. Полинезиянын жаратылышы, эли Поль Гогендин ички дүйнөсүнө жана чыгармачылыгына чоң таасир эткенин Бишкектеги Сүрөт академиясынын живопись факультетинин башчысы, доцент Сүйүтбек Төрөбеков да белгиледи:

- Поль Гоген Полинезияга барганда өзүнүн чыгармачылык жүзүн тапкан. Океан койнундагы арал адам колу тийбеген кадимки баштапкы абалында болчу. Сүрөтчү айлана-чөйрө менен таза мамиледе жашаган аралдагы адамдар менен камыр-жумур жуурулушуп, алардын жаратылышын өз эмгектеринде берди. Мына ошол цивилизациядан алыс дүйнө Поль Гогенге жагып, бүт өмүрүн ошол жакка арнап иштеди.

“Кыз жатат күн кактап денесин, ов”

Поль Гогендин “Сен кызганасыңбы?” деген эмгегинде күнгө кызыган кумда жүрөгүн туйлаткан сырларын бөлүшүп отурган эже-сиңдилердин тунжурап ойлонуп калган абалын чагылдырса, “Арбактардын руху козголгондо” деп аталган сүрөттөн татуу уйкудагы сулууну табигый
Поль Гоген. "Падышанын аялы".
абалында көрөбүз. Бул айтылган жана “Биз кайдан келдик? Биз кимбиз? Биз кайда баратабыз?”, ошондой эле “Таити пасторалы” деп аталган сүрөттөрдөгү жылаңач же жарым жылаңач аялдардын бейкуттугун сыдырым жел гана бузбаса, деги жөн адам бузганга даап барчудай эмес?!

Акын Эгемберди Эрматов “Кыз жатат күн кактап денесин, ов” деген ырын Пол Гогендин “О, Таити”, “Эч качан”, “Сен кызганасыңбы” деген полотнолорунун таасири астында жазылгандай.

Кыз жатат күн кактап денесин, ов!
Эшилет кум жээкте. Деңиз туйлайт.
Чачтары тарам-тарам
Чачылып калган кумда.
Тирсейген көкүрөгү-
жанаша пирамида!
Колдорун сунуп салган
Ак чардак канатындай...
Аягын өбөт толкун
Кумары такыр канбай.
...Деңизге учуп кетеби деп
кокустан чочуп кетсе,
отурам коркуп жылбай
сопойгон таш үстүндө.

Париждин күжүлдөгөн жашоосунан качкан Пол Гоген Таитиде жанына лаззат берген дүйнөнү жана өз табиятын тапкан. Аралдын жаратылышы жана эли Сүйүтбек Төрөбеков айткандай, сүрөтчү кыялында тартып жүргөн дүйнөнүн картинасына дал келет:

-Таитиликтердин өңү-түсү, аралдын табиятынын бойоктору Поль Гоген ойлоп жүргөн картина-образдарга тушма-туш келип, баары анын оюндагыдай болот. Таитидеги жылдары анын таланты ташкындап турган мезгил болду. Парижде Ван Гог менен жүргөндө сүрөттөрү да сатылбай, бир топ кыйналса, Таитиде сүрөтүм сатылабы же жокпу деп ойлогон эмес. Таитиликтер аны үйлөнтүп, ал каалагандай жашаган. Ички дүйнөсү ачылып, көңүлү куунак жана жыргап жүрөт. Натыйжада, сүрөттөрү да ошондой маанайды чагылдырат.

Гоген, Төрөбеков, Чокморов...

Поль Гоген, Винсент Ван Гог, Пол Сезан, Онри де Тулуз ошо кезде үстөмдүк кылган импровиссионисттерди чанышат. Алар жашоонун бир көз ирмемин эмес, материалдык жана руханий дүйнөнүн маанилүү учурларын түбөлүктүү кармап калганга умтулушат. Алар постимпрессионизм мектебине негиз салат. Анын заңгар өкүлү, модернизмдин пионери Пол Гогендин таасирин кыргызстандык айрым сүрөтчүлөрдөн да байкоого болот. Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик
Актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов(1939-1992)

көркөм өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаевдин сөзүнө караганда, маркумдар Азим Төрөбеков жана Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрүнөн Пол Гогендин стилине окшоштуктарды байкоо мүмкүн.

- Бирок бул плагиат же көчүрүп алуу эмес. Бул белгилүү сүрөтчүгө жакындап, өздөрүн сынап көрүү. Төрөбеков жана Чокморов өз эмгектеринде кыргыз рухун берген.

Живопись жараталыштын кооздугун, адамды толкуткан, сүйүнткөн, апкаарыткан кайсы бир учурду суктануу же таң калуу менен алаканга салып көрсөтөт. Бул өзгөчө жана улуу касиетке поэзия жана музыка да ээ. Акын Шайлообек Дүйшеев деги эле көркөм өнөрдүн бардык түрлөрү көзгө көрүнбөгөн жиптер аркылуу бири бири менен байланышып турганын, ал томурайган бала кезинде сүрөтчү болууга дилгирленип, бирок ага жетпей калган өчүн бүгүн ырлары менен алып жатканын айтат:

- Искусстводо баары бири-бирине көрүнбөгөн жиптер менен байланышып турат деп ойлойм. Акын - сүрөтчү. Ошол эле убакта сүрөтчү да өзүнчө бир акын. Акын да ошол эле убакта сүрөтчү боло алат деп ойлоймун. Мен өзүм бала кезимде сүрөт тартканды укмуштуудай жакшы көрчү элем. Сүрөт да тартчумун... Бирок мен сүрөтчү болуп кете алган жокмун. Бирок менин жүрөгүмдө кек калды: Мен сөзсүз сүрөт тартам дечүмүн. Бирок мен сүрөттү кисть менен эмес, ыр менен тартып калдым деп ойлойм да. Менин пейзаждык ырларымдагы, табият лирикасындагы ырларымдын көбү көзгө элестеп турат да. Табиятта көргөндөрүмдүн сүрөттөрүн сөз аркылуу тартсам деп ойлогом. Ошону азыр-көптүр ишке ашырууга аракеттендим да.

Акын-сүртөчү, сүрөтчү-акын

Улуу орус акындары Пушкин, Лермонтов, Маяковский, кыргыз акыны, замандашыбыз Рамис Рыскулов ыр менен айткалбаган сөзүн сүрөт аркылуу чагылдырганга аракет кылышкан. Кээ бир чыгармаларын өздөрү чиймелеп көркөмдөшкөн. Залкар акын Шайлообек Дүйшеев сүрөт тартпайт. Бирок ал жаратылышты сөз менен кадим живописчидей түрдүү боёктор менен эстен чыккыс кылып тартып бергени Сүйүтбек Төрөбековду суктандырган:

- Шайлообек Дүйшеевдин ырларын өз оозунан укканымда кыргыздын пейзаждары кадимкидей көз алдыма тартылды. Мен куйма кулак болгонумда, анын Чеч-Дөбө, камыштар, куурган чөптөр, зымда отурган чымчыктар жөнүндөгү ырларын жаттап калмакмын. Анын ырларын окуганда сенин көз алдыңа сюреалисттик сүрөттөр тартылса, мага реалдуу пейзаждар элестеди. Чынында, Шайлообек Дүйшеевдин поэзиясы сүрөткө салганга абдан ылайыктуу. Анын ырларынын бойоктору, өңү-түсү, колорити, гаммасы, түстөрүнүн айкалышы укмуштуудай сонун жана кооз.

Түн

Ак-Сай мелт-калт аязда,
жылдыз калкыйт алмадай.
Ит. Жөлөнгөн таякта
Илген чырак - жанган Ай.

Короо, кары күрөлгөн,
кой көң, чийне, акыр, ат.
Жеми, чөбү түгөнгөн,
бир боо саман акыят.

Коктулардын колтугун
Шамал жатат өпкүлөп.
Түнү бою койчунун
Түшүнө көп чөп кирет...

Шайлобек Дүйшеев алгачкы ырынан тартып эле башка ыр жандуу
Акын Шайлообек Дүшеев

калемдештеринен жаратылышты боёк менен тарткандай сүрөттөй билгени менен айрымаланган.

“Шайлообек Дүйшеев тээ алгач калем кармаганда эле чыккан, элдин көңүлүн аябай бурган поэзиясы биринчи эле ошол сүрөткерлиги менен байкалган. Ал учуруда Дүйшеев обондуу чыккан же декламация сыяктуу айтылган ырларды жаза элек болчу. Ал мыкты, керемет акын экен, ыр менен сүрөттү тартканда сөздү абдан мыкты пайдаланды,” - дейт зор таланттын жакын курбусу, акын-журналист Нуралы Капаров.

Албетте, сөз менен сүрөт тартуу үчүн кыргыз тилинин бар кудуретин пайдалана билгенге катар бизди курчаган дүйнөнүн көпчүлүк маани бербеген керемет сырларын байкап, аны көркөмдөп айта билген чебер устат до болуу керек. Анткени сөз кыл калмедей ийкемдүү болбойт:

Сөз менен сүрөт тартуу тозок иш,-деп улантат Н. Капаров. - Сөз такай эле кылкалемдей ийкемдүү боло бербейт. Бирок Шайлобектин сүрөттөрүнүн мазмуну эч качан кайталанбайт, абдан күтүүсүз жерден, күтүүсүз штрихтер жана сөздөр менен тартылат."

Чуйков жана Гогендин талантынын булагы

Нуралы Капаровдун сөзүнчө, Шайлообек Дүйшеевден башка да кыргыз акындарынан табияттын кереметин, өзгөчө кышты, маркум Турар Кожомбердиевден өтүп мыкты сүрөттөгөн эч ким жок:

Кыргызстан. Кышкы этюд.

- Мен кыргыз тоолорундагы, кыштоолору менен айылдарындагы кышты Турар Кожомбердиевдей тарткан акынды кездештирген эмесмин деп Шайлообек Дүйшеевдин өзүнө айткам. Ал “Чын” деп, мойнуна алды. Кожомбердиев жылкычынын баласы экен. А жылкычынын баласы аяз менен муз кардын арасында, бороондун койнунда чоңойот. Биз баарыбыз эле ошондой шартта чоңойгонбуз. Бирок таланттын күчү ушунда экен. Турар көргөн, билген, сезген нерсесинин баарын ошол кыштын бороону улуп тургандай кылып кагазга алып кирген акын-сүрөткердин жана таза таланттын бири да. Андай мен жолуктурган экинчи талант - Шайлообек Дүйшеев.

Акындар бизди курчаган дүйнөнүн өздөрү ойлогон үлгүсүн ырлары, дарамети менен бизге тартуулап, кээ учурларда ошол жок идеялдуу турмушка бизди кошо жетелеп кетет, ага ишендирет. Ар бир талант чыгармаларында өз дүйнөсүн жаратат. Анысы акындын ички дүйнөсүнөн пайда болгону менен жалпыбызга таандык. Анын сыңарындай эле Пол Гогендин талантынын кубаты - таитиликтердин жоголуп бараткан маданиятынын негизинде жалпы адамзатка көөнөрбөс руханий дөөлөт болгон өз мифин жаратып бергенинде.

Бул жагынан Кыргызстандын жана Индиянын табиятын жана элин сүйүп, бул эки элдин ажайып дүйнөсүн тартып, ысымы чыккан орус Семен Чуйков француз Пол Гогенге окшоп кетет дейт белгилүү сүрөткер Юристанбек Шыгаев:

- Биздин Семен Афанасьевич Чуйков кыргыз элине кандай кызмат кылса, Поль Гоген да Таитиге ошондой кызмат кылды. Эгер Гоген импровиссионисттерге окшоп Парижде кала бергенде, чоң деңгээлге көтөрүлүп, дүйнөгө атагы чыкпайт эле. Чуйков өзүнүн жолун, өз чыйырын Кыргызстандан тапкандай эле Пол Гоген да Таитиден жазгы суудай кыртыш жиреп, өз салын салган. Ошентип өз жолун тапкан Пол Гоген болуп отурат.

Теңирим Пол Гогенге сүрөткерлик, бедизчилик, керамисттик жана жазуучулук талант бергени менен ал жакырчылыкта көз жумат. Аялын беш баласы менен 1885-жылы таштап кеткен сүрөтчү 1903-жылы 8-майда 54 жашында көз жумганда, аны акыркы сапарга кесиптештери жана достору узатат. Үч жылда Парижде анын 227 эмгеги коюлат. Бул көргөзмө ага дүйнөлүк маданияттын Меккеси саналган Парижде атак-даңк алып келет. Анын эмгектери көптөгөн сүрөтчүлөргө, анын ичинде Пабло Пикассо жана Генри Матисске да катуу таасир этет.

1889-жылы атактуу Эйфель мунарасы ачылганда француз өкмөтү уюштурган көргөзмөгө айрым иштери коюлса да, тарыхый салтанатка чакырылбаган Пол Гогендин сүрөттөрү бүгүн дүйнөнүн атактуу музейлеринин сыймыгы.
XS
SM
MD
LG