Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

“Азия Mix” жана Кайратка ийгилик жылмайды


“Азия Mix” КВН тобу
“Азия Mix” КВН тобу

23-декабрда “Азия Mix” КВН тобу жана ырчы Кайрат Примбердиев күйөрмандарын катуу сүйүнттү.

Бишкектин "Азия Mix" командасы эл аралык КВН союзунун Жогорку лигасынын финалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазды.

24-декабрга караган түнү Москва шаарында финалдык оюн болду Анда «Азия Mix» (Бишкек), «Спарта» (Астана), Мурманск шаарынын курамасы, Цирк курамасы (Москва) жана «Радио Свобода» (Ярославл) командалары баш байге үчүн таймашты.

Бишкектин командасы саламдашуу сынагында беш упай алып калыстардын жогорку баасын алды. Экинчи музыкалык биатлон жарышында Мурманск командасы менен бирге 0.9 упай алып артыкчылыгын бекемдешти. Жыйынтыктоочу жаңы жылдык фристайл сынагында да ийгиликтүү өнөр көрсөткөн бишкектиктер жалпысынан 10.9 упай топтоп, Жогорку Лиганын 2016-жылдагы чемпиону болушту.

Экинчи орунду 10.6 упай топтогон Астананын "Спарта" командасы алды. Мурманск курамасы 10.4 упай менен 3-орунду ээледи. Чемпион командага башкы демөөрчү болгон "Открытие" банкы тарабынан 700 миң рубл ыйгарылды.

«Азия Mix» командасы төрт жылдан бери КВНдин Жогорку лигасында ойноп келет. Былтыр бул лиганын жарым финалдык жарышына чейин жеткен. 2012-жылы КВНдин Биринчи лигасынын жеңүүчүсү болушкан. "Чоң алтын КиВиН" (2016) жана "Чоң кара КиВиН " (2015) сыйлыктарынын ээси.

Кайрат намыска жарады

Ал эми ырчы Кайрат Пиримбердиев орусиялык “Голос” долбоорунун финалына өттү.

Жалпысынан 118% добуш жыйнап, анын атаандашы Олег Кондраков 81% добуш алды.

Кайрат And I Am Telling You аттуу англис тилиндеги ырды аткарды. Бул ырды алгач 1981-жылы америкалык ырчы Женнифер Хадсон “Кыялдагы кыз” аттуу мюзиклде ырдаган.

Кайрат Примбердиев Орусиянын Биринчи каналында өтүп жаткан бул долбоорго сентябрь айынан бери катышып келет. Ал алгач устаты кылып ырчы Леонид Агутинди тандаган. Бирок Агутин башка ырчылар менен иштешмей болгондо аны орус шоу-бизнесинин жылдызы Дима Билан өз командасына чакырган.

Ошентип Кайрат Дима Биландын тобундагы финалга өткөн биринчи финалист болду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG