Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Доллардын кымбаттоосу токточудай эмес


Акча алмаштыруу жайындагы валюта көрсөткүчү. 13-ноябрь, 2015
Акча алмаштыруу жайындагы валюта көрсөткүчү. 13-ноябрь, 2015

Бишкекте доллардын баасы 72 сомдон ашты. Улуттук банк доллардын курсу кескин көтөрүлүп кетпөөсүнүн алдын алып 14 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды.

Бирок Улуттук банктын бул аракети АКШ валютасына карата кыргыз сомунун катышын төмөндөтүүгө жарай албады. Адистер Кыргызстан экономикасы коңшу өлкөлөргө бекем чырмалышып калганын белгилеп, доллар катышын Кыргызстан өз алдынча туруктуу кармай албасын айтууда.

Улуттук банк 12-ноябрда 14 миллион 200 миң долларды интервенцияга чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында эле Улуттук банк экинчи жолу резервдеги чет эл валютасын сатыкка чыгарууда. Мындан бир жума мурда эле Улуттук банк акча базарына 21 миллион 751 миң доллар сатыкка чыгарган. Улуттук банктын басма сөз кызматынын өкүлү Айгүл Молдобекованын "Азаттыкка" билдиришинче, банктын резервинде 1 млрд. 817 млн. доллар бар.

- Бул эл аралык резервдер бир катар маанилүү маселени чечүү үчүн арналган. Ошол себептүү Улуттук банк резервдердин көлөмүн зарыл деңгээлде сактап турат. Валюталык портфель дүйнөлүк финансылык рыноктогу абалга жараша өзгөрүп турат.

Кыскасы, эки жума ичинде эле Улуттук банк 36 млн. ашуун доллар акчаны базарга чыгарып, кыргыз сомунун кунун качырбоонун аракетин көрүп жатканы менен, күтүлгөн жыйынтыктын натыйжасы көрүнө элек. Аналитиктер Кыргызстандын экономикасы ыкчам өнүгө баштаса гана долларга кандайдыр бир таасир эте турган фактор болорун белгилешет. Тилекке каршы, кыргыз экономикасы башка өлкөлөргө байланып калгандан улам улуттук акчанын курсу ыкчам өзгөрүлүп турарын экономика илимдеринин доктору Аманкул Зулпукаров да белгилеп, дүйнөлүк каатчылык Кыргызстанды кошо солкулдатып жатышын мына бул жагдайларга байланыштырып түшүндүрүп берди:

- Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан чоң мамлекеттердин кризисинин шарапатына кабылды. Дүйнөдө мунайдын баасы өйдө-ылдый болуп, ааламдагы чыр-чатактар долларга таасирин тийгизип жатат. Орусиянын өзүндө дагы чоң финансылык каатчылык болуп, башка мамлекеттерде ушундай болуп аткандан кийин, Кыргызстан эч жакка качып кутула албайт. Ошондуктан доллар өсөт, Кыргызстан аны токтото албайт.

Жогорку Кеңештин депутаты, экономист Эмил Токтошев Улуттук банк канча каражатын сатыкка чыгарса да доллардын өсүүсүн токтото албасын айтты. Анын ырасташынча, башкы банктын акчаны интервенцияга чыгаруусу убактылуу гана канды бууп туруучу көрүнүш, доллардын баасы коңшу Казакстан менен Орусиядагы валюталык абалга көбүнесе көз каранды.

- Себеби, биз ЕАЭБге киргенден кийин Казакстан менен Орусиянын экономикасына дагы катуу байланып калдык. Казакстанда теңге түшүп, доллар көтөрүлсө, бир күндөн кийин бизде дагы ушундай болуп атат. Улуттук банктын долларды интервенция кылып жатканы бул убактылуу гана көрүнүш, – деди Эмил Токтошев.

Доллардын көтөрүлүшү менен өлкөнүн базар баасында кымбаттоо байкалды. Анын натыйжасында коомчулук арасында валютанын жогорулап жатканына тынчсыздануулар чыга баштайт.

Буга кошумча Орусиядагы мигранттардын абалы да күнүмдүк жан багуу менен өтүп жатат. Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары 35 пайызга азайганы айтылгандарга далил.

Ал эми өлкөдө доллар менен сатылып келген унаа, батирдин баасы төмөндөп, курулуш да токтоп жатканын ишкерлер байма-бай айтып келишет.

13-ноябрга карата акча алмаштыруучу жайлар бир долларды 72 сом 50 тыйындан сатып алып жатышат. Ал эми Улуттук банк АКШ валютасынын курсун 71 сом 54 тыйын деп белгилөөдө. Сентябрь айынан бери Башкы банк коммерциялык банктарга 80 миллиондон ашык резервдеги АКШ валютасын коммерциялык банктарга сатыкка чыгарганы менен доллар бул үч айда 10 сомго чукул жогорулады.

XS
SM
MD
LG