Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Кыргызстан экономикасы узак мөөнөттүк жана үстөк пайызы төмөн насыяга муктаж. Бирок азыркы түзүлүп турган финансы-экономикалык кырдаалда улуттук валюта сом менен узак мөөнөттүк жана арзан насыя жөнүндө сөз кылуу кыйын. Бирок буга карабай өкмөттө акча-насыя саясатынын маңызын жана багытын өзгөртүү жөнүндө айрым сөздөр болгон. Аны ишке ашыруу мүмкүнбү?

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Аларга жаңыдан дагы бир банк кошулуу алдында турат. Улуттук банк “Чанг Ан Банкына” лицензия берди. “Чанг Ан Банк” 24-коммерциялык банк катары Кыргызстанда банк операцияларын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул банктын төрагасы Заир Чокоев. Ал буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Республикадагы мына ушул коммерциялык банктардын баары ишкерлик, ипотека жана керектөө насыяларын берет. Баарынын үстөк пайыздары жана мөөнөттөрү дээрлик окшош. Маселен, сом менен насыя негизинен 28-30% менен берилет. Бирок девальвация учурунда сом менен насыя берүүнү айрым банктар токтотуп койгон. Ал эми доллар менен 17-19% тегерегинде берилет. Мөөнөттөрү үч айдан үч жылга чейин. Кээ бир банктар ипотеканы беш-жети жылга чейин беришет.

Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Марат Шаршекеев мындай үстөк пайыздар менен өндүрүштүк долбоор эмес, соода операцияларын жүргүзүү гана мүмкүн дейт:

Кыргыз сому

Кыргыз сому

- Чынын айтканда, абдан оор. Мындай пайыздар менен соода операцияларын жүргүзүүгө гана болот. Бир долбоор жасап, аны аткарууга, курууга, ишканаларда чыгарууга кымбат болуп жатат.

Кыргызстандагы коммерциялык банктар бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев насыялардын кымбат болуп жатышынын себептерин мындан көрөт:

- Эң биринчи себеп каражаттын баасында. Насыялардын үстөгү депозиттин баасына жараша болот. Банк 12-15% элден депозит катары алып жатса, 10%, 7%, 5% насыя бере албайт да! Бул эң биринчи жана негизги себеп. Андан кийин девальвация, инфляция дегендер бар. Андан сырткары тобокелдиктер, операциялык чыгымдар дегендер бар. Бул жерде көп жагдайлар бар. Бирок негизгилер ушулар.

Анвар Абдраев Кыргызстандагы коммерциялык банктардын капиталынын аздыгы да өзүнүн терс ролун ойнорун кошумчалады. Бүгүнкү күнгө карай Кыргызстандагы коммерциялык банктардын уставдык капиталы 300 млн. сом же 4 млн. 350 миң долларга жакын сумманы түзөт.

Коммерциялык банктардын насыялары кыска мөөнөткө жана жогору үстөк пайыз менен берилишине Улуттук банктын да салымы зор. Анткени Улуттук банк койгон жылдык үстөк 10% түзөт. Коммерциялык банктар ага жараша жана элден алынган депозиттин пайызына жараша өзүнүн үстөгүн коюшат.

Улуттук банктын үстөк пайызды көтөрүүсүнө улуттук валюта сомдун девальвациясы себеп болгону маалым. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун эсеби боюнча, быйылкы жылдын август-сентябрь айында эле сом долларга карай 11,2 % күчүн жоготту. Эгерде ​август айынын жыйырмасында бир доллар 62 сом болуп турган болсо, азыркы кезде 69 сомдун тегерегинде.

Девальвациянын негизги себеби улуттук экономиканын алсыздыгы, тышкы соодада тескери сальдонун чоңдугуна барып такалат. Кыргыз экономикасында мына ушул тескери факторлор көптөн бери чечилбей келатат. Маселен, быйылкы жылдын тогуз айында импорт 2 млрд. 720 млн. долларга жетсе, экспорт 917 млн. доллардан ашкан жок. Тескери сальдо үч эседен ашууда.

Мына ушундай девальвация, инфляция коркунучтары өкүм сүрүп турган мамлекетте узак мөөнөт жана үстөгү төмөн насыяны күтүү кыйын.

Анда өкмөт жана бийлик маселени кантип чече алат? Бюджеттин мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү. Анткени тартыштыгы 27 млрд. сомго жеткен бюджет “бутуна тартса башы, башына тартса буту ачылып жаткан” абалда турат.

Бирок ага карабай өкмөт жаз мезгилинде айыл чарбасына салыштырмалуу арзаныраак насыя берүүдө. Маселен, быйылкы жылы 5 млрд. сомдон ашуун насыя айыл чарбасына 9-10% жылдык үстөгү менен берилди. Бул коммерциялык банктар сунуштап жаткан насыяларга караганда алда канча арзан. Бирок көлөмү аз.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы “Агробизнес” борборунун жетекчиси Алмаз Дооронбаев айыл чарбасына мамлекеттин колдоосу менен берилип жаткан насыянын үстөгү чыдай тургандай, бирок көлөмү өтө аз деп эсептейт. Анын пикиринде, айыл чарбасына 5 млрд. сомдон үч-төрт эсе көп насыя бөлүнсө суроо-талаптын кыйласы канааттандырылмак.

Алмаз Дооронбаев банктарда насыялардын арзандашы үчүн туруктуулук керек дейт:

- Азыр мындай күчкө салып үстөк пайызды төмөндөткүлө деген болбойт. Баары бир бизнес деген бизнес. Күчкө салып эчтеке кыла албайбыз. Биринчиден, убакыт керек. Экинчиден, 15-20 жыл эч кандай революция болбосо, үстөк пайыздар өзүнөн-өзү түшүп кетиш керек. Бизнестин табияты ушундай. Тынччылык жана убакыт керек. Үстөк пайыздар акырындап өзү түшөт.

Бийлик экономика муктаж болуп турган насыя маселесин чечүүдө Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусуна үмүт артып турат. Бул фонд аркылуу кайра иштетүү, айыл чарба, текстиль, транспорт, ипотека жана башка артыкчылык берилген тармактарды арзан насыя берүү максаты коюлган.

12-октябрда президент Алмазбек Атамбаев фонддун башкармалыгынын башчысы Нурсулуу Ахметованы кабыл алганда да ипотека, чакан жана орто бизнести арзан насыя менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.

Бирок фонд аркылуу чакан жана орто бизнестин насыяга муктаждыгы чечилиши күмөндүү болуп турат. Анткени фонддун жобосу боюнча бере турган насыянын минималдык өлчөмү 3 млн. доллар болуш керек жана долбоордун кеминде 20% насыя алган тарап өзү табышы керек. Мындай шарттагы насыяны чакан жана орто бизнестин алуу кыйын маселе. Ал эми коммерциялык банктар аркылуу чакан жана орто ишкерликти арзан насыя менен камсыздоо маселеси азырынча толук чечилип бүтө элек.

Кыргыз өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын акча-насыя саясатына кайрыла турган болсок, ал жыл сайын жарыяланчу биргелешкен билдирүүдө камтылып келет. Быйылкы жылдагы негизги экономикалык саясаттын багыты катары макроэкономикалык туруктуулукту, экономикалык өсүүгө шартты сактоо аталган. Акча-насыя саясатында болсо сомдун курсун эркин агымда кармоо, анын кескин өйдө-ылдый болуп кетишине жол бербөө аталган. Ал эми экономиканы арзан жана узак мөөнөттүк насыя каражаттары менен камсыздоо жолдору каралган эмес.

Өкмөт башчы Темир Сариев мындай абалды өзгөртүү максатында акча-насыя саясаты инфляцияны ооздуктоо эле эмес, экономиканы өнүктүрүүгө багытталыш керек деп билдирген. Бирок жогоруда аталган факторлор мындай саясат жүргүзүү канчалык татаал жана оор экенинен кабар берет. Анын үстүнө Темир Сариевдин өзүнүн өкмөт башчылык ордунда калышы чечиле элек маселе.

Жаңы өкмөт келсе, мүмкүн парламенттик шайлоо мезгилинде убада кылынгандай арзан жана узак мөөнөттүк насыя маселесин чечүүгө жол изделер. Бирок да Кыргызстандын бюджеттик мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болгондуктан, бул маселени сырттан капитал, инвестиция тартуу менен гана чечүү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG