Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Жети миллионго жетүү жеңил эмес


Каркыра жайлоосу
Каркыра жайлоосу

«Азаттыктын» кабарчылары бул ирет Кыргызстандагы демографиялык абалга, калктын өсүшүнө же азайышына таасирин тийгизген ички-тышкы факторлорго баам салып көрүштү.

Талас облусунда төрөлүү азайып, курсакта жетилбей калган балдардын саны өсүүдө. Ошол эле учурда адистер облуста калктын саны миграциялык агымдын азайышынан улам келечекте көбөйөрүн болжошууда. Теманы Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева улайт.

Ош облусунун Ноокат районунда болсо көпчүлүк үй-бүлөлөрдө төрт-бештен бала бар. Көпчүлүк келиндер эгер мамлекет Орусиядагыдай колдоо көрсөтсө, 15тен бала төрөө кеп эмес дешет. Аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков төрөлүүнүн азайып кеткен себебин ноокаттык келиндерден сурап келген.

Кыргызстандын калкынын саны алты миллиондон ашып, статистика жыл сайын демографиялык өсүүнү көргөзүүдө. Деген менен эксперттер калктын чет өлкөлөргө агымы, наристелердин жана улгайган адамдардын өлүмүнүн айынан Кыргызстан калкынын өсүү динамикасы кошуна мамлекеттерден кыйла төмөн деген пикирде. Теманы кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов улантат.

Калкынын саны азайган өлкөлөрдүн катарындагы Орусия демографиялык өксүктү мигранттардын эсебинен толтурууда. Өлкөдө калктын санынын өсүшү боюнча акыркы изилдөөлөр мурунку советтик өлкөлөрдөн барган эмгек мигранттардын ичинен Орусияда үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, отурукташууну каалагандар дагы көбөйгөнүн көрсөткөн. Ал эми 90-жылдары орус жарандыгына өткөн кыргызстандык мигранттар бүгүнкү күндө очор-бачар болуп калышты. Кененирээк Москвадан кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызынын баянында.

Баткен районундагы 8 миң чамалуу калкы бар Кара-Бак айылында баатыр эне наамы ыйгарылган көп балалуу энелердин саны 300гө жакын. Башкача айтканда, ар бир бүлөдө беш-алтыдан кем эмес бала бар дейт айылдан кабар алып келген кабарчыбыз Жеңиш Айдаров.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG