Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Демография жаш муундун баргер карылыгын ойлоого мажбурлоодо


Кыргызстанда пенсиянын көлөмү аздыгынан көчөдө соода кылып, кошумча тыйын тапкан карылар арбын.

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү аздыгынан көчөдө соода кылып, кошумча тыйын тапкан карылар арбын.

Европа жана Борбор Азия улгайгандардын татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн пенсия системасында кеңири реформа жүргүзүшү зарыл. Бул жөнүндө Дүйнөлүк банк өткөн жумадагы көлөмдүү изилдөөсүндө эскертти.

Демографтардын айтымында, ар секунд сайын дүйнөдө эки адам алтымышка чыгат. Акыркы 30 жылда алтымыш жана андан улуу курактагылардын саны эки эсе көбөйдү. Бул кубулушка өнүккөн өлкөлөрдүн кабылганына жүз жылдай болсо, өнүгүп бараткан мамлекеттер акыркы чейрек кылымда туш келди. Азыр АКШ, Батыш Европа, Жапонияда улуу курактагы адамдар жаш балдардын санынан көп. 2050-жылга аталган мамлекеттерде байбичелер менен аксакалдардын саны жаштарга караганда эки эсе көп болот.

Берегидей демографиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу Европа, атүгүл эли тез өсүп бараткан мурдагы советтик Борбор Азия пенсия системасын шашылыш реформалоосу зарыл. Бул жөнүндө 21-февралда Дүйнөлүк банк да коңгуроо какты. Ал Европа жана Борбор Азиянын калыптанган рыногу бар өлкөлөрүнө болочок муунду коргоо үчүн пенсия тармагын реформалоо зарыл экенин эскертти.

Кадыр-барктуу эл аралык мекеменин тынчсыздануусунун жүйөөсүн “Азаттык” радиосуна Лондондогу Европалык реформалар борборунун директорунун орун басары Симон Тилфорд мындайча чечмеледи:

- Себеби Европанын же Европа Биримдигинин эли тез улгайып баратат. Балдардын төрөлүүсү Евробиримдикте элдин санын туруктуу кармап турганга зарыл деңгээлден алда канча төмөн. Ошон үчүн Европада калк азая берет. Бул жагдай чөлкөмгө көп сандагы эмигранттарды тартууда. Элдин картаюусу жана демографиялык жагдай экономиканын өсүшүнө тескери таасир этет жана пенсия курагындагыларды тейлөөнү оорлотот.

Демографиялык абалга чочулоо экономикалык өсүштүн төмөн экенине жана өлүмдүн жогору болуп жатканына байланыштуу. Азыр эң чоң маселе элдин картаюусу. Кээ бир Европа өлкөлөрүндө, өзгөчө, Италия, Испания, Германияда демографиялык абал өтө начар, эл тез улгаюуда.

Франция менен Британияда балдардын төрөлүүсүнүн көрсөткүчү бир аз жогору жана демографиялык кырдаал салыштырмалуу жакшыраак. Европа боюнча абал бир өңчөй эмес. Регионду алганда, жумушчу күч азайып, калк улгайып баратат.


"Акча эсепти сүйөт".

"Акча эсепти сүйөт".

Статистикалык маалымат боюнча, азыр Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөдө пенсия жашындагыларга кеткен чыгым ички дүң жыйымдын 13 процентин түзөт.

Келечекте Европа мамлекеттери улуу курактагылардын татыктуу өмүр сүрүүсүн жана ошондой эле, саламаттыгын камсыздоого каражатты азыркыдан алда канча көп бөлүүсү керек болот. Мисалы, Улуу Британияда келерки 40-50 жылда бюджеттен пенсия үчүн гана төлөнчү акча 3 пайызга өсүп, ички дүң жыйымдын 8,5 процентине жетет деп боолгонууда. Бул жерде Британияда пенсияны жарандардын негизги бөлүгү өкмөттөн эмес, жеке менчик компаниялардан алаарын эскерте кетели.

Элдин картаюусу бюджетке жүк

Соңку жыйырма жылда Евробиримдик өлкөлөрүндө балдардын саны 3,7 процентке азайып, улуу жаштагы адамдардын саны 3,6 процентке көбөйдү. Эгер бул жараян улана берсе, 35 жылдан кийин региондогу эмгекке жарамдуу адамдардын саны 40 миллионго азаят. Андай сценарий чын чыкса, анда Европанын экономикасы “жаш” жана ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн экономикасы менен атаандаша албай калат, бул болочоктогу абышка-кемпирлердин жашоосу бүгүнкү европалык пенсионерлердикиндей бакубат болбойт дегенди түшүндүрөт. Мындай көрүнүш мурдагы Советтер Союзунун пайдубалында пайда болгон Орусия Федерациясына жана башка славян калктуу мамлекеттерге да мүнөздүү дейт Симон Тилфорд:

- Мурдагы советтик мейкиндиктен Орусияны алсак, бул өлкө демографиялык жактан Батыш Европадагыдай эле проблемага кез келди. Жумушчу күч азайып, эли тез картаюуда. Орусияда эркектердин өмүрүнүн узактыгы да аз бойдон калууда. Бирок кээ бир мурдагы советтик республикаларда демографиялык кырдаал таптакыр башка. Айрыкча Борбор Азия мамлекеттеринде балдардын төрөлүү көрсөткүчү бийик. Адамдардын күтүлгөн өмүрүнүн узундугу да Орусиядагыдан жакшы, калкы да жаш. Ал эми Орусия, Украина жана Беларустагы демографиялык кырдаал Европадагыга окшош.

2012-жылы Орусиянын калкынын 19 пайызын 60 жана андан улуу курактагылар түздү. 2030-жылы өлкөдө пенсионерлердин саны 28 процентке жетет. БУУнун эсебинче, 2050-жылы экономикалык активдүү калк, же 20 жаштан 60 жашка чейинкилер, Орусия элинин теңинен аз болуп калат. Бул - бюджетке түшчү, демек, пенсия курагындагылардын байгер жашоосуна казынадан чегерилчү акча азаят деген кеп.

Түркиянын тажрыйбасы

Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан эли динамикалуу түрдө өсүп жаткан өлкөлөргө киргендиктен, Батыштын, анын ичинде Орусиянын тынчын алган береги көйгөй азырынча аларда жок.

Бирок "бүгүн кара жанын карч уруп, мекенинен сырт жактарда бейтааныш жагдайда иштеп жүргөн кыргызстандыктар кийин пенсияны кайдан алат?" деген суроо эшик кагып турат. Бул кечиктирилбей чечүүчү маселе экенин Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык ишкер Максат Кошоев “Азаттык” үналгысына курган маегинде айтты.

Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттын үй-бүлөсү. 14-январь 2014

Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттын үй-бүлөсү. 14-январь 2014

Түркиянын жарандары массалык түрдө чет өлкөлөргө чыгып иштегенине жарым кылымдан ашык убакыт болду. Алардын эң көп бөлүгү Германияда жашайт. Себеби, Экинчи дүйнөлүк согуштагы чоң жоготуулар жана 1950-1960-жылдардагы Германиядагы экономикалык өсүү жаңы жумушчу күчүн талап кылгандыктан, ал кездеги ФРГнын өкмөтү 1955-1973-жылдары кээ бир Европа мамлекеттери менен, ал эми 1960-жылы болсо - Түркия менен келишим түзөт. Бул келишимге ылайык, чет элдик жумушчулар келишим мөөнөтү бүткөндө Германиядан чыгып кетүүгө тийиш болгон. Эгер келишим улантылса, үй-бүлөсүн алып келүүгө уруксат алышкан.

Анын натыйжасында, Германия зарыл жумушчу күчүнө ээ болот жана өлкөгө чет элдиктердин, анын ичинде түркиялыктардын мыйзамдуу негизде келүүсү күчөйт.

"Түркия өз жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча 22 мамлекет менен келишим түзгөн. Ошондуктан чет жерлерде эмгектенген Түркия жарандарынын пенсиясы камсыздалган",- деди түркиялык серепчи Хакан Гүнеш.




Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлбагандыктан, Түркияда эмгектенген көпчүлүк кыргыз жарандары эртеңки карылык курагын тобокелге салып эле иштеп жүрөт. Мындай жагдайда көпчүлүк журтташтар Максат Кошоев сыяктуу өз келечегин өзү ойлоого мажбур.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Чыгыш Европа жана мурдагы советтик мейкиндикте жарандардын ыктыярдуу пенсия фонддоруна каражат чегерүүсү жагынан биринчи орунда Чехия турат. Чехтердин эртеңки карылыгын ойлоп сактаган акчасы өлкөнүн ички дүң жыйымынын 7 процентин, Словенияда 5, Мажарстанда 4 процентти түзөт. Чехияда пенсия коруна акчаны милдеттүү чегерүү жок. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, салыштыра кетсек, 2009-жылы Кыргызстанда пенсия коруна ыктыярдуу акча салуу жокко эсе болгон.

Пенсионерлердин жүгүн жеңилдетүү жолдору

Дүйнөлүк банк улгайган жарандардын бюджетке болгон жүгүн жеңилдетүү, пенсияны камсыздоого жетиштүү акчаны табуу жана демографиялык проблемаларды жөндөө максатында кирешенин жаңы булактарын издөөнү жана салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүүнү сунуш кылат. Бирок Европада салыктын өлчөмү чоң болгондуктан, бюджеттин кирешесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү аз. Андыктан улуу курактагыларга пенсия берүү үчүн керектөөгө жана мүлккө салык салуу сунуш кылынат. Ал эми ишенимдүү вариант катары Дүйнөлүк банк пенсияга чыгуучу куракты өйдөлөтүү жана пенсионерлерди иштегенге кызыктырууну сунуш кылат. Европалык реформалар борборунун жетекчилеринин бири Симон Тилфорд ошондой эле үй-бүлөлөрдү көп балалуу болгонго кызыктыруу зарыл деген пикирде:

- Элдин картаюусуна байланыштуу жашы жеткен адамдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу да маанилүү. Себеби, адамдар мурдагыдан узак жашоодо жана узак иштей алышат. Антпесе улуу курактагы адамдарды пенсия менен камсыздоо өкмөт үчүн татаал. Экономика пенсиядагы адамдар үчүн 10, 15, 20 жыл гана иштей алат. Азыр адамдар 60 жашында пенсияга чыгып, 95 жашка чейин жашап жатпайбы. Бул, албетте, пенсияны финансылык жактан камсыздоо маселесин туудурат. Ошондуктан пенсияга чыгуу курагы жогорулатылып, улуттук өкмөттөр көп элди, өзгөчө аялдарды жумушка тартууга көңүл бурушу абзел. Батыш Европада демографиялык кырдаал эң оор, төрөт төмөн, эл ылдам картаюуда. Ошондой эле эмгек рыногунда аялдар аз. Ушундан улам пенсияга чыгуу курагын узартуу, аялдарды жумушка көбүрөөк тартуу жана аялдарды көп балалуу болууга кызыктыруу керек.

Көпчүлүк адистер жарандар пенсияга чыккандан кийин татыктуу жашоо үчүн эмгекке жарамдуу кезинде тапкан кирешесинен карылык курагын татыктуу өткөргөнгө жетерлик акчаны үзбөй бөлүп, сактап коюшу абзел деп эсептешет. Лондондук адис Симон Тилфорд да ушундай пикирде:

Европанын элинин өсүшүн жана азайышын көрсөткөн карта. 2006-жыл. Булагы: CIA world factbook. 21jan2009

Европанын элинин өсүшүн жана азайышын көрсөткөн карта. 2006-жыл. Булагы: CIA world factbook. 21jan2009

- Адамдар пенсия үчүн каражатты көп сактоого тийиш. Эл акчаны көп сактаса, бизде да пенсионерлерди камсыздаганга жеткендей каражат болот.

Бирок акчаны ашыкча көп топтоо да экономикага зыян. Анткени ар бир жаран акчаны аз сарптачу болсо, керектөө азайып, экономиканын өсүшүнө кедергиси тиет. Андыктан керектөө менен акчаны эртеңки күнгө сактоо ортосунда тең салмактуулук болушу керек. Бул жеңил аткарылчу нерсе эмес. Себеби, адамдар акчаны пенсия үчүн көбүрөөк сактоо керек экенин билет. Алар акчасы сарамжалдуу пайдаланылса, экономикада өсүш болоруна көңүл бурушу зарыл.

Пенсия менен камсыздоо ыкмасы ар мамлекетте ар кыл. Германия, Франция, Ортолук Европа өлкөлөрүнүн көбүндө, анын ичинде Чехияда, азыркы муун негизинен пенсия курагындагылардын төлөмдөрүн камсыздайт. Британия, Нидерланд сыяктуу өлкөлөрдө жеке менчик пенсия корлору бар. Британдар менен нидерланддар менчик корлорго акча төгүп, жыйган акчасын пенсияга чыкканда алат. Маанилүү проблема - бул пенсияны кайсы жол менен да болсо жаш курагы жеткенде алууда. Береги эки системанын артыкчылыгы жана кемчилиги - алар каржылоого көз каранды. Германияда азыркы муун өз кирешесинин көп бөлүгүн пенсиянын эсебине чегергенге мажбур. Британияда жана Нидерландда эл пенсия үчүн акчаны көп сактап, азыр аз керектегенге аргасыз.


Германия бул багытта бир кыйла алдыга кетти. 2007-жылы Германия парламенти пенсия курагын акырындап көтөрүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Ага жараша, 2029-жылы германиялык аялдар жана эркектер 67 жашында пенсияга чыга турган болот.

Пенсияга чыгуу курагын көтөрүүнүн жана улуу курактагы адамдарды иштегенге кызыктыруунун физиологиялык да негизи бар дешет демографтар. Анткени өнүккөн Европа өлкөлөрүнүн пенсия системасы киши өмүрүнүн акыркы 15 жылын камсыздоого эсептелген. Азыр болсо көпчүлүк эркектер пенсияга чыккандан кийин орточо 18 жыл, аялдар болсо 23,5 жыл жашайт.
XS
SM
MD
LG