Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

"РусГидро": бети ачылган жемкордук


Евгений Дод жана Алмазбек Атамбаев, 27-октябрь, 2012-жыл
Евгений Дод жана Алмазбек Атамбаев, 27-октябрь, 2012-жыл

Орусияда “РусГидро” компаниясынын мурдагы башчысы Евгений Дод ири өлчөмдөгү мамлекет акчасын жымырып алган деген айып менен камакка алынды.

Кыргыз тарап Жогорку Нарын каскадын курууга кетти деп Орусия доомат койгон 37 миллион доллар боюнча дагы Евгений Доддун ишин иликтөөнү талап кылды.

Евгений Дод “Русгидрону” жетектеген учурда Кыргызстандагы Жогорку Нарын каскадын баштап, бирок курулуш токтоп калган. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү келишимди үзгөндө, Орусия “курулушка 37 миллион доллар чыгымдалды” деп доомат койгон. Бирок депутаттык комиссия муну ашыкча көрсөтүлгөн деп таап, курулушта жемкордук бар деген алдын ала тыянагын чыгарган.

Дод камалды, бирок...

Орусиянын тергөө комитети “РусГидро” мамлекеттик компаниясын жетектеген учурда ири өлчөмдөгү акчаны башкы эсепчинин жардамы менен өзүнө ыйгарып алган деген айып коюп, Евгений Додду камакка алды.

Орусиялык басылмалар Евгений Дод Федералдык коопсуздук кызматынын атайын даярдыктагы тобунун көмөгү менен кармалганын жазып чыгышты. Буга Доддун күчтүү даярдыктагы жансакчылар тобун жалдап алганы себеп болгон.

Евгений Дод (ортодо) жана Алмазбек Атамбаев, Нарын, 27-октябрь, 2012-жыл
Евгений Дод (ортодо) жана Алмазбек Атамбаев, Нарын, 27-октябрь, 2012-жыл

Изкубарлар “РусГидронун” кеңсесин жана Евгений Доддун турак үйлөрүн тинтип, тергөөгө керектүү документтерди алып кетишкен. “РусГидро” 2013-жылы Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадын баштап, бирок курулуш жылбагандыктан кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу бузууга аргасыз болгон.

Ошол эле кезде Орусия тарап кеткен чыгымды 37 миллион долларга баалаган. Бирок муну иликтеген кыргыз парламенти түзгөн депутаттык комиссия ал чыгым ашыкча көрсөтүлгөнүн аныктаган.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Евгений Доддун камалышы “РусГидрого” карата күмөн саноону бышыктады деп билдирди:

- Эгерде ал Орусиянын өзүндө курулуп жаткан ГЭСтерден акча жесе, биздикин аяп коймок беле... Жогорку Нарын каскадына түшкөн акчаны көзөмөлдөө начар болгон. Ошондуктан биз бул долбоордо кыргыз тараптан директорлор кеңешине мүчө болгон үч адамдан биз эмне себептен чыгым үч-төрт эсе жогору көрсөтүлгөнүн сурашыбыз керек. Алар жеп-ичкенге катышпаса, анда “РусГидронун” ошондогу жетекчилигине карата көрсөтмө бериши зарыл. Болбосо биз алар дагы бөлүшкөн деген пикирде калабыз. Бүгүнкү күндө Евгений Доддун камалышы Орусия тараптан да, биз тараптан да колу туткак адамдардын болгонун ырастап койду. Ошондуктан бул окуядан кийин Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү аларга карата чогуу чара көрүшү керек.

Жатаканалар
Жатаканалар

“РусГидро” эки жыл ичинде Нарында контейнерден жумушчулардын жатаканасын куруп, андагы беш чакырымга жакын таш жолду сүздүрүү менен чектелген. Башталбай жатып токтогон мына ушул өңдүү жумуштарга кеткен каражат 37 миллион долларга бааланганы кыргыз тараптын шек саноосун күчөткөн. Анткени иликтөөдө 1073 чарчы метр контейнерден жасалган жатакананын ар бир чарчы метри 1300 доллардан айланганы белгилүү болгон. Жергиликтүү куруучулар мындай курулуштун чарчы метри 500 доллардан ашпай турганын белгилешкен.

Ошентсе дагы бул жагдай “кыргыз-орус мамилесине шек келтирип койобу” деп кооптонгон бийлик кийин бул ишти кошумча иликтөөгө алуу үчүн кайрадан өкмөттүк комиссия түзгөн.

Бул ишти эки айдан бери иликтеген өкмөттүк комиссиянын төрагасы, экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев анын жыйынтыгы жакын арада чыкпай турганын мындайча туюнтту:

- Өкмөттүк комиссия иликтөөнү дагы деле улантып жатат. Бул жөнөкөй иликтөө эмес. Мында бардыгын кылдат бир сыйра иреттеп туруп, анан иликтеп чыгуу зарыл. Ал жактын койгон ар бир талабына биз жооп беришибиз керек. Биз аларга доомат койгон маселелер боюнча алардан тастыктама документтер келиши шарт. Ошондуктан бул жерде жасала турган жумуштар көп. Орусиядан дагы бир жолу өкүлдөр келиши керек. Буга чейин алар бул жакка эки ирет келип-кетишти. Алар алып келген кагаздарды толук изилдеп чыгышыбыз зарыл. Комиссия ишин аягына чыгарып, бир тыянакка келген соң гана бул боюнча жактуу комментарий берүүгө туура келет.

Үч жыл мурунку шек саноо

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 2013-жылы палатада Жогорку Нарын каскадын курууга орусиялык “РусГидро” компаниясына ишеним көрсөтүү чекилик экенин айтып чыккан. Депутат бул ГЭС курууга адистешкен орусиялык компаниянын баштап, бирок аягына чыкпай таштап кеткен гидроэнергетикалык долбоорлорун мисалга алган болчу.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков анын айткандары учурда ырасталып жатканын айтты:

- “РусГидро” “Жогорку Нарын каскадын” баштады дегенде эле анын курулуш материалдарын бир топ кымбат баада сатып алып жатканын парламентте айтып чыккан элек. Бирок буга президент Атамбаев баш болгон бийлик башындагылар көңүл бурган эмес. Бирок убакыт көргөзүп, аталган компаниянын коррупцияга малынганы жана президент менен чогуу тасманы кескен Евгений Доддун камалышы муну ырастап отурат. Азыр эми Кыргызстандын моюнуна илинип жаткан 37 миллион доллардын башын ачуу керек. Анткени ал жерде 37 миллион эмес, ашып барса, кошуп-ташыганда 10 миллион доллар акча кеткен. Калганы уурдалып кеткен. Баасын ашыкча көрсөтүп, башаламан сатып алуулар болуп жатса, коррупциялык иш-аракеттердин натыйжасында биздин мамлекеттин моюнуна асмандан алынган 37 миллион доллар илингенин көрүп туруп унчуга албаган кыргыз тараптын жетекчилери эми ошол үчүн жооп берсин.

Парламент Жогорку Нарын каскады боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө мөөнөтүн 30-июнуна чейин узарткан. Буга удаалаш өкмөттүк комиссия иш алып барууда. Макулдашуу жокко чыгарылган соң Орусия 37 миллион доллар чыгымды алты ай аралыгында төлөп берүүнү кыргыз тараптан талап кылган болчу.

XS
SM
MD
LG