Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Нарындын жогорку тарабындагы ГЭСтердин курулушу жылбай турат. Ушул тушта Нарында жумушчулар шаарчасы каңгырап бош, ГЭС түшө турган каналда иштин изи билинбейт.

Өткөн айда кыргыз өкмөтү орусиялык “Русгидро” компаниясы долбоорду каржылабай жатканын айтып чыккан. Мындан улам компаниянын жетекчиси Евгений Дод Бишкекке чукул чакырылган жана президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда ГЭСтерди куруу үзгүлтүккө учурабайт, каражат бөлүнөт деп ишендирип кеткен болчу.

Жер күткөн жергиликтүүлөр

Негизи Нарында ГЭСтердин курулушуна каршы болгон же кандайдыр бир нааразылыгын билдирген, үлүш жерин, сарайын же үйүн бербейбиз деп чыккан адамды таппайсың. Баары эле жер, каражат маселеси тезирээк чечилип, ГЭСтер эртерээк курулса экен деп тилеп отургандай.

Жалпысынан Нарын районундагы Чет-Нура, Орток жана Дөбөлү айыл өкмөттөрүнөн 3 миңден ашык гектар жер алынып жатат. Анда айрыкча Дөбөлү айылынын тургандарынын үлүш жерлери көп.

Бул айылдын тургуну Эсенбек Алмамбетов канал казылганда алынган топуракты кайрак жерлерге төгүп айдоого ылайыкташтырып берүүнү суранышканын кеп салды:

- Бозот, таш-туш, ийри-муйру жерлер бар. Канал казылганда ошонун топосун алып, ошол бозот жерлерге төгүп бизге жер жасап берсе деп жатабыз. Ошондой жүз гектардан ашык жер бар. Эми жер боюнча деле ачык маалымат бериле элек. Күңк-мыңк болуп эле жатабыз. Кайсы жер эмнеге кетет деп белгиленген. Жерибизди ала турган болсо келишимдерди түзөлү дегенбиз. Бизге негизи жер эле керек. Жер менен оокат кылабыз да. Жер бала-чакабызга, укум-тукумубузга калат. Бизге жер эле жасап берсе жакшы болот эле. Жерден башка сарайлар кетип жатат, эми алар кандай бааланарын билбейбиз. Акча-тыйынга деле кызыкпайбыз. Бизге жер эле керек.

Дөбөлүлүк Белек Исабеков да жер маселеси дурустап чечилсе деген тилегин билдирди:

- Жерибиз деле көп эмес, ар бир жанга 30 сотыхтан тийген. Бул жагыбыз тоо, бул жагыбыз Нарын суусу. Чакан жерибизди да берип жатабыз. Буудай айдабайбыз, арпа менен картошка эле эгебиз. Ошол да бышкыча үшүп кетет. Сентябрь-октябрь айында эле кар түшүп калат. Ошол бизден алган үлүш жерлерибизди эле пайдалуу кылып жакшыраак чечип беришсе.

Убадалар жана сунуштар

Эки тараптуу келишим боюнча ГЭСтер курула турган жердин маселесин чечүү кыргыз өкмөтүнө жүктөлгөн. “Русгидро” болсо жерлер бөлүнбөй жатат деп такай арызданып келет. Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев мындай дооматты четке какты:

- Жогорку Нарын ГЭСтери долбоорунан жергиликтүү бийлик, райондук, облустук бийлик артта калган жок. Бүгүнкү күндө 542 гектар жер трансформация болду. Мына жакында эле 1300 гектар жерди да трансформациялоо боюнча сунуш берилди. Айылдык кеңештердин эле чечими калды. Жер маселеси долбоордон артта калган жок. Атүгүл алдыда кетип баратабыз десек да болот. Ал эми жердин баасын бычуу бул башка маселе. Жерди баалап аны уставдык капиталга коюу керек. Жогорку Нарын каскад ГЭСке атайын көз карандысыз эксперттер келген. Алар бүгүнкү күндө иштерин жасап жатат. Долбоор жердин айынан токтоп калган жок. Сарайлардын ээлеринен мүлкүнүн баасын сурап билип койгонбуз. Ал маалыматты да көз карандысыз эксперттерге бердик. Ошол орточо бааны белгилеп, анан элден сатып алыш керек. Эгер ал баага макул болушпаса сот аркылуу чечсе болот. Мыйзам жол берет. Мыйзам боюнча келишимдин негизинде ишке ашышы керек экен, ошол жерине тете жер берилиши керек экен, эгер жер ээси макул болбосо сот аркылуу чечсе болот.

Түгөлбай Жанбоев жергиликтүү тургундардын кайрак жерлерди айдоого ылайыкташтырып берүү сунушу колдоого алынганын да кошумчалады:

- Негизи каналдын өзү, суу жата турган жер 30 метр болот. Ал эми жээгиндеги жолдор, тиешелүү курулмалары менен 150 метрге чейин болуп атат. Ошол жердеги топуракты, асылдуу, өсүмдүк өсө турган кыртышты кайрак жерлерге төгүп, түздөп берсек деп жатабыз. Бул эл менен макулдашылган. Айылдын жээгинде суу, канал бара турган жерлерибизди дайындап койгонбуз.

Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов да “Азаттыктагы” маегинде жергиликтүү бийлик жер маселесин чечип жатат, иш убагында бүткөрүлөт деп ишендирди:

- Биздин Эки-Нарындагы Тарагай деген жайлообуз 2025-жылга чейин көлдөгү Жети-Өгүз, Тоң райондоруна өткөн. Орток, Дөбөлү элинин суранычы менен ошол жерди кайра алганы жатабыз. Мен Ысык-Көлдүн губернатору менен сүйлөштүм, эки облустун акимдери, айыл өкмөттөрү да жолугушту. Эми көлдүктөр деле жер кенен, жайыт кенен, келип жайлай бергиле деп жатат. Биз бул маселени чечип жатабыз. Биз буюрса ГЭСти курушубуз керек. Орус мамлекети да акчасын бөлүп жатат. Бардык иштер бүгүнкү күндө график менен жүрүп жатат.

Айтор Нарындагы жергиликтүү бийликтегилердин маалыматынан кийин “Русгидронун” жер боюнча айткан дооматы орунсуз экени анык болду.

Шылтоосу көптүн иши жүрбөйт

Эми ГЭСтердин курулуш таржымалын башынан баяндайлы. Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭСти (Ак-Булуң, Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3) куруу тууралуу кыргыз-орус өкмөттөрү 2012-жылы макулдашкан. Келишимде үлүш теңме-тең бөлүнөт деп жазылган жана “Жогорку Нарын ГЭСтери” деп аталган жабык акционердик коому түзүлгөн. Ага Орусиядан “Русгидро”, эл эми Кыргызстандан “Электр станциялары” ачык акционердик коому кирген, ишканага долбоорду жүзөгө ашыруу милдети толугу менен жүктөлгөн. Ишкананын директорлор кеңеши жана башкармалыгы бештен адамдан куралган. Алардын үчөө Орусиядан, экөө Кыргызстандан көрсөтүлгөн.

“Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасы өтө жабык, маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес экен. Бул макаланы даярдап жазууда аталган ишкана эмнегедир Энергетика министрлигин да, “Электр станциялары” ачык акционердик коомун да тоготпой турганы анык болду.

Башында ГЭСтерди курууга 400 миллион доллар сарпталат деп маалымдалган болчу. Кийинчерээк "баалар өстү, айрым бир техникалык жагдайлар кошулду, кышында иштей турган кошумча агрегат да курулмакчы, жолдорду, көпүрөлөрдү салууга кеткен каражат эсептелди жана өндүрүлө турган электр энергиясынын көлөмү чоңойду", дегендей шылтоо менен ГЭСтердин баасы 700 миллион доллардан ашкан.

Төрт ГЭСтен жылына орточо эсеп менен 1 млрд. киловаттка жакын электр энергиясы өндүрүлөт деп айтылган. Эгер электр энергиясынын бир киловатт сааты 3 сомдон сатыла турган болсо, ага салынган каражат өзүн он жылдан ашык убакытта актайт. Эгер 1,5 сомдон деп бааланса, актоо мөөнөтү 30 жылга чукулдап калат. Ага чейин үлүштүн 75% Орусияда болот.

2014-жылы жалпы иштин жети гана пайызы аткарылганы анык болгон. Орусия долбоорго алгач эки миллиард рубль бөлгөн жана бүгүнкү күнгө анын теңи гана пайдаланылган.

"Русгидро" төрт ГЭС 2018-жылы толук курулуп бүтөт, биринчи агрегаты болсо 2016-жылы ишке кирет деп ишендирген. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат деген үмүт артылган.

Байкоочу кеңештин байкоосу

ГЭСтерди курууда бир катар маселелер бар экенин алгач жазында Энергетика министрлигинин байкоочу кеңеши айтып чыккан. Алардын отчетунда "Жогорку Нарын ГЭСтери” жабык акционердик коомунун айрым ички документтери кыргыз мыйзамдарына туура келбейт деп көрсөтүлгөн. Өнөктөштөрдүн тең укуктуулугу сакталган эмес, чечим бир тараптуу кабыл алынат, маселен ревизиялык комиссиянын курамында кыргыз тараптан бир дагы өкүл жок деген доомат болгон.

Андан сырткары байкоочу кеңеш "ЭСКО ЕЭС" ишканасын башкы курулушчу кылып аныктаган Кыргызстанга пайдасыз келишим түзүлгөнүн айтып чыккан. Бул ишкана толугу менен “Русгидрого” караштуу экени белгилүү. Кийинчерээк кыргыз өкмөтүнүн ГЭСтерди негизинен жергиликтүү компаниялар курсун деген жүйөөсү менен бул келишим бузулган.

Энергетика министрлигинин ошол кездеги байкоочу кеңешинин мүчөсү Нурзат Абдрасулова төмөнкүлөрдү билдирди:

- Биз ошондо энергетика министринин, анын орун басары, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчилерин чакырып, иш кандай жүрүп жатат, кайсы этапка келдиңер деп сурап, отчет алганбыз. Ошол маселелер ошондо айтылган. Ошондо айтылган кемчилик-сунуштарды аткарылышы боюнча дагы маалымат берип турабыз дешкен.

Айрым көз карандысыз эксперттер ГЭСтер өз баасынан үч эсе кымбат курулганы жатканын, Кыргызстан үчүн пайдасыз болорун байма-бай айтып келишет. “Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасы кошумча бажы төлөмү жана салыктан бошотулганын, кум-шагыл өңдүү курулуш материалдар, жумушчу күч да арзандыгын, мындан улам ГЭСтерди курулушу кымбат болбошу керек деген жүйө келтирип жүрүшөт. Айрым эксперттер ГЭСтердин курулушуна 250 миллиондой доллар гана каражат кетерин да эсептеп чыгышкан. Узак мөөнөттөгү насыя алып Кыргызстан өзү деле кура аларын айтышкан.

Чаташтырган сандар

ГЭСтердин курулушу жана ага байланышкан маселелерди Нарын районудагы жергиликтүү кеңештер да тыкыр көзөмөлдөп жатат. Орток айылдык кеңештин депутаты Аятбүбү Касмалиева жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу, коррупция, социалдык пакеттердин аткарылбай калышы өңдүү маселелерге көңүл бурду:

- ГЭСтерди кура турган тендерден өтүп келген компаниялар жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылып, мыйзамдуу түрдө келишим түзүп, элдин эмгегин жебесе биз эч убакта каршы болбойбуз. “Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасынын деректирлер кеңешиндеги беш адамдын үчөө Орусия тараптан, экөө Кыргызстандан. ГЭС боюнча кандайдыр бир маселе чыкканда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калбайбы, үч киши Орусияны колдоп, эки адамдын добушу жетпей Кыргызстандын кызыкчылыгына зыяны тийбейби деген кооптонуу бар. Чоң курулушта оң-солу болот. Ошондуктан коррупция аралашпаса, мыйзам чегинде иштешсе деп суранат элек. Кайсы бир маселе чыкканда жогору жактан чечилбей, губернаторлорду, акимдерди эле оңду-солду салып, аларды “тепкилей” бергени туура эмес. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө каражаттын айынан жумушчулардын туруктуу шаарчасы салынбай калды деп жатат. Ал социалдык пакетке кирген болчу. Ал жерде бала бакча, дүкөн, ашкана, атүгүл мектепке чейин салынат дегенге чейин барышкан.

ГЭСтердин курулушу боюнча “Азаттыктын” суроолоруна энергетика министринин орун басары Айбек Калиев жооп берди. Ал эки тараптуу келишимди кынтыксыз деп атады:

- Келишимде ГЭСтер өзүн-өзү толук актамайынча Кыргызстан өзүнүн 25% акциясын Орусияга өткөрүп берет деп жазылган. Ошон үчүн алар 75% менен баштап жатат. Өзүн актагандан кийин башкарууда ротация болот, орус тараптан эки, биз жактан үч адам дайындалат. Келишим уникалдуу, чыныгы инвестициялык келишим, бизде буга чейин мындай келишим болгон эмес. Өнөктөштөрдүн тең укуктуулугу сакталат. Мисалы, келишимди техникалык-экономикалык негиздеме, бюджеттик саясат өңдүү чоң-чоң чечимдерди кабыл алуу бир добуштан колдоого алынганда гана кабыл алынат деп жазылган. Мындай чечимдерди көпчүлүккө салып өткөрүп коет деген болбойт. Андай болгондо орус тарап өзү каалаганын кыла берет эле да. Эгерде төртөө макул болуп, бирөө эле каршы болсо анда баары бир өтпөй калат. Ошон үчүн бешөө тең колдошу керек, чечим ошондо гана кабыл алынат.

Кечиккен курулуш

Быйыл жазында “Русгидронун” башкармалыгынын айрым өкүлдөрү Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушун каржылоо тууралуу чечим жоктугун айтып чыгышкан.

Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыров азыр “Русгидронун” каржылык абалы начар экенин, ошондон улам курулуш кеч калганын айтты. Анын пикиринде, быйыл курулуш иштери дээрлик жүрбөгөндүктөн 2016-жылы биринчи агрегаты ишке кирбей турганы анык болуп калды:

- 2016-жылы биринчи агрегатты ишке берилиши керек эле. Анын ишке ашары эми күмөн болуп калды. Анткени көп убакыт өтүп кетти. Нарындын шартында курулуш бир убакта эле өтөт. Жай мезгилинде башталып, кеч күзгө жетпей эле токтойт. Эң көп дегенде жети-сегиз айдын ичинде курулуш иштери болбосо беш ай кыш болот. Иш кылууга болбойт. Быйылкы курулуштун кармалышынан улам 2016-жыл деген мөөнөткө эми үлгүрүшпөйт. Эми курулуштун кармалган себеби Орусиядагы экономикалык кризис болду. Кризистен улам “Русгидронун” каражаты тартыш болуп жатат окшойт.

Биз Жогорку Нарын ГЭСтери түшө турган жерге өткөн аптада барганыбызды жумушчулардын убактылуу шаарчасында кароолчулардан башка эч ким жок экенин көрдүк. ГЭСтердин курулушу боюнча маалымат алуу "Жогорку Нарын ГЭСтери" жабык акционердик коомунун Бишкектеги кеңсесине баш бакканыбызда техникалык жумуш аткарган эки эле адам бар экенине күбө болдук.

Орусия Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСтен сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп берүүгө макул болгон. 2012-жылы түзүлгөн өкмөт аралык келишим боюнча, анда да үлүш теңме-тең бөлүнмөк. Жогорку кеңеште Камбар-Ата-1дин курулушу Өзбекстан каршы болгону үчүн кармалып жатканы айтылган. Кыргыз бийликтеринин билдиришинче, бул долбоор боюнча сүйлөшүү дагы деле уланып жатат, азырынча каржы булагы аныкталбай техникалык-экономикалык негиздемеси да бекий элек. Камбар-Ата-1дин баасы болжол менен үч миллиард доллар деп бычылган. Жылына 4,4 миллиард киловатт саат электр энергиясы өндүрүлмөкчү болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG