Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Ооганстандагы маңзат талааларынын кеңейиши аны ташыган “түндүк агымынын” күч алышына алып келүүдө.

Аталган агымга кирген маңзат ташып өткөрүүдөгү Кыргызстан багыты адистердин баамында, эл аралык маңзат мафиясынын натыйжалуу транзит чордону бойдон кала берүүдө.

Миллиондорду айланткан маңзат аткезчилиги

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү маңзаттарынын токсон пайызы Ооганстанда өстүрүлөт. Анын отуз пайыздан ашууну жылына Борбордук Азия аркылуу Орусияга жана Европага ташылып турат. Маңзатынын калган бөлүгү Иран, Индия жана Пакистан аркылуу дүйнө жүзүнө таралат.

Аталган багыттардагы маңзат агымдарын бууп, токтотууга жасаган аракеттерден улам, Ооганстандын түндүгү аркылуу өтчү маңзаттарынын “түндүк агымы” күчөй баштаган.

“Борбор Азиялык маңзат саясаты” борборунун жетекчиси Александр Зеличенко маңзат каналынын Баткен багыты опурталдуу болуп турганын белгиледи:

- “Түндүк агым” аркылуу өтчү маңзаттарындагы Кыргызстан багытынын үлүшүн так аныкташ кыйын. Бул багытта байкоого алынган жана али аныктала элек маңзат каналдары толтура. Учурда Тажикстандан келген маңзаттарынын Баткен багыты Кыргызстандын укук коргоо органдарынын баш оорусуна айланды. Мына ошондуктан жакында маңзаттарын көзөмөлдөө агенттиги ал жакта өзүнүн аймактык башкармалыгын ачуууга аргасыз болду.
Чет өлкөлөрдөн мигранттар которгон акчанын өлчөмү 1,5 миллиард доллардан ашуун деп сүйүнүп жатабыз. Биз изилдеп, анализ жасаганда мына ошол 1,5 миллиарддын жарымына жакыны маңзат жүгүртүүдөн түшкөн каражатты которуп жатышканы маалым болгон....


Кыргызстандын укук коргоо органдары 2012-жылдын алгачкы төрт айында эле маңзаттарына байланышкан 516 кылмыштын бетин ачты. Мына ушул аралыкта кармалган маңзаттарынын көлөмү эле дээрлик үч тоннадан ашуун. Алардын ичинен эң көбү гашиш, апийим жана героин.

Жакында эле Баткендин бир тургуну 54 килограмм героин менен Ош-Бишкек жолунан кармалды. Маңзат соодасы менен алектенгендердин саны артып, 229 жергиликтүү жаран кара тизмеге илинген. Эксперттер маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүдөгү көмүскө сооданын катышы 2 - 2,5 миллиард АКШ долларына барабар деген божомолдорун айтышууда.

Маңзаттарын көзөмөлдөө кызматынын мурдагы жетекчиси, эксперт Болотбек Ногойбаев көмүскө маңзат экономикасы өнүгүп жаткандыгына токтолду:

- Маңзатты көзөмөлдөө боюнча кырдаал курч. Мисал үчүн азыр жылына Орусиядан же башка бир чет өлкөлөрдөн мигранттар которгон акчанын өлчөмү 1,5 миллиард доллардан ашуун деп сүйүнүп жатабыз. Бирок муну изилдей келгенде башкача жыйынтыктар чыгып жатканы тынчсыздандырат. Биз изилдеп, анализ жасаганда мына ошол 1,5 миллиарддын жарымына жакыны маңзат жүгүртүүдөн түшкөн каражатты которуп жатышканы маалым болгон. Бир нече топтогу адамдар кайсы бир өздөрүнүн шериктерине 7 миң, 10 миң доллардан аз-аз өлчөмдө регулярдуу акча которуп турганы аныкталган. Ал адамдарды текшерсек, же бул жакта, же Орусияда бизнеси жок. Мына ушуга окшгон каналдардын бетин ача турган болуп калганыбызда биздин агенттикти Бакиевдер жоюп салышпадыбы...

Бирок мындай болжолдуу көрсөткүчтөргө расмий бийлик органдары макул эмес.

Анткени маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө киргизилген каражатты жана андан түшкөн кирешенин өлчөмүн так аныктоо мүмкүн эмес деп жүйөө келтиргендер да аз эмес.

Маңзаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Тимур Мадияров көмүскө маңзат соодасынын көлөмүн аныктоо боюнча изилдөө иштери жүрүп жатканын белгиледи:

- Биз азыр маңзат экономикасынын көмүскө эсептери боюнча изилдөө жүргүзүп жатабыз. Мына ошол эсептер кайдан алынат жана буга байланышкан жалпы кириш-чыгыш кандайча нукта эсептелерин изилдеп жатабыз. Анан мына ошондой өлчөмдө мындай-андай деп айтыш азыр кыйын. Анткени бул өтө татаал схема. Аны эсептөөнүн өзүнчө формуласы бар. Биз азыр конкреттүү фактылар боюнча гана иштейбиз. Эгерде шек жарата турган акча которуулар болсо бизге ал туурасында каржылык чалгындоо кызматынан кабарлашат. Ошого жараша иликтеп, иш алып барабыз. Анан которулган акчанын кандайдыр бир бөлүгү маңзат соодасынан түшөт экен деп жалпылап айтууга болбойт.

Маңзаттын баасы – аны менен күрөштүн көрсөткүчү

Серепчилердин айтымында, 2009-жылы маңзаттарын көзөмөлдөө агенттигинин жоюлушу жана ички иштер министрлигиндеги маңзаттарына каршы күрөшүү башкармалыгынын кыскарышы Кыргызстан аркылуу өтчү мыйзамсыз сооданын гүлдөшүнө шарт түзгөн. Бириккен Улуттар Уюмунун маңзаттарга каршы күрөшүү программасынын эксперттеринин байкоосуна караганда, мына ошол учурда героиндин бир дозасынын көмүскө базардагы баасы 4 долларга чейин түшкөн. Бул көрсөткүч ири көлөмдөгү маңзат Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирген дегенди туюндурат. Азыркы учурда анын баасы 8-9 долларга чейин көтөрүлгөн.

Өзүнүн ысымын ачык айткысы келбеген милициянын отставкадагы генералы, маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча адис аталган көрсөткүч маңзатын ташуудагы географиялык шарттар менен да байланыштуу экенин айтты:

- Ооганстандан алып келе жатканда алгач Тажикстан, анан Кыргызстан каттамдары боюнча өтөт да. Анан мына ошол маңзат өстүрүлгөн аймактан канчалык алыстаган сайын анын баасы жогорулап отурат. Мисал үчүн бизге караганда Тажикстанда бир кыйла арзан. Бизде болсо Казакстан менен Орусияга караганда арзан дегендей. Канчалык ал маңзат алыска ташылса анын баасы ошончолук кымбаттайт. Анткени жол чыгымы, анан аны ташып өткөрүүдөгү тобокелчиликтер дагы эске алынат. Анан манзат кайсы бир аймакка көп ташылып кетсе ал жерде анын баасы токтоосуз түшөт.

Ошол эле кезде айрым талдоочулар Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы туташ коррупция ташылып жаткан маңзаттарынын эң аз өлчөмүн гана кармоого шарт түзүп жаткандыгын белгилешти. Талдоочулар буга маңзат соодасына аралашкан, же аларды калкалаган бир дагы жогорку даражадагы аткаминердин кармала электигин мисал келтиришти.
“Наркобарондор” өтө этият иштеп, коомчулукка байкалбагандары бийликке аралашып кетишти. Анан жанагы билинип калгандары болсо күч түзүмдөрүнө, прокуратурага жана сотко өздөрүнүн адамдарын киргизишип, аларды кичине кызматтардан баштап жылдырып отуруп, чечим кабыл алуучу кызмат орундарына чейин жеткизип жатышат...


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов маңзаттар тонналап ташыла турганы боюнча ыкчам маалыматтар болгонуна токтолду:

- Анткени бизде анча-мынча эле кармалганы болбосо, мына ошого окшогон тик учактар менен тонналап ташып, анан мындан ары үчүнчү бир өлкөгө учак менен алып кетишет деген оперативдүү маалыматтар бар болчу. Ал эми 10-15 килограмм кармалып жаткан манзаттары бул жөн эле отчет үчүн жасалган жагы. Мындай аткезчилик биздин күч түзүмдөрүнүн же бийлик башындагылардын колдоосу болбосо ишке ашышы кыйын. Ошондуктан бул иште эл аралык маңзат мафиясы менен кызматташкан бийликтеги таасирдүү адамдардын салымы бар экендиги талашсыз.

Наркобарондордун “кадрлары”

Кыргызстандын атайын кызматынын маалыматы боюнча, маңзатын ташууга ыңгайланышкан отуздан ашуун жергиликтүү уюшма топ бар. Бирок алардын саны түрдүү кырдаалга байланыштуу бирде кыскарып, бирде көбөйүп турат. Адатта маңзат менен шугулданган наркобарондор бийликтегилерден колдоо издеп турат.

Маңзаттарын көзөмөлдөө тармагы боюнча эксперт Болотбек Ногойбаев маңзат соодасын көзөмөлдөөчү күркүлдөрдүн бети ачылбай келе жатышын төмөндөгүдөй себептер менен байланыштырды:

- “Наркобарондор” өтө этият иштеп, коомчулукка байкалбагандары бийликке аралашып кетишти. Анан жанагы билинип калгандары болсо күч түзүмдөрүнө, прокуратурага жана сотко өздөрүнүн адамдарын киргизишип, аларды кичине кызматтардан баштап жылдырып отуруп, чечим кабыл алуучу кызмат орундарына чейин жеткизип жатышат. Анан мына ошол өз адамдары аркылуу өздөрүнүн ишине калканч издешет. Кээде органдардын маалыматтарын мына ошол адамдары аркылуу уурдашып, ошого жараша кармалбай качып кетүүгө үлгүрүшөт.

Кыргызстан аркылуу ташылчу маңзат агымынын кеңейиши жергиликтүүлөр арасында да аны колдонуучулардын санынын көбөйүшүнө өбөлгө түздү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ийне сайынган баңгилердин расмий саны өткөн он жылда эки эсе өсүп, 10 миң 705 адамды түздү.

Бирок бейөкмөт уюмдардын эсеби боюнча, бул көрсөткүч төрт эсеге көп болушу мүмкүн. Анткени көпчүлүк маңзат ийнесине отургандар жедеп тура албай калмайынча дарыланууга барып, расмий каттоодон өтүүнү каалашпайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG