Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

2015-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге азайган.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Орусия менен экономикалык карым-катнаш да төмөндөдү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Казакстан жана Орусия менен товар жүгүртүү көлөмү жогорулайт деген божомолдорго карабай, экономисттер алдыңкы жылдарга пессимисттик баа берип жатышат.

2014-жылы Кыргызстандан Казакстанга экспорт 340 млн. доллардан ашса, 2015-жылы Кыргызстан болгону 150 млн. долларга ар түрдүү товар экспорттогон.

Бажы кызматынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Жаманак Нүсүркановдун “Азаттыкка” билдиришинче, жалпысынан Казакстан менен товар алмашуунун көлөмү 472 млн. доллардан ашып, бул 2014-жылга салыштырмалуу эки эсе аз көрсөткүч болуп калды.

- Товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн төмөндөп кеткенине негизги себеп – доллардын баасынын кымбатташы жана дүйнөдөгү экономикалык кризис. Мындай көрүнүш бир гана бизде эмес. ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдө да көрсөткүчтөр ылдыйлап кетти.

ЕАЭБ реэкспортту ала кетти

Евразия экономикалык бирдиги Кытайдан келген реэкспортту тыйып, ири базарларды жабууда. Айрыкча Кытай менен түз байланыштагы "Дордой", Кара-Суу жана "Мадина" базарлары кымбатчылык айынан коңшу өлкөнүн соодагерлерин кызыктырбай калды.

Ушундан улам реэкспорт Кыргызстандан коңшу Казакстанга ооп кеткени соода алмашуу көрсөткүчүнө залакасын тийгизгенин экономика министри Арзыбек Кожошев айтып жатат. Министр реэкспорттун Казакстанга өтүп кетишин кошуна өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен байланыштырды.

- Чындыгын айтканда реэкспорт Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киргенден улам ооп кетти. Алар кыйла ыңгайлуу шарттарды соодагерлерге түзүп беришти. Ошондуктан "Дордой" жана башка базарларыбызды анализдеген атайын жумушчу топ түзүлдү. Алардын жыйынтыгы менен кошумча маалыматтарды беребиз.

Буга чейин Кыргызстан ЕАЭБге киргенде түздөн түз Орусия, Казакстан менен эркин соода жүгүртүүдөгү көрсөткүчтөр жогорулары айтылган эле. Бирок иш жүзүндө дал ушу эки өлкө менен соода алмашуу ылдыйлагп кеткенин мезгил көрсөтүүдө. Экс-депутат Равшан Жээнбеков болсо Кыргызстандын коңшулар менен товар алмашуу көрсөткүчтөрү буга чейин жалган сандар менен көрсөтүлүп келгенин айтууда.

- Биздин бийлик Кыргызстандын ЕАЭБге киргизүү үчүн жасалма статистиканы көрсөтүп келген. Себеби, биз Орусия менен тыгыз байланыштабыз деген ураанды элдин кулагына сиңирип, алдап, ошол уюмга эптеп киргизиш керек болчу. Чындыгында биздин 60-70% соодабыз Кытай менен жүрүп жатат. Ошондуктан эми гана Орусия жана Казакстан менен карым-катнаштын реалдуу сүрөтү чыгып отурат.

Кризис бир нече жылга созулат

Ал ортодо экономисттер алдыңкы жылдарда деле иш оңунан чыгарына көзү жетпей турган кези. Коңшулар менен соода жаатындагы алаканын солгундоосу кеминде эки-үч жылга созуларын айткан экономист Мейманбек Абдылдаев кырдаал ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык абалына көз каранды экенин белгиледи.

- Бир-эки жыл ичинде чакан сектор иштеп, экспортко ыкташыбыз керек. Ал эми өнүгүүгө андан да көп убакыт кетет. Алдыда Орусия менен Казакстандын рыногунан орун алуу деген чоң тапшырма турат.

Дүйнөлүк экономикалык каатчылык Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык катнашынын көрсөткүчүн да төмөндөттү. 2015-жылдын жарым жылындагы кыргыз-кытай товар алмашуусунун көлөмү 509 млн. долларга жетип, 19 пайызга азайган. Ошентсе да Кытай менен соода жүгүртүүнүн көлөмү Казакстанга салыштырмалуу жогору бойдон калды.

Экономисттер дүйнөдө доллар бекемделип, мунайдын баасы түшө берсе, бул кырдаал коңшулар менен катар Кыргызстандын экономикасына да терс таасирин тийгизерин айтат. Бул жаатта Экономика министрлиги кыргыз-орус өнүктүрүү фондундагы каражатты ишкерлерге таратып, бир катар тоо-кен ишканаларына басым жасап экономикалык көрсөткүчтөрдү оңдоого үмүттөнүп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG