Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Бишкектеги ботаникалык бактын аянты жол тыгынын азайтуу максатында кыскартылат. Шаардык мэрия жолдун курулушу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экотехинспекция, Илимдер академиясы менен чогуу кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ботаникалык бактын жетекчилиги жолдун курулушу андагы сейрек кездешүүчү бактардын кыйылып кетүүсүнө жана ирригациялык системанын бузулушуна алып келет деп тынчсызданып, Илимдер академиясына каршы пикирин жөнөттү.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 2015-жылы шаар ичиндеги жолдорду оңдоп-түздөө, реконструкциялоо боюнча концепция бекитилген. Анын алкагында ботаникалык бактын чет жакасы аркылуу өткөн Токтоналиев атындагы көчөнү кеңейтип, туурасы 15 метр, төрт тилкелүү жолго айлантуу маселеси каралган.

Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алманбетованын билдиришинче, бул аракет жол тыгындарын азайтып, шаардыктардын жашоосун жеңилдетүү максатын көздөйт.

- Кытайдан алынуучу грантка жаңы жолдор курулат. Ботаникалык бак качан курулду эле, ал эми азыр шаарда канча унаа жүрүп жатат? Шаар тургундары жумуштарына кечигип кыйналып, көп жумуштары бүтпөй калууда. Ошондуктан Токтоналиев көчөсү кеңейтилиш керек. Бул көчө ботаникалык бактын тосмосунун түбүндө салынган илгерки көчө эле.

Маалыматка ылайык, Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бак Медеров көчөсү тараптан 17 метрге, Горький көчөсү тараптан 11 метрге, Кулатов көчөсү тараптан 9 метрге ичкери карай жылдырылат. Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки аралык 253 метр, Горькийден Кулатов көчөсүнө чейин 269 метрди түзөт.

Ботаникалык бакчада 1984-жылдан бери иштеп келаткан илимий адис Галина Малосиева мэриянын жол кеңейтүү аракети бир канча жыл бою эмгек менен өстүрүлгөн уникалдуу бак-дарактардын кыйылышына, ага кошумча ирригациялык системанын бузулушуна алып келээрин эскертүүдө.

- Шаарды ансыз деле жашыл аймактар азайып баратат. Бакчанын ичи секторлорго бөлүнүп, бактар отургузулган. Караңызчы, мына бул кыйыштырылган эмен багын окумуштуулар селекциялык жол менен өстүрүшкөн. Амур липасы кандай татынакай бак! Австриялык эмендин топулуу жаңгактары таң калтырат. Бакча кыскарса, 40-жылдан бери сактап келген бактар кыйылат, алар башка жерде жок. Кайрадан көчөттөн баштап өстүрүү керек. Шаардын чок ортосундагы оазис ызы-чууну, чаңды, газды сиңирип алып, кычкылтек чыгарат. Аны кыскартабыз деген сөз бизге сокку болду. Курулуш иши башталса, ал жердеги арыктар бузулат. Бактар суусуз калып, куурай баштаса эмне болот?

Алдын ала маалыматтар боюнча, бакчанын аянтынын кыскартылышы менен 18 түрлүү 227 даана дарак-бадал кыйылышы мүмкүн.

Бакчанын жетекчиси Медет Акматов Илимдер академиясына мыйзам менен коргоого алынган жашыл аянтты бүлдүрбөө тууралуу кат жолдогонун билдирди.

- Билесиңер да, бизде эки аймак бар. Бирөө дендрарий-коругу, экинчиси декоративдүү гүлдөрдү өстүрүү лабораториясы болуп саналат. Ушул эки жактан тең жолду кеңейтебиз деп, аянтты кыскартканы жатат. Биз мындай болбойт деп айтып жатабыз. Себеби мыйзамдар да бар. Буларга тийүүгө болбойт.

Мэриянын жолду ботаникалык бакчанын эсебинен кеңейтүү идеясы январь айында эле белгилүү болгону менен Илимдер академиясы бул туурасында өзүнүн позициясын билдирүүдөн карманып турат. Шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу үчүн кам көрүп жатабыз деген мэрия мындай тынчсызданууга негиз жоктугун, бактарга көп зыян келтирбеш үчүн ушул тапта Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экотехинспекция, Илимдер академиясы менен кеңешүүлөр, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастоодо. Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова буларды айтты:

- Дубалды түбүндөгү бактар же өсүмдүктөр болсо көчүргүлө деп биз азыр Илимдер академиясы менен иштеп жатабыз. Анан муниципалитет ал бакчаны алып, сатып, жыргап кетмек беле? Бул бир миллион кишиден ашык жашаган Бишкек борборубуздун жолун кеңейтүү максатында жасалып жаткан аракет.

Эколог Алмагүл Кендирбаева шаардын өсүп өнүгүп, инфраструктурасынын жаңырышы үчүн жашыл аянттарды садага чабуу туура эмес жол деп эсептейт. Анын пикиринде, мэрия шаар тургундарынын ыңгайлуу жашоосун камсыз кылуудан мурда алардын ден соолугуна бул бакча кандай таасир этээрин изилдеп чыкса жарашмак.

- Жашыл аймактагы бак-дарактан бөлүнүп чыккан таза кычкылтек шаар тургундарынын ден соолугуна абдан керек. Шаардын инфраструктурасы ошол ботаникалык бак аркылуу эмес, башка бир альтернативдүү жол менен чечилсе жакшы болмок.

Бишкек шаарынын чок ортосуна жайгашкан дендрарий-корук-ботаникалык бак тарых, маданият жана архитектуралык эстеликтер катары мамлекеттик коргоого алынган.

1938-жылы түптөлгөн бул бакчада бүгүнкү күндө бак-дарак, бадал, гүл, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар. 160 гектар аянтты ээлеп жаткан бакча өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия жана КМШда биринчи орунда турат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG