Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Кайберенди кырган "ишкердик"


Сары-Чат-Ээр-Таш коругундагы кайберендер
Сары-Чат-Ээр-Таш коругундагы кайберендер

Бийик тоолордогу оор кардан улам тоо ылдый түшкөн кайберендерге мыйзамсыз аңчылык күчөдү.

Тогуз-Торо райондагы “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан корукчулар кийиктерди атып, этин артынып келе жаткан бүлгүнчү-аңчыларды кармалган. Корукчулар кармалгандар арасында Тогуз-Торо райондук жаратылышты коргоо инспектору да болгондуктан укук коргоо органдары бул ишти козгобой жатканына даттанышты.

Аткаминерлер аралашкан аңчылык

Тогуз-Тородогу “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын корукчулары Көк-Ирим айыл аймагынын Аксай тилкесинен 4-февраль күнү кечки саат тогуздарда Арал айылынын тургундары Нурбек Курманбаев менен Мирлан Байышевди эликтин эти жана ок атуучу курал менен кармашкан. Ошондой эле токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Тогуз-Торо райондук инспектору Майрамбек Жапаркулов, жардамчысы Сейдахмат Келгенбаев жана Мырзапай Темиракунов деген адамдардын куржунунан кайберендердин эти жана ок атуучу курал табылган.

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын ага корукчусу Көчкөнбай Асылбеков далилдерге карабастан укук коргоо органдары иш козгобой жатканына даттанды:

- Ошол эле Аксай тилкесинен үчөөнүн куржундарында толтура кийиктин эти жана Майрамбек Жапаркуловдун жонунда ТОЗ-20 деген сайлуу мылтык болгон. Бирок инспектор Жапаркулов корукчуларга баш ийбей, сөгүнүп, “силердин кармаганга акыңар жок” деп коркуткан. Дем алыш күндөрү болгондуктан 6-февраль күнү эртең менен милицияга барып, кармалган ок атуучу куралды жана этти тапшырдык. Тиешелүү протокол менен акт түзүлүп, биз тиешелүү документтерди бергенбиз. Бирок ошондон бери тергөөчүлөрдө кыймыл жок. Ал арада Майрамбек Жапаркулов Бишкектеги департаментке барып, башкача маалымат бериптир. Ошонун бардыгын башка бирөөгө оодарымыш болуп, милиция менен прокуратура ишти жаап койгону турат.

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Кыргызстанда өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберенге кыргын салган фактылар ачыкка чыгууда.

Тогоз-Тородогу “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы кайберендер эң көп түнөк кылган аймактардын бири. Бирок соңку мезгилде ал жакта кайберендерге мыйзамсыз аңчылык көбөйүп, бүлгүнчүлүк күчөгөндүгүнө байланыштуу 2015-жылы “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы уюшулган. Ага карабастан кайберендерге аңчылык көбөйүп, алардын эти менен мүйүзүн жең ичинен соодалоо күч алган. Буга адатта жаратылышты коргоо органдары өздөрү аралашкан учурлар көп кездешет.

Корукчу Көчкөнбай Асылбеков бул жагдай туурасында мындай деди:

- Булар кийиктин бардыгын аттырып, этин Жалал-Абадга алып барып, облустагы чоңдорго жөнөтүп турушат. Ал жактан дагы мунун иштешкендери келет. Башка бир адамдар аркылуу кийик этин базарга алып барып, тааныштары аркылуу көмүскө жолдор менен саттырышат. Булар былтыр дагы кармалышып, бирок прокуратура менен милиция кийлигишип жатып, ишти жаап коюшкан. Бул жолу дагы ошондой кылганы турушат.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Тогуз-Торо райондук инспектору Майрамбек Жапаркулов менен байланышууга мүмкүн болбоду. Айрым маалыматтар боюнча ал өзүнүн жетекчилигине ошол бүлгүнчүлөрдү өзү кармаганын, бирок жаратылыш паркынын корукчулары андан тиешелүү далилдерди тартып алганын айтып, даттанган.

Бул мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов анын Тогуз-Тородогу кызматкери, тескерисинче, бүлгүнчүлөрдү өзү кармаганын атйып, бир эле тармактын эки башка кызматкеринин маалыматтары эки ача чыгып жатканын белгиледи:

- Этти чоңдорго алып келип беришет экен. Бул жерде эң чоңу менмин да. Мага ошол этин көтөрүп алып келишсинчи. Карматып, абакка каматайын. Бул айтылган факты боюнча негизи бизге маалымат жазылган экен. Муну биздин кызматкерлер кармашыптыр. Бардык доолору коюлуп, иш прокуратурага өткөн. Мага азыр департамент башчысы ошентип айтты. Жапаркулов Майрамбек тескерисинче өзү бүлгүнчүлөрдү кармап жатпайбы. Өзү кармап алып, кайра өзү ошол ишке кириптер болмок беле. Бул жерде туура эмес маалымат кетип жатат. Мен бирөөлөр айтып жатканы менен иштебейм. Бул жерде факты керек. Эгерде чынында эле анын бул ишке катышы бар экени далилденсе кызматтан алып, укук коргоо органдарына өзүм салып берем.

Тогуз-Торо милициясынын жообу

Ошол эле учурда Тогуз-Торо райондук милициясы бул иш боюнча 10 күндөн бери териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Райондук милиция башчысынын орун басары Эмил Мантыбаев жаратылышты коргоо инспектору аралашты делген иш боюнча тергөөчү жакында чечим кабыл ала турганын билдирди:

- Тергөө иштери жүрүп жатпайбы. Тергөө эч кимден көз каранды эмес. Прокуратура дагы кызыкдар. Ал бул иштин мыйзамдуу тергелишин көзөмөлгө алып турат. Бул ишти прокурор менен тергөөчү чечет. Биз ага эч кандай кийлигише албайбыз. Биз бул иштин кыйзамдуу иликтенишин колдоп эле жатабыз. Анан прокуратура бул боюнча кандай чечим алары азырынча бизге белгисиз.

Бир канча убакыттан соң Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов кайра байланышка чыгып, “Кан-Ачуу” жаратылыш паркындагы корукчулар менен түздөн-түз сүйлөшкөнүн айтты. Бул боюнча жакын арада кызматтык иликтөө жүрөрүн билдирген жетекчи анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилерин убада кылды.

"Азаттыктын" архивинен: "Аскада" калган аңчылык​ (14.04.2016)
"Аскада" калган аңчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:12 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG