Линктер

Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын, айрыкча кайберендердин саны акыркы 20 жылда өтө эле азайып кетти.

Ошондуктан парламенттеги айрым депутаттар 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүп жатат. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мергенчиликке узак мөөнөткө мораторий киргизүү мыйзамсыз аңчылыкты күчөтөөрүн белгилеп, айрым аймактарга убактылуу тыюу салууну сунуштады.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги сунуштап жактан мыйзам долбоорунда 2017-жылдан тарта өлкө аймактарындагы аңчылык зоналарына кезек-кезеги менен тыюу салуу каралууда. Ага ылайык, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдары Нарын, Ош облустарында, ал эми 2023-2025-жылдары Жалал-Абад, Талас облустарында аңчылыкка тыюу салынат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов аңчылык боюнча буга чейин айрым депуттар көтөргөн мыйзам долбоору ишке ашпайт деген пикирде:

- Мен альтернативдүү жолду сунуштап жатам. Ал эми депуттар сунуштап жаткан мыйзам долбоору иштеши үчүн ири суммада каражат керек. Алар жөн эле тыюу салыш керек деп бир баракка жазып коюптур. Таптакыр тыюу салуу үчүн бир топ кызматкер керек. Аларды курал жана башка жабдыктар менен камсыз кылыш зарыл. Анын баары акча. Эгерде 2030-жылга чейин тыюу салынса, өкмөттөн акча бөлүнүшү керек. Ал эми мен сунуштап жаткан долбоор натыйжалуу болмок.

Рустамов сындап жаткан эл өкүлдөрүнүн мыйзам долбооруна ылайык, аңчылыкка 2030-жылга чейин таптакыр тыюу салынмак. Бирок анда карышкыр, түлкү жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу чараларына каршы келбей турган жолдор каралмакчы. Парламенттеги мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттардын бири Эмил Токтошев алардын демилгеси өлкөдөгү жапайы жаныбарларды сактоого жана көбөйтүүгө өбөлгө түзүлмөк дейт.

- Биз ушул мыйзам менен гана маселени чече алабыз. Ал эми убактылуу тыюу салуу деген болбойт. Таптакыр тыюу салууга азыр бөлүнүп жаткан акча эле жетет. Учурда мамлекетке аңчылыктан каражат түшкөн жок, бирок казынадан акча бөлүнөт.

Учурда эки мыйзам тең коомдук угууга чыгарылган. Дегеле соңку жылдары аңчылыкка байланышкан улам жаңы чуулгандуу окуялар чыгууда. Байкоочулар аңчылык тармагы жедеп коррупцияга батып калганын белгилешет. Бул кирешелүү бизнестин артында үлкөн аткаминерлер тураары дагы айтылып келет.

Нарындык жергиликтүү мергенчи Надырбек Кыдырмышов көп жылдардан бери тоо арасында карышкыр атат. Анын байкоосунда, акыркы жылдары кайберендер кескин азайды. Ал эми аларга кам көрүү милдетин алган аңчылык фирмалар сезон учурунда гана пайда болуп, өз милдетин так аткарбай жатат. Бирок жергиликтүү мергенчи таптакыр аңчылыкка тыюу салууну колдобойт, болгону мамлекет көзөмөлдү күчөтүшү керек деген пикирде:

- Аңчылыкка таптакыр тыюу сала албайбыз. Анда мыйзамсыз аткандар күчөйт. Муну чечүү жолу - көзөмөлдү күчөтүү керек. Азыркы турфирмалар сезон учурунда гана келет. Ал эми мыйзам боюнча ошол жердеги кайберендердин көбөйүшүнө шарт түзүү керек болчу. Ал нерсени эч кимиси аткарбай жатат. Ушул жагын тыкыр көзөмөлдөө зарыл.

Ушул тапта Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн аңчылык турларын уюштурган 50гө жакын жеке фирма бар. Алардын ар бири кеминде 70 миң гектардан аңчылык жайытына ээлик кылат. Улуттук илимдер академиясынын маалыматында, өлкөдө 17 миңге жакын аркар-кулжа байырлайт жана алардын саны жыл санап азаюуда.

Мыйзам боюнча ар жылы аталган жаныбарлардын жарым пайыздан бир пайызга чейинкисине аңчылык кылууга уруксат берилет. Тагыраак айтканда, жылына 70тей кулжа, 250-300 теке атылат. Бирок мыйзамсыз атылган аркар-кулжа мындан көп экенин адистер белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG