Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири болгон "Дордойдо" соода солгундап, ишкерлер экономикалык блокадада калды.

Бул тууралуу аталган базарда соода кылган ишкерлер айтып чыкты. Алардын жүйөсүндө, сооданын солгундашына Бажы биримдигине мүчө Казакстан Кыргызстан менен соода жүгүртүүгө чектөөлөрдү киргизгени себеп болду.

"Дордой" соода комплексиндеги кесиптик кошуундун төрайымы Дамира Дөөлөталиеванын айтымында, базардагы сооданын солгундаганына беш айдын жүзү болду. Анткени былтыр жыл аягынан тарта “Дордойдогу” товарлардын 70 пайыздан ашыгын сатып алган Казакстан Кыргызстандан товар киргизүүнү катаалданткан:

- Казакстан “Дордойдон” алып кирчү товарларга чектөө киргизден бери базардагы соодагерлер кыйын учурга тушукту. Базарда соода жок. Ишкерлердин маанайы чөгүп, эмне кыларын билбей жатат. Көпчүлүгү насыя алып иш кылчу эле, соода начар болгону үчүн пайыздык төлөмдөрдү төлөй албай калышты.

Дөөлөталиеванын айтымында, абал дал ушундай жол менен кете берсе, базар жабылып калуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. Ошондуктан, өкмөттү тез арада чара көрүп, Казакстанга товар өткөрүүнү мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылууда. Бул үчүн “Дордойдун” соодагерлери Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушуна да макул. Өкмөт бул мындай чараларды тезинен көрбөсө жакынкы аралыкта базардагы 60 миңден ашык соодагер митингге чыкмакчы:
"Дордой" базарына өлкөнүн туш тарабынан келишип, товар ташып кетишет.

"Дордой" базарына өлкөнүн туш тарабынан келишип, товар ташып кетишет.

- Биз өкмөткө бир нече жолу кат жазып, Бажы биримдигине кирсеңер эртелеп киргиле, биз ага макулбуз, бирок кыйынчылык болсо кандай кыйынчылык болот так айткыла деп кайрылганбыз. Анткен менен өкмөт биздин суроону жоопсуз калтырууда. Азыр биз өзүбүз менен өзүбүз болуп, орто жолдо калдык.

Негизи “Дордой” базары аркылуу Кытай, Түркия, Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдөн алып келинген товар кайрадан жакынкы коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Ошондой эле базарда “Кыргызстанда тигилген” бренди бар товарлар да сатылат. Соодагерлер реэкспорттун көлөмү кескин азайганын жыл башынан бери эле айтып келишкен.

Кыргыз өкмөтү болсо Бажы биримдигине кошулуу боюнча негизги шарттардын бири катары “Дордой”, “Кара-Суу” сыяктуу базарларга жеңилдик берүүнү атаган. Атүгүл өткөн айда Бажы биримдигине кошулуу боюнча “жол картадагы” талаш жараткан алты пункттун бири дал ушул базарларга жеңилдетилген шартта товар алып кирүү боюнча болчу. Ал үчүн кыргыз тарап өлкөдөгү ири базарларга эркин экономикалык аймак деген макам берип, башка өлкөлөр менен мурдагы тарифтик төлөмдөрдү сактап калууну сунуштаган. Бул сунушту премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада Москвага болгон сапарында да эске салган:

- Биз бул базарлар кадимки чарбалык субъект болуп өзгөрүшү керек экенин түшүнөбүз. Бул жараян эртеби-кечпи болушу керек. Ал эми аталган базарларда он миңдеген адамдар иштегенин эске алып, аталган субъекттерди өткөөл мезгилде өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Балким бул эркин экономикалык аймак же бажы кампалары сыяктуу орган болушу мүмкүн.

Бирок Оторбаевдин Москвага сапарында "жол картасы” толук макулдашылып бүткөнү, май айынын аягында Евразия экономикалык шериктештигинин саммити болуп, анда Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча чечимин жарыялары маалымдалган. Жаңыдан макулдашылган жол картасында “Дордой” сыяктуу базарлардын тагдыры кандай чечилгени учурда жашыруун бойдон калууда. Премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун маалыматы боюнча кийинки аптада Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча жыйын өтөт. Бул жыйындан соң Бажы биримдигине кошулуу боюнча бардык шарттар толугу менен белгилүү болмокчу.

Аскар Салымбеков.

Аскар Салымбеков.

Ошентсе да “Дордой” базарынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков базарды сактап калуунун жалгыз жолун өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусунан көрөт:

- Айрымдар "Дордой" Бажы биримдигине каршы деп биздин атыбыздан сүйлөп жатат. Бирок чек ара жабылган соң Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, соода болбой каларын соодагерлер түшүнүп калды. Ошондуктан, биз тезинен Бажы биримдигине киришибиз керек.

Анткен менен экономист Азамат Акелеев Бажы биримдигине кирген учурда деле “Дордой” сыяктуу базарларга пайдалуу болот деген пикирден күмөн санайт:

- Албетте, “Дордойдун” соодагерлерин түшүнсө болот. Алар соода жок болуп, кирешелеринин азайганын көрүп, бул жаатта бир жаңсыл бололу, аргасыздан кире берели деп баарына кайыл болуп калды. Бирок бул биримдикке кирген соң деле бул базарлар мурдагы калыбында иштерине чоң күмөн бар. Анткени Казакстан менен Орусиянын Кыргызстанга негизги дооматы ушул “Дордой” сыяктуу базарлар. Анткени алар биздин базарларды аткезчиликтин уюгу катары кабыл алышып жатат.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча талкуу акыркы 3 жылдан бери уланууда. Бул боюнча коомчулукта бир жактуу пикир жок. Коомчулуктун бир даары аны колдосо, бир даары биримдикке кирүүнүн экономикалык кесепеттери менен Орусиянын саясий көзөмөлүндө калабыз деп чочулашат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG