Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

“Мегаком” чатагы


“Мегаком” уюлдук компаниясы Кыргызстанда “Кумтөр” алтын кен ишканасынан кийинки ири салык төлөөчү катары катталган.
“Мегаком” уюлдук компаниясы Кыргызстанда “Кумтөр” алтын кен ишканасынан кийинки ири салык төлөөчү катары катталган.

Депутаттык комиссия “Мегакомду” иштеткен “Альфа-Телеком” айланасындагы чыр-чатакты мыйзам негизинде чечүү талабы менен өкмөткө кайрылды.

Буга чейин аталган компанияга тышкы башкаруу киргизилип, анын мурдагы жетекчилигине карата кылмыш иши козголгон болчу.

“Альфа-Телеком” акционердик коомунун айланасындагы чыр-чатакты иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө анын башкы менеджерлеринин арызы себеп болгон. Анда өздөрүн орусиялык инвесторлор катары тааныштырган менеджерлер аларга карата негизсиз кылмыш иши козголуп, компаниянын жетекчилиги мыйзамсыз кызматтан четтетилгендиги көрсөтүлгөн. Бул маселеге жакында Орусиянын элчилиги да тынчсыздануусун билдирген болчу.

Депутаттык комиссия 9-февралда “Мегаком” жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши жана ага тышкы башкаруу киргизүү боюнча тараптардын жүйөлөрүн укту.

Аталган комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов бул маселеде каржы полициясы жана мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан мыйзамсыздыктар болгонуна токтолду:

- Каржы полициясынын жетекчисинин орун басары “Мегакомго” тышкы башкаруучу болуп барган Мурзалиевдин арызынын негизинде кылмыш иши козголду дейт. Анысы башкача айтат. Бул жерде факты жок эле иш козголгону көрүнүп турат. Булар ишти козгоп алышып, анан факты издеген усул менен дагы деле иштеп жатышкандыгы байкалып калды. Ошон үчүн каржы полициясынын дарегине бир топ сын-пикирлер айтылды. Өкмөткө болсо бул чыр-чатакты мыйзамдын чегинде чечүү тапшырмасы берилип, аны көзөмөлдөө жагы парламенттин тиешелүү комитетине жана башкы прокуратурага тапшырылды.

Инвестор терисин кийгендерби?

“Мегаком” уюлдук компаниясы Кыргызстанда “Кумтөр” алтын кен ишканасынан кийинки ири салык төлөөчү катары катталган. Аталган компания орусиялык өнөктөштөрү менен биргеликте алгач мурдагы президенттер Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык экени айтылып келген. Өткөн жылы 7-апрелден кийин убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтыруу чечимин чыгарып, бирок анын калган үлүшү орусиялык инвестор катары эсептелип жаткан Events компаниясында калтырылган.

Мамлекеттик мүлк министринин орун басары Дайыр Кенекеев “Мегакомдун” мурдагы жетекчилиги ири өлчөмдөгү кирешени жашыргандыгы аныкталып жаткандыгын белгиледи:

- Өткөн он айдан бери мамлекет өзүнүн 49 пайыз акциясынын негизинде көзөмөлдөө укугунан пайдалана алган эмес. Мындай учур аталган компаниянын жетекчилери үчүн ыңгайлуу болуп, алар ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө төлөнгөн төлөмдөр деген шылтоо менен он беш миллион доллардан ашуун каражатты өлкөдөн чыгарып кетишкен. Аталган чыгаша кеңеш берүүчүлөргө же дагы бир жабдууларды сатып алганга деген шылтоо менен өзүнүн баасынан 7-8 эсе ашыкча көрсөтүлгөн. Каражаттар чет өлкөлөрдөгү офшордук (жасалма) фирмалардын эсебине которулгандыгы боюнча фактылардын бети ачылып жатат.

“Мегакомдун” мурдагы жетекчилери Андрей Силич жана Александр Бороздин кылмыш иши козголгонго чейин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Мына ошондуктан депутаттык комиссиянын жыйналышына алардын өкүлдөрү гана катышты. Андыктан акыйкат иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн алардын кайтып келиши керектиги боюнча маселе көтөрүлдү.

Кемигинде да, керкисинде да барбы?

Комиссиянын мүчөсү Каныбек Иманалиев иликтөөнүн жүрүшүндө эки тараптан тең мыйзамсыздыктар кеткендиги байкалганын кошумчалады:

- Каржы полициясы бул ишти кылдат иликтеп, эпизоддорду аныктабай туруп эле козгоп жиберген. Ошондуктан алардын далилдери ынанымдуу боло алган жок. Бирок “Мегакомдун” жетекчилери жанагы жабдуу сатып алууга жети миллион долларды өкмөт менен макулдашпай туруп жумшагандыгы сыяктуу каражаттарды кайда жумшашкандыгы боюнча суроолорго так жооп берише алышкан эмес. Каржы полициясы мүмкүн дагы табылган ички кирешелер сыртка чыгып кетет деген чочулоо менен кылмыш ишин козгогон болушу мүмкүн. Бирок ошондо да мыйзамдуулукту сакташса жакшы болмок.

Ошол эле учурда депутаттык комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү “Мегаком” компаниясынын акциялары 7-апрелден кийин эмне себептен толук бойдон мамлекетке өткөрүлбөгөнүн айтып чыгышты. Мына ошондуктан соттук териштирүүлөргө чейин компанияны мыйзам чегинде экинчи тарап менен биргеликте башкарып туруу сунушу бекитилди.

XS
SM
MD
LG