Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Кыргызстанда эл мобилдик байланыш үчүн төлөгөн каражат бери дегенде электр энергиясыныкына теңешти же андан ашып өтүп, бул сектордо миллиарддаган сом айланууда. Бирок, эксперттердин пикиринде, калкка бул кызматты көрсөтүп жаткан компаниялардын ишинде да айкындуулук жок.

Учурда кыргызстандыктардын ар бир үй-бүлөсүндө эки-үч же андан көп уюлдук телефон аппараты бар экенин эске алганда, калк аны менен кары-жашына карабай дээрлик жан башына камсыздалып калды деп айтууга негиз бардай.

Абоненттердин расмий саны болсо уюлдук байланышка өлкө калкынын 90 пайыздан ашууну кошулганын көрсөтүүдө. "Ошол эле кезде бир эле кардар бир нече оператордун кызматын пайдаланган учурлар көп",- дейт Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Эркин Мамасалиев “Азаттыкка” курган маегинде:

- Баштапкы маалыматтар боюнча Кыргызстанда абоненттер саны 4,9 миллион адамдан ашуун. Бул активдүүлөрү менен пассивдүүлөрүн кошкондо. 2009-жыл менен салыштырмалуу абоненттер саны 10 пайыздан ашуунга өскөн. Бул жерде көптөгөн керектөөчүлөр бир эле учурда бир нече түйүндүн абоненти экендигин да белгилеп кетүү керек. Көп адам эки же андан көп уюлдук телефон алып жүрөт, эки же андан көп операторго кошулган.

Эркин Мамасалиев
Эркин Мамасалиев кошумчалагандай, 2011-жылдын 1-январына карата абоненттердин так саны канча экендиги мобилдик байланыш операторлору ушул айдын соңунда кезектеги кварталдык отчетторун тапшырганда белгилүү болот.

Калктын уюлдук байланышка кошулуусу жагынан Кыргызстан дүйнөлүк тенденцияга куйрук улаш эле кетип бара жатат.

Strategy Analytics деген эл аралык иликтөө уюмунун эсебине караганда, абоненттер саны дүйнө калкынын 100 пайызына 2014-жылдын башына карата жетет. 2010-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 5,4 миллиард кишини түздү, быйыл 6, келерки жылы 7 миллиард адамдан ашат.

Кардарлар да, акчанын көлөмү да өсүүдө

Strategy Analytics иликтөө уюмунун эсебинде, 2014-жылга карата бул жааттагы дүйнөлүк көрсөткүч 1 триллион долларды чапчымакчы. Ал эми Кыргызстанда, Байланыш агенттигинин болжолунда, 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча бул сумма 11,5 миллиард сомдон (250 миллион доллардын тегерегинде) ашчудай:

- Тогуз айда (2010-жылдын) уюлдук байланыш компаниялары көрсөткөн кызматтын көлөмү 8,7 миллиард сомду түздү. Жыл жыйынтыгы боюнча так маалыматтар 25-январдан кийин болот. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан көрсөткүч 11,54 миллиард сом. 2009-жылга салыштырмалуу өсүш 5 пайыздын тегерегинде. Мобилдик байланыш рыногу азыр өзүнүн чокусуна жетип калды деп айтсак болот. Азыр эми байланыш операторлору маалыматтарды үн менен берүүгө эле эмес, башка кызматтарды көрсөтүүгө да ыктайт.

Алдыда айтылган расмий сандар көрсөтүп тургандай, Кыргызстан калкы уюлдук байланыш үчүн 2010-жылы ар бир айда дээрлик бир миллиард сомго жакын каражат сарптады.

Салыштырсак мындан алты жыл мурун 2004-жыл эле уюлдук байланыш базарынын бир жылдык көлөмү 1,4 миллиард сомго жеткен эмес. Көз карандысыз экономист Айдар Мокеновдун эсебинде, азыр уюлдук байланыш базары Кыргызстанда акча эң көп жүгүргөн тармакка айланып, ошол эле учурда калктан жыйнаган каражаты жагынан энергетикага дээрлик теңешип калды:

- Уюлдук байланыш сектору экономика тармактарынын эң ирилеринин бири болуп калды, атүгүл Кыргызстандын энергетика секторуна теңелди деп айтууга болот. Ошол эле учурда уюлдук байланыш тармагында бир нече жүз, балким, бир миңге жетпеген, ал эми энергетикада бир нече миң киши иштерин белгилеп кетүү керек.

Талапка жараша кызмат да өзгөрүүдө

Азырынча мамлекет менчигинде турган энергетика тармагы, эгер ал ойдогудай иштесе, жоготуулар техникалык гана норманын чегинде болсо, акча өз учурунда жана уурдалбай жыйналса анын потенциалы мобилдик байланыш базарыныкынан жогору. Бирок буга чейин жарыяланган же айтылган расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын электр энергиясын бөлүштүрүүчү төрт компаниясы керектөөчүлөрдөн жыйналган каражат боюнча уюлдук байланыш базарындагы операторлордун көрсөткүчүнө жетпейт.

Көз карандысыз экономист Айдар Мокенов “Азаттыкка” курган маегинде кошумчалагандай, уюлдук байланыш базарынын Кыргызстанда али өнүгүү, башкача айтканда кызмат көрсөтүүнүн акчалай көлөмүнүн өсүү потенциалы бар. Бирок бул эми уюлдук интернет өңдүү кошумча кызматтардын эсебинен гана болот.

Азамат Акелеев
Ушундай эле ойду Бишкектеги Promotank HQA консалтинг компаниясынын директору, 2009-жылы Кыргызстандагы уюлдук байланыш базары боюнча иликтөө жүргүзгөн Азамат Акелеев да айтат:

- Үн кызматын көрсөтүү жагынан өзүнүн потенциалына жетти десек болот. Бирок андан аркы өнүгүү эми гана жаңы башталып келе жатат. Уюлдук компаниялар 3G деген жаңы стандартка өткөндө, калкка жаңы кызматтарды сунуш кыла алышат. Мисалы уюлдук интернет. Булар эгер кошумча кызматтарды киргизсе, ошондо өздөрү да өнүгүп, биздин инфраструктураны да өнүктүрүшөт.

Эксперт Азамат Акелеев “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, өнүгүү менен катар уюлдук байланыш операторлору эми өз ишинде ачык –айкындуулукту да киргизүүсү керек:

- Уюлдук операторлор башынан тарта эле өздөрүн кимдир бирөөлөр менен байланышкан бизнес катары алып жүрүшкөн. Мисалы бийликтеги үй-бүлө менен байланышта турушкан. Бул чөйрөдө тунук эмес бизнес азыр деле бар. Кайсыл операторлор кимге таандык экендигин азыр деле так билбейбиз. Маселен өлкөдөгү эң чоң оператордун жарым бөлүгү (Мегакомдун 49% акциясы) мамлекетке улутташтырылды деп айтылган. Бирок аны азыр ким башкарып жатат, кирешелери кайда кетип жатат? Бул боюнча маалымат калкта жок.

"Жашыруун маалыматтар"

Былтыр жыл башында уюлдук байланыш операторлору тарабынан абоненттердин кошулуусу үчүн 60 тыйындык төлөмдүн киргизилүүсү коомчулукта аларга мурдагы президент Бакиевдин үй-бүлөсү салган салык катары кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин бюджет комитетининин өткөн аптадагы жыйынында ошол 60 тыйындык төлөм өкүм сүргөн учурунда жыйналган 360 миллион сом кайда кеткенин тактоо жана уюлдук байланыш базарын жөнгө салуучу органды так аныктоо зарылдыгы айтылды.
Мамлекеттик антимонополдук мекеменин директору Бабырбек Жээнбеков өз сөзүндө алар уюлдук байланыш компанияларынын баа саясатына таасир тийгизе албасын, бул чөйрөнү көзөмөлдөө укугу толугу менен байланыш агенттигине берилгендигине токтолду. Ушул жыйындан кийин Бабырбек Жээнбеков “Азаттыкка” курган маегинде уюлдук байланыш базарына тиешелүү кээ бир документтерди, маалыматтарды Байланыш агенттигинен алар да алалбай жатканын белгиледи.

Расмий маалыматтар берилгени менен Байланыш агенттиги алардын айрымдарын жарыялоого укуксуз. Маселен Кыргызстанда жети оператор бардыгын көпчүлүк билгени менен базар ортодо кандайча бөлүнгөнүн Байланыш агенттиги ачыктай албайт. Мекеменин өкүлү Эркин Мамасалиев мунун себебин мындайча түшүндүрөт:

- Бул маалыматтар жашыруун деп эсептелгендиктен, биз аларды ачыктай албайбыз. Алар биз операторлор менен түзгөн лицензиялык келишимдин шарттарына, ошондой эле Кыргызстандын “Монополиялык ишмердикти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо” жөнүндөгү мыйзамынын 14-беренесине ылайык жашыруун. Операторлор бизге ар кандай көрсөткүчтөр боюнча отчет беришет, бирок кээ бир маалыматтар алардын коммерциялык кызыкчылыктарына таасир тийгизүүсү мүмкүн болгондуктан биз жарыялай албайбыз.

Базардын жылдык көлөмү 11, 5 миллиард сомдон ашары күтүлүп жаткан Кыргызстанда уюлдук байланыш операторлорунун таза кирешеси да жашыруун сыр катары эсептелет. Көз карандысыз эксперттер болсо бул сектор кирешелүүлүгү жагынан биринчи орунда турат деп боолгошот. Экономист Айдар Мокенов мындай дейт:

Айдар Мокенов
- Менимче уюлдук байланыштын рентабелдүүлүгү абдан жогору. Бирок ачык-айкын маалыматты мен билбейм. Алар жалпы кирешеси көп экендигин айтып жатышат, бирок чыгымдары канча экендигин эч ким айтпайт. Бирок Кыргызстан боюнча кирешелүүлүгү жана балким бизнестин эффективдүүлүгү жагынан уюлдук байланыш биринчи орунда деп так эле айтсак болот.

Бишкектеги Promotank HQA консалтинг компаниясынын директору, 2009-жылы Кыргызстандагы уюлдук байланыш базары боюнча иликтөө жүргүзгөн Азамат Акелеев операторлордун ишинин рентабелдүүлүгү жөнүндө бизге төмөнкүдөй божомолун айтты:

- Кем дегенде (кирешелүүлүк) 30-50 пайыздын тегерегинде болушу керек. Болжол менен ушундай деп ойлойм.

Көз карандысыз экономист, мурда Байланыш агенттигинде иштеген Айдар Мокенов Европада операторлордун иши кыйла ачык-айкын экенин белгилөө менен буга жетишүү үчүн Кыргызстанда базарды жөнгө салуучу мекеменин ыйгарым укуктарын өзгөртүү керек эсептейт:

-Кыргызстанда биз байланыш агенттиги тескөөчү деп айтып жатабыз. Маселен ошол эле Чехияда жөнгө салуучу эки нерсе менен алектенет. Биринчиси радио жыштыктарды колдонуу үчүн лицензияларды сатуу, экинчиси базарды тескөө, экономикалык маселелер менен алектенүү. Бизде болсо байланыш агенттиги базарды тескебестен, көбүнесе байланыш операторлорунун ишмердигин карайт. Бул - принципиалдуу айрымачылык. Менимче Кыргызстанда да байланыш базарынын тескөөчүсү европалык жол менен кетүүсү, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, сапаттуу кызмат көрсөтүүсү абзел.

Жети оператор бар, монополиячы?

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чарбалык субьекттин эгер кайсы бир товардык базардагы үлүшү 35 пайыздан ашып кетсе, ал монополист деп табылат. Байланыш агенттигинин өкүлү Эркин Мамасалиевдин айтымында, операторлордун 2009-жылкы отчеттору алардын эч кимиси мындай үлүшкө ээ эмес экенин көрсөткөн жана 2010-жылдын толук жыйынтыгы менен деле уюлдук байланыш базарында монополист пайда болбосо керек. Бирок Монополияга каршы агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар быйыл “Билайн” жана “Мегаком” компанияларын монополисттердин катарына киргизүүдө:

- Биздин эсептер боюнча алар өткөн жылдын жыйынтыгы менен 35 пайыздан (базардагы үлүшү) ашып кетти. Алар өздөрү да айтуусу керек, биздики мынча болду деп. Бирок биздин эсеп боюнча алардыкы 35 пайыздан ашкан. Ошол үчүн биз монополисттер тизмесине киргизип жатабыз. Монполияга каршы каршы агенттикте быйыл алар менен иштешүү мүмкүнчүлүгү болот.

Бирок жогоруда аты аталган байланыш компаниялары базарда монополия бар деген ырастоону четке кагышат. “Билайн” компаниясынын укуктук кызматынын башчысы Дмитрий Ветлугиндин “Азаттыкка” маалымдашынча, мындай билдирүүлөр таң калтырууну гана жаратат:

- Биз мындай билдирүүлөрдү аша чапкандык деп баалайт элек. Анткени мыйзам боюнча Кыргызстанда уюлдук же башка байланыш оператору деген түшүнүк жок, электр байланышы деген гана түшүнүк бар. Ошондуктан интернет провайдерлер, уюлдук байланыш, кадимки телефон байланышы – баары бир байланыш базары катары каралат. Демек “Билайн" болобу, “Мегаком” болобу байланыш базарында монополист болуп алды деп айтуу туура эмес.

Сейитбек Усманов
Борбор Азиядагы эркин базар институтунун изилдөөлөр боюнча директору Сейитбек Усманов да жалпы байланыш базарын эске албаган күндө да, уюлдук байланыш базарында “Мегаком” менен “Билайнды” монополист деп айтуу туура эмес деп эсептейт. Талдоочунун көз карашында, Кыргызстанда уюлдук байланыш операторлорунун ортосунда атаандаштык күч, базар шартындагы табигый көрүнүш катары эле андан алдуусу озуп чыгат:

- Бизде ушул айтылып жаткан эки компаниянын ортосунда эле эмне деген айыгышкан атаандаштык бар. Базарга 2005-жылы жылы эле кирсе дагы “Мегаком” бат эле 2001-2002-жылдан бери иштеп келаткан “Бител” же “Билайндын” абоненттеринин көпчүлүгүн алууга жетишти. Бул дагы атаандаштык. Мындан тышкары “Фонекс”, “О”, “Кател” компаниялары бар. Керектөөчүлөрдө тандоо укугу бар. Ошондуктан бул базарга антимонополдук агенттик кийлигишпей эле коюшу керек. Эгер кийлигишсе, базарга эле зыян болот. Менимче ушул убакытка чейин уюлдук байланыш базары өкмөт киришпегени үчүн, эркин болгону үчүн жакшы өнүгүп жатат.

Байланыш агенттиги билсе да, ачыктай албаганы менен көз карандысыз эксперттер буга чейин Кыргызстанда уюлдук байланыш базарынын же кардарлардын басымдуу бөлүгү “Билайн” жана “Мегаком” компанияларына таандык экенин айтып келишкен. Бишкектеги Promotank HQA консалтинг компаниясы 2009-жылы даярдаган баяндамада активдүү абоненттердин 85 пайызы аталган эки операторго таандык экендиги көрсөтүлгөн.

Тарифтер жана социалдык жоопкерчилик

Экономист Айдар Мокеновдун көз карашында, өлкөдө бир нече оператордун болушу эле жалпы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына төп келген иш эмес. Маселе эки же андан көп оператор болобу, алардын ортосунда керектөөчүлөр үчүн күрөшкөн реалдуу атаандаштыктын жүрүшүндө. Кыргызстандын шартында, бул нерсе келечекте кошумча кызматтарга жана чет өлкөлөргө сүйлөшүүгө баа кандай болорунан көрүнөт:

-Уюлдук интернет бизде азырынча кымбат. Буга кошумча бизде азыр түйүндөр аралык байланыш да кымбат. Кыргызстанда уюлдук байланыштан жети оператор болсо, Европа өлкөлөрүнүн ар биринде экиден же үчтөн. Анткени катардагы керектөөчү үчүн түйүндөр аралык байланыш да арзан болсо жакшы. Бул жерде дагы бир проблема бар. Айыл жергесинин тургундары уюлдук байланышты Кыргызстандын ичинде сүйлөшүү үчүн пайдаланбастан, чет өлкөлөргө да чалышат. Ал эми 300-400 миңдеген эмгек мигранаттары сыртта жүрөт жана алар өз туугандары менен уюлдук байланыш аркылуу гана сүйлөшөт. Байланыштын бул түрү азырынча кымбат. Ушул тарифти азайтуу керек.

Бишкектеги Promotank HQA консалтинг компаниясынын директору Азамат Акелеевдин көз карашында да өлкө ичиндеги тарифтер азыр реалдуу эле, бирок калктан жыйнаган каражатынын көлөмү жагынан эң алдыңкы орунга чыгышы менен уюлдук байланыш операторлору социалдык жоопкерчилигин да көтөрүүсү жөндүү:

- Негизи эле уюлдук операторлор социалдык жактан өзүнүн жоопкерчилигин анча-мынча көтөрүүсү зарыл деп ойлойм. Алар өнүгүүгө багытталган жана калкка көрүнүктүү социалдык иштерди жасаса, бул ушул компаниялардын өздөрүнө жакшы. Булар бийликтегилерге же бийликтеги үй-бүлөгө эмес, калкка жакшы көрүнүшү, инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл буруусу абзел. Булар өзүлөрүнүн бизнес аракеттерин ачык-айкын алып барып, эми реалдуу атаандаштык башталуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG