Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Мэрия “Дыйкан” базарын көчүрөт


"Дыйкан" базары
"Дыйкан" базары

“Дыйкан-Пишпек” базарындагы коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбаган жагдайдан улам Бишкек мэриясы аны жабуу боюнча эскертүү берди. Базар 2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында ачылган.

Базарды жабууга анын темир жолго, мунай базасына жакындыгы, кирип-чыгар жолдун туюктугу сыяктуу коопсуздук жана санитардык жагдайлар негиз болду. Бул тууралуу Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди. Буга чейин Бишкек мэриясы базардан бир тыйын дагы киреше түшпөгөнүн белгилеген болчу. Бирок базарды жеке тарапка ижарага берген “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы аны жабууга каршы.

Бишкек мэриясынын эскертүүсү

“Дыйкан-Пишпек” базарындагы коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбаган жагдайдан улам Бишкек мэриясы аны жабуу боюнча эскертүү берди. Буга экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чыгарган корутундусу негиз болду. Ага чейин мэрияга базардагы жол тыгындын кыйынчылыгы, андагы тазалык шарттарына жана коопсуздук чараларынын абалына байланыштуу жарандардан арыз түшкөн.

Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу жагдайдан улам базарды жабуу чечими чыкканын билдирди:

- Базардын аймагында антисанитариялык абал түзүлгөн. Анын сол жагында темир жол өтөт. Ага 50 метр жакын аралыкта адамдар иштей турган эч кандай объект, имарат болушу мүмкүн эмес эле. Андай аймакта соода кылууга негизи тыйуу салынган. Базардын оң жагында чоң мунай базасы турат. Ага 500 метрге жакын эч кандай соода жайлары жана турак-үйлөрү болбоого тийиш. Базарды экотехинспекция текшерип, андагы 11 мыйзам бузууну таап чыккан. Ошонун негизинде чечим чыккан. Анын 11-пункттунда “базар талапка жооп бербегендиктен жана эч кандай шарт болбогондуктан жабылсын” деп турат. Базар жетекчилиги мунай базасын жана темир жолду жылдыра албайт. Өтмө жол ачып, тыгынды жөнгө сала албай турганы анык болгондон кийин базарды жабуу керек деген чечим кабыл алынды.

"Дыйкан" базары
"Дыйкан" базары

“Дыйкан-Пишпек” базары 2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында ачылган. Баштапкы макулдашууга ылайык, базардан түшкөн кирешенин кайсы бир бөлүгү шаар бюджетине түшүшү керек болчу. Бирок мэрия базар ачылгандан бери шаар бюджетине каражат түшпөгөнүн жакында жарыялаган.

“Кыргыз темир жолу” өз ээлигиндеги базарды коргойт

Базарды ижарага берген “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Эркин Каимов ишкана салган акчасын чыгарып алгандан кийин гана шаар бюджетине акча түшөрүн белгиледи:

- Бүгүнкү күндө кеткен чыгымдарды жабуу максатында базардын кирешесинин 56 пайызы биздин “Кыргыз темир жолу” ишканасына төлөнүүдө. Анан эми Бишкек мэриясы шаардык бюджетке акча төлөбөй жатат дегени чындыкка жакындашпайт. Анткени макулдашуу боюнча, “Кыргыз темир жолу” ишканасы салган чыгымдарды чыгарып алгандан кийин гана кирешенин 20 пайызы шаардык бюджетке берилет.

Эп келбеген эмгек шарттары

Бирок “Кыргыз темир жолу” ишканасы “Дыйкан-Пишпек” базарына башында канча инвестиция салынганын жана ушул күнгө карата чыгымынын канчасы жабылганын сандар менен айтып бере алган жок. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, бул базардын долбоору башында экологиялык, техникалык жана өрт коопсуздугун сактоо чараларын эске албастан туруп, иштелип чыккан.

"Дыйкан" базары.
"Дыйкан" базары.

Базарда иштеген сатуучулар буга чейин да бир нече жолу арызданып, бирок жооп ала албай келишкенин айтышты. Жеке ишкерлердин бири Мамасалы Батыркулов мындай дейт:

- Бул жерде деги базарга ылайыктуу шарт жок. Мунай базасы жаныбызда 10-15 метр жакын аралыкта эле жайгашкан. Жайдын күнү күйүүчү майдын жытына чыдап болбойт. Соңку мезгилде тыгындан жадап, биздин кардарлар бул жакка келбей коюшту. Биз кардарларыбызды жоготуп жатабыз. Базардын үстү ачык. Жайдын күнү башыбызга ысык өтсө, кыштын күнү бутубуздан суук өтүп, кар-жамгыр жааган күндөрү белчебизден ылай кечип жүрөбүз. Бул базарга кирсең кайра оңой менен артка чыга албаган жанагы бөтөлкө сыяктуу. Кудай сактасын. Бирок базарда өрт чыга турган болсо, ал жакка өрт өчүрүүчү машинелер оңой менен кире албайт. Буга чейин канча арыздандык, ушуга чейин жыйынтык чыкпай келе жатат.

Тыгынды жөнгө салуунун түйшүгү

Ошол эле кезде “Дыйкан-Пишпек” базарынын жетекчилиги менен андагы айрым сатуучулар анын жабылышына каршы. Базар жетекчилиги тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан санитардык жана өрт коопсуздугун четтетүү боюнча талаптар аткарылып келе жатканын жүйө келтирүүдө. Базар администрациясынын өкүлү Гүлшан Жолбунова базардын ичиндеги абалды жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтып, бирок өтмө жолду ачуу кыйын экенин моюнга алды:

- Мен өзү базардын администрациясында иштейм. Анан эми тазалык жок дейт. Биз бирок күн сайын канчалаган тонна таштандыны чыгартып жатабыз. Тазалыкты сактоо боюнча аябай эле аракеттер жүрүүдө. Бул жакта акча жетишпегенине карабастан таштандыны чыгартуу гана эмес, башка социалдык шарттарды караганга аракет кылып жатабыз. Эми бирок, тилекке каршы базарды аралап өтө турган жол ачылбайт го. Анткени ал жак жеке адамдардын жери. Бирок эми автотыгындар сезон учурунда эле болот. Анан жаңы жылдын астында 3-4 күн тыгын болот. Башка күндөрү тыгын деле жок.

"Дыйкан" базары.
"Дыйкан" базары.

Ошентип, базар жетекчилиги андагы соода жайлары жабылбайт деп соодагерлерди ишендирүүдө. Бирок ошол эле кезде Бишкек шаардык мэриясы базар жетекчилигине 10 күндүн ичинде аны жабуу тууралуу расмий кабарландыруу берилгенин маалымдады. Бишкек шаар мэриясы "Дыйкан-Пишпек" базарында иштеген сатуучулар башка базарлардагы шарттары бар соода жайлары менен камсыздала турганын убада кылууда.

XS
SM
MD
LG