Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

2013-жылы улуттук экономика 10 пайызга өстү. Ал эми эмгек мигранттарынын которгон акчасы 2 млрд. 270 млн. долларды түздү.

Бул тууралуу 28-январда Кыргызстандын Улуттук банкы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Ошондой эле жыл башынан бери АКШ долларынын сомго карата өсүү себебин түшүндүрдү.

Акча базары турукташып баратат

Жыл башынан бери АКШ долларынын курсу 1,5 сомго кымбаттады. Улуттук банк муну сезондук себептерге байланыштуу жана Орусиядагы, АКШдагы акча саясатынын таасиринен деп түшүндүрүүдө.

Улуттук банк жетекчисинин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин айтымында, учурда доллар турукташып калды жана анын жакында кескин жогорулап кетүүсүнө эч кандай негиз жок. 28-январга карата 1 доллар 50 сом 79 тыйынды түздү.

- Жылдын башындагы сезондук себептердин алмашуу курсуна тийгизген таасири бүттү. Андан сырткары чет өлкөдөгү, эл аралык деңгээлдеги каржылык кубулуштар да өздөрүнүн таасирин тийгизди. Эң биринчи Орусияда болгон иштердин, ага чейинки АКШнын борбордук банкынын доллардын массасын чектөө боюнча аракеттеринин да таасири болду.

Сүйөркул Абдыбалы тегин.

Сүйөркул Абдыбалы тегин.

2013-жылы доллар баасы 3,89 пайызга кымбаттап, өткөн жылдын 31-декабрына карата 49 сом 24 тыйынды түзгөн болчу. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда иштегендер да учурда доллардын курсу өткөн жумаларга караганда турукташып баратканын айтышты.

Алардын бири, Бишкек шаарынын Айбек аттуу тургуну буларга токтолду:

- Азыр аз да болсо төмөндөө болуп баратат. Акчанын курсунун өйдө-ылдый болушу суроо-талапка байланыштуу болот да, бул деген базар. Өткөн жыл этегинде доллардын массасы сыртка көп чыгарылып, колдо доллар жок болуп калды окшойт. Ар кайсы максаттарга жумшалды, мисалы күйүүчү май үчүн төлөнүп кетти, ошондой эле Кытайга товарга төлөгөндөр болду. Азыркы убакта Кытай жабылды, буга жараша төмөндөө болсо керек.

Өткөн жылдагы акча - кредиттик саясатын жыйынтыктаган Улуттук банк 2013-жылды өлкө экономикасы үчүн ийгиликтүү деп баалады. Маселен, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 350 млрд. сомду түзүп, 10 пайызга өскөн. Бирок Кумтөрдү кошпогондогу таза өсүш болгону 5,8 пайыз. Ал эми инфляция 4 пайыз болду деп айтылды.

Сандын баары эле өсүш эмес

Ошентсе да көз карандысыз экономисттер жогорку сандарга кошулбайт. Экономист Искендер Шаршеев улуттук экономикадагы реалдуу өсүш 10 пайызды түздү дегенге макул эмес.

- Өткөн жылы колдонууда сомдун массасы көбөйдү. Азыр колдо 58 млрд. сом айланып жүрөт. Негизгиси, инфляциянын өсүшү байкалды. Анын жогорулашы менен баа дагы өсөт да, ага жараша статистика да өсөт. Ошону булар экономикалык өсүш деп жатышат. Менимче, реалдуу экономикалык өсүш 3 % тегерегинде болду десе, анда бул чындык.

Мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү болсо 3 млрд. 102,2 млн. долларды түздү. Салыштыруу үчүн айта кетсек, тышкы карыз 2012-жылы 3 млрд. 033 млн. долларды, ал эми 2011-жылы 3 млрд.100 млн. доллар болду деп айтылган. Тышкы карызды төлөө үчүн 2013-жылы бюджеттен 81 млн. доллар жумшалды.

Искендер Шаршеев тышкы карыздын көлөмү да өлкө экономикасына салыштырганда жогору деп эсептейт.

- Кыргызстанда тышкы карыз 1 млрд. доллардан ашпоосу керек. Кыргызстан чыдай ала турган карыздын көлөмү ушундай эле. Эгер биздин карыз 10 млрд. доллардан ашып кетсе, анда Кипр, Испания, Грециянын ордунда болуп калабыз.

Ал эми эмгек мигранттардын акча которуулары өткөн жылы 8 пайызга өстү. 2013-жылы чет жерде иштегендерден Кыргызстанга 2 млрд. 270 млн. доллар которулган. Ошол эле кезде Кыргызстанда иштеп жүргөн чет элдик эмгек мигранттары 361 млн. долларды сыртка которушкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG