Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Өкмөт экономика оор абалда экенин моюнга алды


Оторбаев кыргыз сому 12 пайызга кунсузданып, ага орус рублинин наркынын түшүп кеткени катуу таасир эткенин айтты.
Оторбаев кыргыз сому 12 пайызга кунсузданып, ага орус рублинин наркынын түшүп кеткени катуу таасир эткенин айтты.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын артка кетүүсүн Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар менен байланыштырды.

Өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык кескин төмөндөөнүн негизги себеби катары Орусияга киргизилген санкциялардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин атады. Экономикалык төмөндөөгө таасир эткен ички факторлор катары эл чарбасындагы жалпы кирешелердин кыскарышы белгиленди. Экономист-адистер өкмөттүн тогуз айдын жыйынтыгы боюнча отчетун жоопкерсиздик катары баалап, каатчылыкка каршы чаралар жоктугун сынга алышууда.

"Ишенген кожом Кремл..."

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын артка кетүүсүн Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар менен байланыштырды.

Жоомарт Оторбаев менен орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев.
Жоомарт Оторбаев менен орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев.

Премьер-министр соңку мезгилде кыргыз сому 12 пайызга кунсузданып, ага орус рублинин наркынын түшүп кеткени катуу таасир эткенин мисал келтирди. Муну менен катар өлкөдө күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттаганын айткан Оторбаев, бирок негедир анын наркынын дүйнөлүк базарда арзандаганына көңүл бурган жок. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча өлкөнүн ички дүң өнүмү тогуз айдын жыйынтыгы боюнча үч пайызды түздү. Былтыр бул көрсөткүч тогуз пайыздын тегерегинде болчу. Адистердин айтымында, экономикалык төмөндөөнүн деңгээли учурда алты пайызга барабар. Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикалык төмөндөөнүн негизги себептерине мындайча токтолду:

- Биздин эсеп боюнча Бозумчак менен Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кендери быйыл ишке кириши керек эле. Бирок алардын өндүрүшү кечигип, биз эсептен жаңылып калдык. Анан соода жүгүртүүнүн көлөмү азайды. Айыл чарбасында түшүмдүүлүк кургакчылыктан улам жакшы болбоду. Буга кошумча кызмат көрсөтүү жана тейлөө жаатындагы киреше ойдогудай болгон жок. Транзиттик борбордон түшчү киреше быйыл болбоду. Анан Ошко газ берүү токтотулгандыктан газ түтүгүнүн кызматы үчүн Өзбекстандан алынчу каражат дагы түшпөй калды.

Быйыл жабылган "Манастагы" Транзиттик борбор.
Быйыл жабылган "Манастагы" Транзиттик борбор.

“Манастагы” Транзиттик борбордун чыгышына байланыштуу быйыл мамлекеттик казына 200 миллионго чукул АКШ долларынан куржалак калды. Бул кенемтени толуктаганга бюджетти колдоо үчүн Орусия убада кылган каражаттан азырынча дайын жок. Жылына Кумтөрдөгү алтын өндүрүүдөн түшчү кирешенин өлчөмү быйыл кыскарып кеткен.

Өкмөттүн салкын саясаты

Өкмөт жыл башында мына ушундай тобокелчиликтерди эске алуу менен ички дүң өнүмдү төрт жарым пайызга болжолдогон болчу. Бирок ал быйыл мына ошол көрсөткүчкө да жетпей калды. Экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов буга негизги себеп катары өкмөттүн алсыздыгын атап, сынга алды:

- Өтө билими жок адамдарды өкмөттүн аппаратына жана министрликтерге алып барып коюшуп, ит болуп жатышат да. Ал жакта иш алып бара турган киши жок, бардыгы эле “эми эмне болот экен?” деп алакан жайып, ооздорун ачып отурушпайбы. Орусияда мына ушундай кырдаал боло турганы бизге мурун эле дайын эмес беле. Анын бизге тие турган залалдарын мурун эле аныктап чыгышса болот беле? Ошого жараша антикризистик программа иштеп чыкпай бул өкмөт жайды жайлата эмне менен алек болду билбейм. Азыр кыштын алдында ар нерсени айтып, шылтоо издегени бул өкмөттү жоопкерчиликтен куткарбайт. Кургакчылык болсо буга чейин деле болуп келген. Анын өзүнчө эсеби бар. Мунун бардыгын эске алуу менен ырааттуу экономикалык саясат жүргүзсө болот эле да.

Экономика министрлигинин тогуз айдын жыйынтыгы боюнча маалыматында айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы кирешенин кескин кыскарышы экономикалык төмөндөөгө негиз болду деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле өлкөдөн чыккан капиталдын агымы күчөп, инвестициянын көлөмү 61 пайызга кыскарган. Өлкөгө жеке тараптардан акча которуулардын көлөмү азайып, негизги товарларга баалар кескин жогорулаган.

Антикризистик иш-чара кана?

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев баалардын туруктуулугун кармоо боюнча өкмөттө эч кандай иш-чара жүрбөгөнүн белгиледи:

Депутат Курманбек Дыйканбаев.
Депутат Курманбек Дыйканбаев.

- Азыр эл керектөөчү товарлар Орусияга кетип жатат деп сүйүнүп, өкмөт антикризистик иш-чараларды көрө албай жатат. Эртең азык-түлүккө болгон баа кескин кымбаттай турган болсо, рынокту кантип кармайт? Эгерде өкмөт эси болсо, азыртадан айыл чарба азык-түлүгүн алдын ала сатып алып, анан кыш менен жазда бааны туруктуу кармоо үчүн кайра саттырса болот беле. Бул өкмөт өзү эмне иш менен алек болуп жатканы белгисиз. Кол куушуруп “ушундай болуп калды” деп айткандан башка бир жүйөлүү жообу жок.

Ошол эле учурда казынанын киреше бөлүгү тогуз айдын жыйынтыгы боюнча эки жарым миллиард сомго толбой турат. Эгерде салыктан жана салыктык эмес төлөмдөрдүн казынага түшүүсү дагы кыскара турган болсо, мамлекеттин негизги чыгымдары эмненин эсебинен жабылары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG