Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:41

Тендер чыры тереңдеди


Малдын кулагына тагылчу биркаларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы ызы-чуу жаратты.

Каржы министрлигине караштуу мекемелер аралык комиссия Newstar компаниясы тендерден утканын жокко чыгарган чечим кабыл алган. Буга бирканын сапаттык талапка жооп бербей турганын ырастаган экспертизанын жыйынтыгы негиз болду. Бирок ветеринардык инспекция аны менен эбак эле келишим түзүп, долбоордо каралган акчанын жарымын которуп жиберген. Буга нааразы тарап тендер мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып жана аны акыйкат териштирүүнү президенттен сурап, кайрылуу жасады.

Ишкерлер президенттен жардам сурайт

Мал-жандыкты идентификациялоо боюнча долбоордун алкагында кулак бирка сатып алуу боюнча 40 миллион сомдук пилоттук тендерге катышып, экинчи орунду ээлеген “Санта-Трейд” деген компания буга байланыштуу мекемелер аралык комиссияга даттанган болчу. Анын негизинде биринчи орунду ээлеген компаниянын биркасынын сапаттык талапка жооп бербегенин тастыктоо үчүн аны техникалык экспертизага берүүнү талап кылган эле. Мамлекеттик экспертиза анын дооматын жөндүү деп таап, бирканын талапка жооп бербестигин ырастаган корутундусун жарыялады.

Буга байланыштуу мекемелер аралык комиссия ветеринардык инспекциянын тендердик комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бирок мына ошол чечим аткарылбай жатканына даттанган “Санта-Трейд” компаниясынын жетекчиси Эрнис Алибаев бул маселеге президенттин кийлигишүүсүн сурап, кайрылуу жасады:

- Урматуу президент Алмаз Шаршенович, биз сиздин тендерлер таза жана акыйкат өтүшү керек деген сөзүңүздү билебиз. Бирок жарым жылдан ашуун созулуп келе жаткан ветеринардык инспекциядагы бул тендердин жыйынтыгы сиз айткандай болбой жатат. Бул жерде бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар экени байкалып калды. Талапка жооп бербегенине карабастан кызыкдар тараптын түрткүлөөсү менен бир компания утуп кетип жатат. Сиз бул ишти акыйкат териштиртип, бул долбоорду ишке ашырууда элге пайдалуу чечим чыгышына көмөк көрсөтүшүңүздү сурайбыз. Азыр мекемелер аралык комиссиянын чечимин көңүлгө албай туруп, ветинспекциянын жетекчилиги өзүмбилемдик менен жанагы компания менен келишим түзүп алды. Бирок ал сунуштаган биркалардын жараксыздыгы боюнча эки жолу экспертиза корутунду берген. Ага карабастан, зордук менен эле аны жеңүүчү деп аныктап алышты. Бизге алар колуңардан келгенин кылып алгыла деп жатышат.

Тендер чыры тереңдеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Сапаттык талаптын санаасы

Доо койгон тарап кытай өндүрүшүнөн чыккан бирканы сунуштаган Newstar компаниясын тандоо чечимин техникалык-сапаттык талапты бузуу катары сыпаттады. Анткени жаныбарларды каттоо боюнча эл аралык комитеттин талабына ылайык, малдын кулагына тагыла турган биркаларды кайталап пайдаланууга болбойт. Бул талап аталган тендердин жобосуна киргизилип, сатылып алына турган товардын сапаттык жана техникалык абалын аныктоочу башкы критерий катары каралган. “Санта-Трейд” компаниясынын техникалык эксперт-адиси Абай Бүкүшев экспертизанын корутундусу боюнча чыккан расмий чечимди четке кагуу мыйзам бузуу экенин белгиледи:

- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык, арыз-даттануулар каралып бүткөнгө чейин ветеринардык инспекция келишим түзүүгө акысы жок болчу. Бирок эми келишим түзүп, акчаны которуп жибергени маалым болду. Мындан эми маселе чыгышы мүмкүн. Бул биркалар менен идентификация башталса, кайра эле келип элге кыйын болот. Малдын кулагына басылган бул биркалар түшүп калып турса, кайра жаңысын алып тагууга туура келет. Жоголуп кеткен биркаларды уурдалган малга тагып алса, даана чатак ошондо чыгат. Алар мына ошону ойлонбой, эптеп эле тендерди жыйынтыктаганга шашып жатышат.

Эки түрдүү мазмундагы каттын эпкини

Ошол эле кезде мамлекеттик ветеринардык инспекция жетекчилиги бул тендердин айланасында ар кандай оюндар жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кайсы бир тараптардын тендердин жыйынтыгына таасир этүү, түз жана кыйыр кийлигишүү аракеттерине байланыштуу ветеринардык кызматтын дагы дооматы бар.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Каржы министрлигине караштуу мекемелер аралык комиссияны бир эле мезгил аралыгында эки башка мазмундагы чечим чыгарган деп айыптады:

- Башында ал жактан бизге “өзүңөр акыркы чечимди кабыл ала бергиле” деген негизде кат келген болчу. Анан эле үч күндөн кийин тендердин жыйынтыгы боюнча чечимди жокко чыгаргыла деп кат жөнөтүшкөн. Муну кандай түшүнсө болот? Биз уткан компания менен келишим түзүп, акчаны которуп жибергенден кийин анан ушундай кат келип жатпайбы. Булар тендерди оюнчук кылып алышты. Бул туура эмес. “Экспертизанын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынсын” деген тендердин шарты жок. Кийин уткан компания деле бирка жарактуу деген корутунду алып келди. Анан эми бул жерде жөн эле бир компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн оюн болуп жатат. Мен муну алардын бетине эле айтам. Эртең ушул маселе боюнча өкмөт башчысына кирейин деп жатам. ИКАР деген эл аралык уюмдун талабына жооп берген бирка жарактуу деп табылат өзү. Биз сатып алуучу мекеме катары жоопкерчиликти өз моюнубузга алабыз.

Жагдайды прокуратура териштиреби?

Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментине караштуу мекемелер аралык комиссиясы берилген арыз-даттануулардын негизинде үчүнчү ирет тендердин жыйынтыгын териштирип отурат. Буга чейинки тендерде “Санта-Трейд” деген компания утуп чыгып, бирок кийин текшерүү учурунда иш тажрыйбасы боюнча коюлган талапка жооп бербейт деген негизде ал чечим жокко чыккан. Анын экспертизанын корутундусунун негизинде берилген дооматы каралып, 27-октябрда канааттандырылган.

- Урматуу президент Алмаз Шаршенович, биз сиздин тендерлер таза жана акыйкат өтүшү керек деген сөзүңүздү билебиз. Бирок жарым жылдан ашуун созулуп келе жаткан ветеринардык инспекциядагы бул тендердин жыйынтыгы сиз айткандай болбой жатат.
Эрнис Алибаев

Мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Дайыр Жумабаев ветеринардык комиссияга өз учурунда каттар жөнөтүлгөнүн айтып, анын жетекчилиги мыйзамды бузганын жашыруу үчүн ар кандай шылтоолорду ойлоп таап жатканын айтты:

- Негизи тиешелүү каттардын бардыгы берилген. Болгону бул жерде ветеринардык инспекция мыйзамдын талабын аткарбай жатат. Эми азыр прокуратурага жана сотко мамлекеттик инспекция мыйзамды аткарбай жатканы боюнча арызданып, кайрылууга туура келет. Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын 49-50-беренелеринде комиссиянын чечими тууралуу жазылган. Бул чечим сот тарабынан гана жокко чыгышы мүмкүн. Андай болбосо, анда ал күчүнө кириши керек. Бул жерде алар мыйзамды карабай, өзүнө гана ылайык иш алып барып жатышат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өткөргөн Кыргызстандын үч районунда саан уйларды идентификациялоо боюнча баштапкы пилоттук тендерге жалпысынан 25 компания катышкан болчу. Жобого ылайык, муну ийгиликтүү ишке ашырган компания ал долбоорду кийин республика боюнча аткаруу укугуна ээ болот. Мал-жандыкка бирка тагуу кийин анын ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG