Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Кулак биркалардын талаштуу тендери


Мал-жандыкты идентификациялоо боюнча 40 миллион сомдук пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар топтордун ортосунда “айыгышкан” күрөш күч алды.

Малдын кулагына тагылчу биркаларды сатып алуу боюнча тендерге катышкан компаниялар анын шарттары утуп чыккан компаниянын кызыкчылыгы үчүн одоно бузулганын айтып чыгышты.

Ветеринардык инспекция түзгөн конкурстук комиссия утуп чыккан компаниянын пайдасына тендердик жобону өзгөртүп, коюлган техникалык талаптар бузулуп жатканы туурасында прокуратура органдарына арыз жазышты. Бирок тендерди өткөрүүгө жооптуу ветеринардык кызматтын жетекчилиги айтылган дооматтарды жокко чыгарууда.

Тендердин шарттары тескелгенде

Малга бирка сатып келүү боюнча жакында өткөн пилоттук тендердин негизинде Newstar компаниясы биринчи орунга чыкты. Буга чейинки тендерде “Санта-Трейд” деген компания утуп чыгып, бирок кийин текшерүү учурунда иш тажрыйбасы боюнча коюлган талапка жооп бербейт деген негизде ал чечим жокко чыккан. Үчүнчү ирет өткөн тендерде бул компания экинчи орунга чыкты.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргызстандын үч районундагы саан уйларды идентификациялоо боюнча тендерге жалпысынан 25 компания катышкан болчу.

Жобого ылайык, муну ийгиликтүү ишке ашырган компания ал долбоорду кийин республика боюнча аткаруу укугуна ээ болот. Мына ошондуктан бул тендердин айланасында ызы-чуу күч алды. Түркиялык компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тендердин шарттары өзгөртүлгөн учурлар боюнча мекемелер аралык комиссияга даттанышты.

“Аватар Иншаат” компаниясынын өкүлү Жакшылык Матанов бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн тендердин негизги шарттарынын бири болгон “ошол сыяктуу иштер менен алектенген тажрыйбасы” деген талапты атайылап алып салышты. Анан бул тендер жарыялангандан баштап Кытайдан скотч алып келип саткан жана курулушта жүргөн компанияларды ортого кыпчып киргизип, сынактан өткөрүп жибергенге жандалбастап жатышты. Болгону эки жылдын ичинде эки миллион сомдон кем эмес, соода жүгүртүү тажрыйбасы болуш керек деген эле талап коюп, комиссия атайын тендердин шарттарын кызыкчылыкка карап өзгөртүп салды. Бул шарттар дагы мыйзамды одоно бузуу менен жүрдү. Анткени жаңы комиссия дайындалгандан кийин эски комиссиянын курамы чогулуп, жободогу шарттарды өзгөртүп, анан ишти жаңысына өткөрүп берип жатат. Бул жерде жогору жактагы таасирдүү бир жетекчилердин кызыкчылыгы бар экени көрүнүп калды.

Авторлук каттын айынан четтеген “Аватар”

Быйыл 5-августта Ветеринардык инспекция тендерди өткөрүү боюнча жаңы комиссия түзүп, бирок үч күндөн кийин же тагыраагы 8-августта эски комиссия кайра чогулган. Юристтер мындай жол менен сынак жобосуна өзгөртүү киргизүү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга караманча каршы келерин белгилешти. Ошондуктан ал компания бул өзгөртүүлөрдү жокко чыгаруу сунушун киргизди.

Бирок Ветеринардык инспекцияга караштуу конкурстук комиссия “Аватар Иншаат” компаниясы Түркиядагы заводдон алган кепилдик катынын көчүрмөсүн туура эмес даярдаганы үчүн тендерге катышуудан четтетилген деген жүйөнү келтирип туруп алды. Бирок бул компания тендердик комиссия каттын котормосундагы техникалык катаны гана бетине кармап, аны сынактан чыгарып салганын кошумчалады.

Кулак биркалардын талаштуу тендери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов айтылган дооматты четке какты:

- Тендердин жобосундагы талап бузулса, ошону далилдеп беришсин. Териштирүү комиссиясы чын эле бузулуптур деп тапса, анда биз жооп бергенге даярбыз. Тендерге 25 компания катышкандан кийин алардын арасынан айрымдары арызданат экен. Арыздана беришсин. Мына ошентип анан чындык чыгат да. Негизи биз буга чейин бир дагы компания Кыргызстанга мал-жандыктын биркаларын алып келип, бул иш менен алектенбегендиктен ошол шартты өзгөрткөнүбүз чын. Себеби бардыгына бирдей шарт коюлсун деген талап болгон. Анын ордуна биз биркаларды ташып келе турган компанияларга заводдун авторлоштук кепилдик катын тапшыруу милдетин киргизгенбиз. Бул абдан маанилүү талап. Анткени бул жерде заводдун да жоопкерчилиги болуш керек. Бүтүндөй мамлекет бизди карап тургандан кийин бул долбоорду таза жол менен ишке ашыралы деп жатабыз.

Бул биркалар малга тагылса, анда уурдалган же өлгөн малдын биркаларын алмаштырып, көз боёмочулукка жол ачылганы турат.
Абай Бүкүшев

Мындан сырткары Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментиндеги мекемелер аралык комиссияда тендерде экинчи орунду ээлеген “Санта-Трейд” компаниясынын доосу каралды.

Аталган компания конкурстук комиссия биркаларды сатып алуу боюнча үчүнчү ирет өткөн тендерде техникалык жана сапаттык талаптар боюнча жобону бузганы тууралуу маселе көтөрдү. Анткени доо койгон тарап кытай өндүрүшүнөн чыккан бирканы сунуштаган Newstar компаниясын тандоо чечимин техникалык-сапаттык талапты бузуу катары сыпаттады. Анткени жаныбарларды каттоо боюнча эл аралык комитеттин талабына ылайык, малдын кулагына тагыла турган биркаларды кайталап пайдаланууга болбойт. Бул талап аталган тендердин жобосуна киргизилип, сатылып алына турган товардын сапаттык жана техникалык абалын аныктоочу башкы критерий катары каралган.

“Санта-Трейд” компаниясынын жетекчиси Эрнис Алибаев буга байланыштуу жагдайды мындайча түшүндүрүп берди:

- Сыноо протоколу деген бар. Аны дагы жаныбарларды каттоо боюнча эл аралык комитет берет (ИКАР). Биринчи орунга чыккан компания Кытайдагы “Бояанг” заводунун биркаларын сунуштаган. Анын биркаларынын үлгүлөрү, тастыктамасы жана авторлошкон каты бизде деле бар эле. Бирок биз анын техникалык параметрлерин карап, аны сунуштоодон баш тарткан болчубуз. Биз техникалык сапатына карап, Түркиядагы “Кюпсан” заводунун биркаларын сунуштадык. Коюлган талап боюнча биркалар бир гана жолу пайдалана турган болуш керек. “Бояанг” заводунун биркалары болсо малга тагылгандан кийин кайра чыгып кете берет экен.

Сапаты бир, баасы арзанбы?

Ошол эле кезде Ветеринардык инспекцияга караштуу конкурстук комиссиясынын өкүлдөрү бул дооматты негиздүү эмес деген позицияны карманышты. Анткени ИКАР уюмунун сертификаты боюнча утуп чыккан компания сунуштаган товар кайсы өндүрүштөн чыкканына карабастан, сапаты жана баасы боюнча буюртма берген тарапты канааттандыра турганы белгиленди. Бирок конкурстук комиссия документалдык тастыктама аркылуу гана товардын техникалык-сапаттык абалын баалаганы белгилүү болду. Анткени конкурстук комиссия Кыргызстанда биркаларды техникалык жактан иш жүзүндө сыноодон өткөрүү мүмкүн эмес деп билдирди.

Тендердик комиссиясынын төрагасы Таалайбек Эрназаров иш жүзүндө сыноодон өткөрүп, анан сатып алуу боюнча атайын талап жок экенин айтып, берилген тастыктама боюнча гана чечим кабыл алынганын белгиледи:

- Уткан компания конкурстук комиссиянын кароосуна “ИКАР” сертификатын берип жатса, анан дагы биз ага ишенбей заводдун биркаларына экспертиза кыла албайбыз да. Комиссия мүчөлөрү колго алып, биркаларды тарткылап карап көрдүк. Бардыгы жайында экен. Биркалардын техникалык абалына адистик мүнөздөмө бере тургандай бизде атайын эксперттик топ жок. Бул жигит айткандай, чынында эле мүмкүн алар сунуштаган Түркия өндүрүшүнөн чыккан биркалар сапаттуудур. Бирок тигил биркалар деле сапаты жагынан кем калышпайт экен. Бизде керек болсо “Кыргызстандарт” буга окшогон сыноолорду жүргүзүп, корутунду бере албайт экен. Андай тажрыйба жок экен.

Мал уурулукка жол ачкан биркалар

Ошол эле учурда “Санта-Трейд” компаниясынын өкүлдөрү департаментте териштирүү жүрүп жаткан жерден Кытай, Франция жана Түркия өндүрүшүнөн чыккан биркаларды иш жүзүндө көз көрүнөө кол менен сыноодон өткөрүүнү комиссияга сунушташты. Анткени утуп чыккан компания сунуштаган биркалар малга тагылгандан кийин аны кайра чыгарып алып, бир нече жолу колдонууга мүмкүн экенин иш жүзүндө далилдегиси келген тарап, кийин мунун кесепеттери оор болорун эскертип өттү.

Бул компаниянын өкүлү Абай Бүкүшев жүргүзүлгөн сыноонун жыйынтыгын протоколго киргизүүнү суранды:

- Мына ушул нерседен чоң жаңылыштык келип чыгышы мүмкүн. Эгерде Кытай өндүрүшүнөн чыккан бул биркалар биздеги мал-жандыкты идентификациялоого колдонула турган болсо, аны бир малдын кулагынан оңой эле чечип, экинчи малга тагып ала турган мүмкүнчүлүк болот. Биз муну атайын текшерүүдөн өткөрүп көрдүк. Бул биркалар менен малды идентификациялоо жүрсө, анда бул долбоор ойрон болот. Бул биркалар малга тагылса, анда уурдалган же өлгөн малдын биркаларын алмаштырып, көз боёмочулукка жол ачылганы турат. Мен азыр сиздердин астыңыздарда бул биркаларды жулуп көргөндө алар товардык сапатын жоготпой туруп, бирок экинчи ирет колдонууга боло турганын далилдеп берем.

Бирок ошол эле кезде айрым комиссия мүчөлөрү биркалардын техникалык сапатын иш жүзүндө кол менен эле сынап көрүп, бир беткей жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес экенин айтып, доомат койгон тараптын жүйөсүн четке кагышты.

Бүтүндөй мамлекет бизди карап тургандан кийин бул долбоорду таза жол менен ишке ашыралы деп жатабыз.
Калысбек Жумаканов

Ошентип, бул компаниянын койгон дооматына жана комиссиянын астында жүргүзгөн биркаларды сыноонун жыйынтыгына алар каршы чыгышты. Мамлекеттик сатып алуулар департаментиндеги мекемелер аралык териштирүү тобу биркаларды кол менен сыноонун жыйынтыгын протоколго киргизген жок. Ал жактан эгерде биркалардын техникалык сапаты боюнча экспертизанын корутундусу бар болсо гана бул маселени териштирүүгө мүмкүн болору айтылып, бул багытта сунуш киргизилди.

Ветеринардык инспекциянын жооптуу өкүлү Нурланбек Сатыбалдиев ал компаниянын дооматын ынанымдуу жүйө катары кабыл алууга болбой турганын билдирди:

- Бул биркаларды силер каяктан алып келгениңерди биз каяктан билебиз? Мүмкүн “Дордой” базарынан көтөрүп келип көргөзүп жаткандырсыңар. Силердин бул жерде “эксперимент жүргүзөбүз” дегениңер утуп чыккан компанияны каралоо болуп саналат. Биз коюлган талапка байланыштуу гана документтерин карадык.

Ошол эле кезде “Санта Трейд” компаниясы биркалардын үлгүлөрү Кытайдын “Бояанг” компаниясынан сертификаты менен кошо алынып келингенин белгилешти. Мына ошондуктан ага сыноо жүргүзүүгө жана анын негизинде жыйынтык чыгарууга компаниянын акысы бар экени айтылды.

Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментине караштуу мекемелер аралык териштирүү комиссиясы берилген арыз-даттануулардын негизинде үчүнчү тендердин жыйынтыгын жакын арада карап чыкмакчы. Буга мыйзамга ылайык бир жума мөөнөт каралган. Бир аптадан соң буга чейин үзгүлтүккө учурап келген тендердин жыйынтыгы расмий түрдө бекитилип же болбосо жокко чыгарылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG