Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Түштүк аймагындагы соода-сатык жана чек ара көйгөйлөрү боюнча Ош шаарындагы “Антикризис” коомдук фондунун төрагасы Эркин Абдразаков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыйладан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы жабылып, соода жүгүртүү кыйындаганы белгилүү. Бүгүн абал кандай?

Абдразаков: Өткөн жылы 11-апрелде Өзбекстан чек араны убактылуу жаап койгон. “Достук” жана башка өткөрүү пункттары дээрлик иштебей турат. Ал жерлерде товар алып өтүүгө шарт жок. Бирок аткезчилик жолу аркылуу товарларды алып өтүп жаткандар бар.

Борбор Азиядагы Эркин экономикалык базар институтунун иликтөөсүн карасак, паспорту жок ар бир адамдан 200 сомдун тегерегинде, 50 килодон 80 килого чейинки жүктөр үчүн 50 сомдон 200 сомго чейин алып, бизнеске айлантып алышты. Биз күйүүчү майларды, эрте бышуучу жер-жемиштерди, өзгөчө минералдык жер семирткичтерди Өзбекстандан алчубуз. Ушуларды алып өтүү дээрлик токтоп калды. Анын айынан дыйкандар өтө кыйналып турган мезгили.

Кара-Суу базары
“Азаттык”: Чек арадагы товар жүгүртүүнүн солгундашынан ким көбүрөөк жабыр тартты? Кыргызстанбы же Өзбекстанбы?

Абдразаков: Чынын айтканда, Өзбекстандын калкы деле абдан кыйналып жатат. Мурда алар Кыргызстандын базарында көбүрөөк тиричилик кылып кетишчү. Кыргызстандан Кытайдын товарларын алып кетип, Ташкентке же Самаркандга алып барып сатышчу.

Чек ара маселесин эки жактуу караш керек. Өзбекстандын эрте бышкан жер-жемиштерин ала турган болсок, ал жакта бизге караганда беш-алты эсе арзан. Эгер чек араны таптакыр эле ачып салса, биздин дыйкандардын өндүргөн түшүмдөрү өтпөй, зыянга учурап калышат. Өзбекстан товарларын толук Кыргызстанга сата турган болсо, биздин экономикалык абалыбыз начарлап кетет.

Мындан сырткары, чек ара ачык кезинде Өзбекстандан мезгил-мезгили менен келип, жалданып иштеген адамдар көп болчу. Азыр алар дээрлик келбей калган. Ошондон улам бүгүнкү күндө курулуш иштеринде усталардын жетишпей жаткандыгы ачык көрүнүүдө.

кыргыз-өзбек чек арасы
“Азаттык”: Чек аранын жабыктыгынын Кыргызстандагы эң ири базарларынын бири болгон Кара-Суунун иши начарлаганы айтылууда. Бул базардын, анда иштегендердин келечеги кандай болчудай?

Абдразаков: Эгерде биз жакынкы кошуналар менен мамилени оңдобостон Бажы биримдигине киребиз деп, же дагы башка уюмдарды айта берсек, жакынкы өлкөлөр менен мамиле оорлой бериши мүмкүн.

Ошто соода-сатык боюнча жыйын өттү. Ошондо Кара-Суу базарынын өкүлү “мындан бир жарым, эки жыл мурда 40-45 миң доллар турган базардагы контейнерлердин баасы азыр 4-5 миңден ашпай жатат” деп айтты.

Эгерде Бажы союзуна кире турган болсок, Кытайдан арзан товарлар келбей калып, базардын 5-6 миң ишкери такыр эле ишин токтотушу мүмкүн. Экинчиден, Кыргызстандан товар алып кетип, аз да болсо акчасын таштап кетип жүргөн өзбекстандык жана тажикстандык ишкерлердин акчасынан да кол жууйбуз.

Ошондой эле Кыргызстандын Салык кодексинин да урунттуу оңдой турган жерлери бар. Учурда Кытайдын өзүнөн Кыргызстан аркылуу товар алып өтүп жаткан өзбекстандык ишкерлер транзит катары эсептелип, эч кандай бажы төлөмү жок өтүп кетүүдө. Бул Кыргызстандын экономикасына жасалган кыянатчылык. Андан башка сөз таппайсың.

“Азаттык”: Чек аранын жабылышы, аны менен катар Кару-Суу базарындагы иштин солгундашы бул атайын пландалган иш эмеспи? Мисалы, товарларды Кытайдан түз Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылып жатышат деп айтышууда. Сиз кандай дейсиз?

Абдразаков: Мен мындай ойлорго кошулам. Азыр деле мурунку бийликтин үй-бүлөсү бажыны көзөмөлдөп келгендей эле иштер болууда. Биздин Кара-Суу базарынан жана Баткен аймагынан өтүүчү жүктөрдүн баарын азыр Гүлнара Каримованын фирмалары ачыктан-ачык эле алып өтүп жатат. Чиновниктер бирин-бири колдойт, “карга карганын көзүн чокубайт” деген сөз элде бекеринен айтылбаса керек.
XS
SM
MD
LG