Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) коррупцияга каршы күрөштүн Кыргызстандагы абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюмдун талдоочуларынын пикиринде, Кыргызстанда коррупция илдети алдын алынбастан, анын кесепеттери менен күрөшүүгө басым жасалууда. Аталган уюм ага катар коррупциянын тамырын кыркуу коомчулуктун колдоосу астында гана ишке ашаарын белгилейт.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму коррупцияга каршы күрөштүн Кыргызстандагы абалына буга чейин акыркы ирет 2007-жылы баа берген экен. Азыркы баяндама ошол мезгилден берки кырдаалды ар тараптан талдайт.

Баяндамада учурдагы бийликтин коррупцияга каршы аракеттери да камтылган. Өлкөдөгү соңку жагдай менен таанышуу үчүн уюмдун эксперттер тобу быйыл жыл башында Бишкекке барып, өкмөт жана өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен маектешип кайтышкан.

Бир тараптуу аракет

Докладдын авторлорунун бири Таня Хаванска (Tanya Khavanska) “Азаттык” менен маегинде соңку мониторингден кийин алар Кыргызстандын учурдагы антикоррупциялык саясаты, ага каршы күрөштүн жаңы стратегиясы боюнча төмөнкүдөй тыянакка келишкенин белгиледи:

- Стратегия укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан гана иштелгендиктен белгилүү бир кемчиликтери бар. Атап айтканда, алдын алуу саясатынын элементи абдан эле аз. Биз баяндамабызда көрсөткөндөй, Кыргызстанда коррупцияны алдын алуу чараларына жетиштүү көңүл бөлүшпөйт, муну менен алектенген атайын орган, же структура жок. Албетте тартип коргоо органдары, прокуратура тарабынан көп нерсе жасалууда. Алар тергөө жүргүзүүгө, бул структураларды күчөтүүгө аракеттенип жатышат, мамлекеттик кызматчылар жасаган кылмыштар менен күрөшүү үчүн жаңы орган – Антикоррупциялык кызмат түзүлдү. Бирок булардын баары тартип коргоо органдарынын гана чаралары. Биздин мониторингдин, түрдүү өкмөттүк мекеме-уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулардын натыйжасында алардын бири да алдын алуу чаралары үчүн жооп бербей турганы түшүнүктүү болду. Ар бири өзүнүкүн жасоодо, бирок жалпы мамиле жок.

Таня Хаванска биз менен маегинде кошумчалагандай, эл аралык эксперттердин баамында, коррупцияга каршы күрөштүн учурдагы стратегиясы Коргоо кеңешинин катчылыгында гана жабык эшик артында даярдалып калгандай, ага бейөкмөт уюмдар жигердүү тартылган эмес.

Айнура Сагынбаева - социалдык жана маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүүгө адистешкен - SIAR консалтинг агенттигинин баш директору. Коррупция маселеси боюнча бирнече жылдан бери социологиялык сурамжылоолорду өткөрүп келе жаткан Сагынбаева да “Азаттык” менен маегинде коррупцияга каршы күрөштүн бир багыттан гана кетиши оң натыйжа бербей калуусу мүмкүндүгүнө токтолду:

- Бир эле иш-чаралардан көп нерсени күтсөк, коррупция азаймак түгүл кайра жогорулап кетиши мүмкүн. Анткени төлөмдөрдү алып жаткан чиновниктер азыр кыйыныраак болуп калды, андыктан төлөмүңөр жогорураак болушу керек деген шылтоону айтса, коррупция кайра күчөшү ыктымал. Андыктан коррупцияга каршы күрөш комплекстүү, бир эмес, ар тараптан кетиши керек. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, расмий төлөмдөрдү элге ыңгайлуу кылуу абзел. Ушундай нерселер бир маалда кетсе гана жыйынтык болот.

Кыргызстан да Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн Стамбул планы делген демилгесине эски совет аймагынын башка сегиз республикасынын катарында 2003-жылы ал ишке киргенден тарта кошулуп, өзүнө айрым милдеттемелерди алган.

Алардын бири БУУнун Коррупцияга каршы күрөш боюнча конвенциясын ратификациялоо болгон. Бул иш 2007-жылы жасалган. Баяндама авторлорунун бири Таня Хавансканын айтымында, андан бери коррупцияга каршы күрөштүн мыйзамдык тарабын чыңдоодо олуттуу жылыш болгон эмес:

- Кыргызстанда 2007-жылдан бери иш жүзүндө (мыйзамдар жаатында) эч нерсе жасалган эмес, эч бир өзгөртүү (мыйзамдарга) киргизилбеген. Дурус жагы - конвенциянын бардык талаптарына ылайык, мыйзам долбоорлорунун дээрлик баары даярдалып коюлган. Алар Кылмыш кодексин, Кылмыш-жаза кодексин өзгөртөт. Ошондой эле “Коррупцияга каршы күрөш тууралуу” мыйзам долбоору да даярдалган. Башкача айтканда, Кыргызстан азыр ошол долбоорлорду кабыл алуунун босогосунда турат. Бирок эмне болору белгисиз. Парламент кандай мамилесин көрсөтөт, жаңылыктардын баары кабыл алынабы же жокпу, белгисиз.

Коррупцияга каршы күрөштүн укуктун негизги алсыз экендигин жыл башында Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Шамил Атаханов да айтып чыккан эле.

Берген да март болбосо...

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму баяндамасында кыргыз бийлигин элдин коррупциядан арылуу боюнча узактан берки талабын мыйзамдарды жакшыртуу, коомдук уюмдардын мониторингин күчөтүү жана жарандык коом менен тыгыз кызматташуу аркылуу орундатууга үндөйт.

Бирок SIAR консалтинг агенттигинин баш директору Айнура Сагынбаеванын пикиринде, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы калктын да реакциясына жараша болот:

- Коррупция бул - эки жактын кыймылы: берүүчү жактын жана алуучу жактын. Биз берүүчү жакты сураштырганда, бир топ адамдар берүүгө (пара) даяр. Анткени расмий төлөмдөрдү жүргүзүү бир топ кыйынчылыктарды туудурат, убакыт керек. Маселени расмий эмес жол менен чечиш үчүн бир эле конверт берсең, баары жеңил кетет. Андыктан адамдардын бир тобу ушундай жол менен аракеттенүүнү эффективдүү деп эсептешүүдө. Айтор бир жагынан биз талап кылып жатабыз (коррупциядан арылууга), өкмөттү күрөшкө чакырып жатабыз. Бирок ар бир адамдын өзүнө келгенде маселелерди мурдагы эле ыкма менен чечүүнү каалоодо.

Эски жана жаңы сунуштар

Кыргызстан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун 2007-жылы алган 31 сунуштун азыркыга чейин экөөсүн толук, төртөөсүн негизинен, жыйырмасын жарым-жартылай аткарган. Беш сунуш такыр эле ишке ашырылган эмес. Аталган уюм жаңы баяндамада эми кыргыз бийлигине 22 сунушун жолдоодо.
Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, расмий төлөмдөрдү элге ыңгайлуу кылуу абзел. Ушундай нерселер бир маалда кетсе гана жыйынтык болот.

Уюмдун өкүлү Таня Хаванска белгилегендей, алардын бири киреше мүлк декларация тапшырбаган жана аны туура эмес, же толук эмес берген мамлекеттик кызматчыларга карата жазанын натыйжалуу чарасын киргизүү, декларацияда камтылган маалыматтардын чындыгын текшерүү механизмин түзүү, декларацияны ачыктоо боюнча эрежени жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө:

- Биз баяндамабызда келген жыйынтыктардын бири - айрыкча жогорку саясий кызматтагылар үчүн бул (декларация тапшыруу) система өзгөчө кылдат болушу керек. Алардын соңку жылкы эле айлыгы эмес, аки-чүкүсүнүн баары, адам ошол кызматка келген кездеги бүткүл мүлкү декларацияланып, коомчулук кийин кетип жаткан кезде кырдаал кандай өзгөргөнүн салыштыра алгыдай болуусу абзел. Бүгүнкү жана беш жылдан кийинки декларация салыштырылып, бир нерсе туура эмес болсо тартип коргоо органдарынан текшерүү талап кылынгыдай болушу зарыл. Бул биринчи кезекте коомчулук алдындагы көзөмөл үчүн жасалган.

Саясий жана мамлекеттик кызматтагылардын декларация тапшыруу өнөктүгү Кыргызстанда азырынча көпчүлүктүн көөнү үчүн деген иш-чара экендигине премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жакында шардана кылынган декларациясы да мисал болду окшойт. Саясатка жана бийликке чоң бизнестен келген Бабанов былтыркы жыл үчүн декларациясында өкмөттөгү кызмат ордунан гана тапкан кирешесин көрсөткөн, дүйнө-мүлкүн жана бизнес структураларынын кирешесин ачыктаган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG