Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Улуттук банк Кыргызстанда сомдун куну турукташып, инфляциянын деңгээли төмөндөгөнүн маалымдады. Ошол эле учурда айрым өнөктөш өлкөлөрдөгү каатчылык Кыргызстандын тышкы соодасына таасир тийгизип жатканы айтылууда. Адистер экспорт менен импорттун азаюусу кайра эле сомдун девальвациясына алып келерин белгилешүүдө.

Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун журналисттерге билдиргени боюнча, жыл жаңыргандан бери өлкөдө баанын жалпы индекси 0,17% төмөндөгөн. Ушундан улам инфляциянын деңгээли да ылдыйлаганын айтат Абдыгулов:

- Инфляция жылдык маанисинде 1,4% түздү. Бул баалардын төмөн көрсөткүчү: азык-түлүк жана күйүүчү майдын арзан болуп жатышына байланыштуу. Дүйнөлүк азык-түлүк жана сырье базарларындагы баалардын өзгөрүүсү да таасир берди.

Толкунбек Абдыгулов ЕАЭБдеги айрым өнөктөш өлкөлөр мунайдын арзандап кетүүсүнөн улам экономикалык кыйынчылыкка кабылганын белгилеп, мындан Кыргызстандын экономикасы да аксап жатканын ырастады. Анын айтуусунда, Кыргызстандын ички жана тышкы соодасы 40% азайган, өткөн жылы Кыргызстан "Кумтөрдү" эске албаганда 15% аз товар экспорттогон. Импорт 30% азайган. Улуттук банктын төрагасы буга мисал катары сырттан которулуп жаткан акчанын азайышын айтты:

- Акча которуулар жагында байкаларлык төмөндөө болду. Сырттан которулган акча доллар менен санаганда 25,8% төмөндөсө, рубль менен санаганда 10,4% көбөйгөн. Тактап айтканда, 2015-жылы сырттан которулган акчанын көлөмү 1,5 млрд. доллардын айланасында болду. Азыркы убакта кыргыз экономикасында төмөндөө байкалууда. Январь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн реалдуу ИДП 10,7% азайган. Бул "Кумтөрдөгү" өндүрүштүн жайлашына байланыштуу. "Кумтөрдү" эске албаганда, реалдуу ИДП 1,5% төмөндөгөн.

Январь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн реалдуу ИДП 10,7% азайган. Бул "Кумтөрдөгү" өндүрүштүн жайлашына байланыштуу.

Кыргызстандагы экономикалык абал ЕАЭБдеги башка өнөктөш өлкөлөрдөгү кыйынчылыкка байланыштуу деген пикирди адистер да айтышууда. ЖИА бизнес биримдигинин төрагасы Умбриэль Темиралиев Орусия менен Казакстандагы кризистен улам Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын иши үзгүлтүккө учураганы экспорттун азаюусун шарттады деп эсептейт:

- Биринчиден, биздин тышкы соода өнөктөштөрүбүз Орусия менен Казакстанда кризис болуп жатканы биздин тигүүчүлөрүбүз менен эмерек жасаган ишкерлерибиздин ишин үзгүлтүккө учуратты. Мындан тышкары Кыргызстан өзүн жеке эле соода менен алектенген өлкө катары көрсөтүп, Кытай менен Түркиянын товарларын арзан сатып, реэкспорттогу өнөктөш катары бир орун ээлеген болчу. Бирок өлкө ЕАЭБге кошулары менен жаңы эрежелер, талаптарга ылайык, Кыргызстандын реэкспорттоо мүмкүнчүлүгү азайды. Мындан "Дордой" менен Кара-Суу базарлары соодасы жүрбөй, токтоп калды. Экинчиден, мигранттардан келип жаткан акча азайып кетти. Бул экономикабыздын түркүгү болуп жаткан курулуш тармагынын токтошуна алып келди. Бул дагы сырттан импорттун азаюусун шарттады.

Менеджмент боюнча консультанттар институтунун директору, каржы, укук маселелери боюнча эксперт Азамат Аттокуров Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөштөрүндөгү экономикалык абал бизге да таасир этип жатат деген пикирде:

- Орусия менен Казакстандагы акчанын девальвацияга учурашы, ага байланыштуу элдин төлөм жөндөмү төмөндөшү биздин экспортко таасирин тийгизди. Анткени алардагы кризис кийим-кече, оюн-зоок, туристтик чыгашаларын кыскартууга аргасыз кылууда. Ал эми импорттун көлөмү азайганы бажы төлөмдөрүнүн кымбаттаганына байланыштуу, баалардын өсүшүнөн жана ошондой эле доллар өскөндүктөн улам болуп жатат.

Сомдун куну кармалышы - убактылуу

Улуттук валюта – сомдун куну өткөн жылдын орто ченинен тартып, төмөндөөнүн гана үстүндө болгон. Ушундан улам Улуттук банк өткөн жылдын ноябрь, декабрь жана быйылкы январь айларында сомдун кунун кармоо үчүн кайра-кайра интервенция жасаганы белгилүү. Ушул тапта Улуттук банктын резерви 1 млрд. 780 млн. доллар.

Сомдун кунун кармабай, эркин коё берүү товарды экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүк бермек. Казакстан менен Орусияда девальвация болгон соң, бизге бул өлкөлөрдөн товар ташуу күч алганы буга мисал.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов азыркы сом туруктуу абалда турган мезгилде эл аралык резервди калыбына келтирүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады:

- Биздин резервдин көлөмү жетиштүү. Үч-төрт айлык импорттун көлөмүн жаба алат. Ошентсе да биз учурда Кыргызстандан жасалган алтын куймаларын сатып, резервди толуктоо аракетин көрүп жатабыз.

Февраль айынын башынан тарта улуттук валюта туруктуу абалын сактап келатат. Бир айда эле АКШ доллары 2,5-3 сомго арзандаганын Улуттук банктын төрагасы долларга суроо-талап азайышы менен байланыштырат.

Ошентсе да адистер сомдун кунун кармап туруусу табигый деп айтууга болбостугун айтышат. Алардын белгилөөсү боюнча, сомдун эсептик чен өлчөмү 10% болушу сомдун туруктуулугун убактылуу кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Улуттук банктын 1-марттагы маалыматы боюнча, сомдун эсептик чен өлчөмү өзгөрүүсүз, 10% боюнча калтырылды. Эксперт Азамат Аттокуров долларга суроо-талап азаюусу сомдун кунун турукташтырды деген бүтүмгө кошулбайт:

- Азыр үй же унаа алуу үчүн акча чогултуп аткан киши сөзсүз түрдө доллар менен чогултат. Анткени бүгүнкү күнү сомго эч ким сатпайт. Ал эми сом менен насыя берүү саналуу гана банктарда гана иштейт. Тескерисинче, сомдун кунун кармабай, эркин коё берүү товарды экспорттоого кеңири мүмкүнчүлүк бермек. Казакстан менен Орусияда девальвация болгон соң, бизге бул өлкөлөрдөн товар ташуу күч алганы буга мисал.

Импорттун азайышы да долларга суроо-талаптын кыскарышына алып келет. Ошол эле учурда сомдун куну кармалып турушуна ички өндүрүштүн азайганы да негиз болот. Айрым эксперттердин айтуусунда, акыркы жарым жылда Кыргызстанда өндүрүш да жайлай баштады. Учурдагы экономикалык акыбал аягында кайра эле сомдун девальвация болушуна алып келүүсү ыктымал деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG