Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Мамбеталиев: Кирешесин жашырган аткаминерге жаза керек


Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алган аткаминерлер өз кирешеси тууралуу маалыматты канткенде бурмалабай, так жазып берет? Бул үчүн мыйзамдар жетиштүүбү? Дүйнөлүк тажрыйбада бул маселе кандай чечилет? "Азаттыкка" серепчи Аскарбек Мамбеталиев маек курду.

“Азаттык”: Дүйнөлүк тажрыйбада бийликтегилердин кирешеси тууралуу маалыматты алуу кандайча жүргүзүлөт, бул иш канчалык натыйжалуу, таасирдүү?

Мамбеталиев: Мен өзүм барган жерлерден айтсам, мисалы, АКШда баары декларация толтурат. Анын атайын түрдүү формалары болот. Барак Обамадан баштап баары Салык төлөөчү органга тапшырып берет. Эгер туура эмес толтурса, же ката болсо ар кандай айыппулдар бар.

“Азаттык”: Бул иш канчалык натыйжалуу?

Мамбеталиев: Ал жакта мыйзамдар иштегендиктен анчалык жашырып кереги жок. Анын үстүнө аткаминерлерге караганда бизнесмендер бай болуп чыгышы мүмкүн. Мына жакында Обама өзүнүн кирешесин жарыялады. Мен анын канча акчасы бар экенин окудум. Ал эми бизде болсо мыйзам иштебей жатат. Кээде мыйзамды бир аткаминерге иштеп, экинчисине карата иштебей тургандай кылып буруп койсо болот.

“Азаттык”: Негизи Кыргызстанга бул керекпи?

Мамбеталиев: Дүйнөдө бардык эле мамлекеттерде жүргүзүлөт мындай иш. Себеби салык төлөш керек. Бирок Кыргызстанда жаза жок болуп жатат. Ал тургай Орусияда да, мисалы, Медведев аз эле кылып жазып койот экен.

“Азаттык”: Кыргызстандын Башкы прокуратурасы киреше декларациясын бурмалап толтургандарды жазалоону административдик эмес, кылмыш жол менен чечүүнү сунуштап жатат. Бул өзү туурабы?

Мамбеталиев: Албетте, айрыкча аткаминерлерге, мамлекеттик казынадан айлык алгандарга карата. Алар элге маалыматты так бериши керек. Бизде, мисалы, азыр Бабановдун машинасы да, үйү да жок экен деп айтылып жатпайбы....

“Азаттык”: Эмне себептен ушундай болуп жатат. Эмне үчүн аткаминерлер кирешесин ачык айткандан кооптонот?

Мамбеталиев: Бизде, мисалы, эгер машина сатып алсаң, ишеним каттын негизинде каттап койсо болот. Балким Бабанов ошондой ишеним кат менен эле алгандыр... Мыйзамдар бизде ушудай да, буйтап кетсе болот.

Ал эми коркуп жатканынын себеби, балким кайсы бир айлар үчүн чоң-чоң кирешесинен салык төлөбөй койгондур. Анын үстүнө бизде, кыргызда, туугандарыбызга жаздырып коймой да бар. Бизде башка өлкөлөргө караганда бир аз татаалыраак.

“Азаттык”: Канткенде ушундай көрүнүштөн арылсак болот?

Мамбеталиев: Бул комплекстүү чечиле турган татаал маселе. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, мыйзамдарды тартипке келтириш керек. Анан ошол мыйзамдардын иштешин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл.
XS
SM
MD
LG