Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Башкы прокуратура саясий жана атайын мамлекеттик кызматтагы 93 адам кирешесин туура эмес көрсөтүп, жашырганынын бетин ачты.

Киреше декларациясын толтурууда мыйзам бузган аткаминерлерге карата жаза чарасын катаалдаштыруу жагы сунушталууда.

Туура эмес толтурулган киреше декларациялары

Жүз элүү төрт аткаминердин ичинен 93ү өзүнүн кирешесин жашырганы, же мүлкүн туура эмес көрсөткөнү аныкталган. Алардын 81и азыркы учурда мамлекеттик кызматта иштей турганы белгиленди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү бар экенин жашырган аткаминерлердин көч башы өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөкул Бековдон башталып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Алибек Мамыркулов, курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттигинин директору Каныбек Нарбаев, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Учкунбек Ташбаев, каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков, Баткендин губернатору Жеңиш Раззаков жана Таластын губернатору Койсун Курманалиева менен толукталган.

Алардын ичинен Юруслан Тойчубеков киреше декларациясын туура эмес толтурган деген кинени четке какты:

- Кандайча туура эмес толтурулуп калат экен? Анткени башкаларды билбейм, бирок мен аны толтурууда кылдат карап чыгып, салыштырып туруп анан мүлкүмдүн бардыгын ар бир тыйынына чейин калтырбай каттагам. Андай болушу мүмкүн эмес.

Саясий жана атайын мамлекеттик кызматтагы адамдардын кирешеси тууралуу маалыматтарды каттаттуу жана жарыялоо боюнча мыйзам аткаминерлердин мүлкүн ачыкка чыгарууну милдеттендирген менен анын шарттарын аткарбай койгон учурда кандай жаза чарасы каралаары көрсөтүлгөн эмес.

Жаза чарасы киргизилет

Мына ошондуктан учурда Башкы прокуратура административдик кодекске кирешеси тууралуу жалган маалымат берген аткаминерлерди айыпка жыгуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев бара-бара аталган мыйзамды бузган үчүн кылмыш жоопкерчилиги карала турганын белгиледи:

- Эгерде Жогорку Кеңеш ошол мыйзам долбоорун колдоп бере турган болсо, күздөн баштап декларацияны туура эмес толтургандар административдик жазага тартылат. Буга чейин мыйзамдарда декларацияны туура эмес толтурган же кирешени жашыргандык боюнча эч кандай жоопкерчилик каралбай келген. Азырынча административдик жаза катары киргизип алсак, барып-барып иштин жыйынтыгын чыгаруу үчүн кылмыш жазасы каралмакчы.

Азырынча Башкы прокуратура кирешеси тууралуу маалыматтарды бурмалап көрсөткөн аткаминерлерге эскертүү берүү, же кандайдыр бир административдик чара көрүү маселесин кароону өкмөткө сунуштады.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров киреше декларациясын туура эмес толтурган аткаминерлерге чара көрүү жагы жакынкы жыйындардын биринде карала тургандыгын айтты:

- Өкмөттүн жетекчилиги мына ошол туура эмес декларация толтурган аткаминерлерге карата албетте чара көрөт. Эскертүү деген бар. Административдик кодексте кандай жаза чаралары каралган болсо, ошого карата жумуштар аткарылат.

Бабановдон үлгү алмай

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов баш болгон саясий жана атайын мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн мүлкү тууралуу киреше декларациясын толтурушкан болчу. Мына ошол декларацияда өлкөдөгү ири байлардын катарына кирет деп айтылып жүргөн өкмөт башчысы Бабанов өзүнүн менчик үйү жана менчик автоунаасы жок экендигин көрсөткөн.

Мындай жагдайга ишенбеген коомчулук өкүлдөрү өкмөт башчысы өзүнүн кирешесин жашырды деп сындап чыгышкан болчу. Бирок бул жолу Башкы прокуратура Бабановдун киреше декларациясынан мыйзам бузуу тапкан жок.

Талдоочу Төлөбек Абдыров кирешесин ачыкка чыгарууда өкмөт башчысы өзү үлгү көрсөтсө болмок деген пикирде:

- Өкмөт башчысы өзү үлгү катары декларациясында коомчулук ишене тургандай мүлкүн көрсөтсө жакшы болмок. Анан эми азыр жетекчилик мына ошондой болуп жатса, калгандары албетте мал-мүлкүн башка бирөөгө жаздырып коймойду адатка айлантып алышпадабы. Өкмөттүн башчысы жөнгө салып, тартипке чакыргысы келсе, анда өзүнөн баштаса болмок.

Адатта мамлекеттик кызматкер өзүнүн ээлигиндеги кандайдыр бир мүлктүн каяктан келгенин түшүндүрүп бере албагандыктан аны киреше декларациясына киргизбей койгон учурлар болот. Мамлекеттик кызматкерлердин киреше декларациясын толтуруу жөрөлгөсү алардын тазалыгын аныктоочу шарт катары Европада жана Жапонияда өткөн кылымдын аягында пайда болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG