Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Кумтөр: ЖК чектеген мөөнөт бүтүп баратат


Ушул жылдын 21-февралында Кумтөр боюнча “Центерра голд” менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңеш өкмөткө чектеп берген үч айлык мөөнөт акырына чыгууда.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 17-майда журналисттерге билдиргенине караганда, өкмөт келерки аптада 2012-жылдагы жасалган иштер боюнча Жогорку Кеңешке отчет берүүгө камынууда. Анда Кумтөр боюнча 3 ай бою жүргөн сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары боюнча да маалымат берилмекчи.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” маегинде сүйлөшүүлөрдүн созулуп жатышын анын татаалдыгы менен түшүндүрдү. Анткен менен азыр сүйлөшүүлөрдүн экинчи баскычы башталып, кыргыз өкмөтү да, “Центерра голд” да көз карандысыз кеңешчилерди жалдашканын жана алар маселени терең талдоо үчүн убакыт сурашканын маалымдады.

- Биз “Кумтөрдү Кыргызстан толук көзөмөлгө алышыбыз керек” десек, алар “жок, 2009-жылы келишим түзгөнбүз” дешти. Анан эки жак тең көз карандысыз кеңешчилерди алалы дегенге келиштик. Биз тандап жүрүп, майдын башында алдык. Алар иштеп жатышат. Бул - экинчи раунддун башталышы. Биздин да, “Центерранын” да консультанттары 60 күн мөөнөт сурап атышат. Ушул убакыт ичинде эки жакты тең канааттандыра турган сунушту беребиз. Айрымдар мени адвокаттык кылууда деши мүмкүн, бирок өкмөт үчүн Кумтөрдүн стабилдүү иштеши өтө зарыл.

Өкмөт сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетиши мүмкүн экенин да жокко чыгарбайт, бирок кандай гана болбосун “Кумтөр” кен казуу үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирүүдө. Мамлекеттик комиссиянын корутундусуна негиздеп, 21-февралда Жогорку Кеңеш эгер үч айда сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, келишимди бир тараптуу бузууну сунуштаган болчу. Жантөрө Сатыбалдиев:

- Ал боюнча да иштеп жатабыз, бирок негизги маселе катары караган жокпуз. Бул эң акыркы арга. Такыр эле сүйлөшүүлөргө жетише албасак, бир жактуу денонсацияга барабыз. Бул өтө оор маселе. Анда экинчи жактын эл аралык сотторго берүүгө толук укугу бар.

Анткен менен азырынча сүйлөшүүлөрдүн кеңири шарттары, эки тарап бири-бирине коюп жаткан талаптар боюнча маалыматтар жокко эсе. Ошондон улам өкмөт “Центерра голд” менен тымызын соодалашып жатат деп айыптагандар да жок эмес. Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков 16-майда парламент жыйынында өкмөткө ушундай кине койду.

“Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров өкмөттөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын эл өкүлдөрү сураганга камынып жатканын айтты.

- Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын берише элек. 22-майда өкмөт жасаган иштери боюнча отчетун беребиз деп жатат. Мен парламентте Кумтөр боюнча маселе көтөрдүм. 22-майда Жогорку Кеңеш жыйында Кумтөр боюнча маалымат беребиз дешти.

Эксперт: Кыргызстан убакыттан уттурууда

Кыргыз өкмөтү “Центерра голддун” 33% пайыз акциясына ээлик кылат. Мамлекеттик комиссия 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет жана мыйзамдарды одоно бузуу менен түзүлгөн деп тапкан. Андыктан Жогорку Кеңеш Кумтөрдүн иш-аракеттеринин баарын Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келтирүү, экологиялык зыяндарды өндүрүү милдеттерин өкмөткө жүктөгөн.


EurasiaNet.org интернет басылмасынын ушул жумада жазышынча, Кыргызстан “Центерра голддон” экологиялык зыян үчүн 467 миллион доллар айып пул төлөөнү талап кылууда. Бирок “Центерра голд” аны өтө эле аша чапкан сумма деп эсептеп жатат.

Ал эми буга чейин Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, эл аралык укук жана арбитраж боюнча эксперт Индира Сатаркулова “Центерра голд” менен сүйлөшүүгө мөөнөт чектеп, Кыргызстан убакыттан уттурууда деп эсептейт.

- Бул аралыкта өкмөт үч ай убакытты куру кетирди. Канадалык компания тарабынан жол берилген мыйзам бузуулар ачык далилденген жана өздөрү деле аларды жокко чыгарышпайт. Сүйлөшүүлөрдү узакка созуу Кыргызстан үчүн гана зыян. Бул Кыргызстан элинин кызыкчылыктарына каршы келет. Буга жол бербеш керек.

Мындан сырткары Индира Сатаркулова эгер иш ырбап кетсе, Кыргызстан эл аралык соттон утууга да мүмкүнчүлүгү жогору деген ойдо.

XS
SM
MD
LG