Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

1-апрелде Жерүй алтын кени боюнча сынактын шарттарын иштеп чыккан мекемелер аралык комиссия акыркы жыйынга чогулат. Андан соң конкурстун шарттары жарыяланып, кен ачык сынакка чыгарылат.

Өкмөт алгач Жерүй кенинин баштапкы суммасын 100 млн. доллар деп аныктаган. Бирок комиссия аны 300 млн. долларга көтөрдү. Эми бул суммага инвестор келеби деп кабатыр болгондор да бар.

“Ата Журт” фракциясынын депутаты, комиссиянын мүчөсү Азамат Арапбаев 300 млн. доллар жүйөлүү негиздерсиз көтөрүлүп калды деген ойдо.

- 300 млн. доллар жок жерден эле келип чыкты. Ага эч кандай техникалык-экономикалык негиздер айтылган жок. Мен ал маселеге добушумду берген жокмун. Менин оюмча, өкмөт бекитип берген 100 млн. долларды калтырып, бир катар компанияларды чакырыш керек эле. Ошондо атаандаштык негизде анын чыныгы баасы бычылмак.

Бааны көтөрүү менен Жерүй кенине келүү максаты бар инвесторлорду атайын качыруу максаты көздөлгөн дегендер да жок эмес. Анткени Жерүй кенине мурда-кийин кызыкдар болуп жүргөн тараптар арбын. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев да ушул айда журналисттерге берген маегинде баса белгилеген.

Ал эми сынактын шарты боюнча аукционго катышкан компания баштапкы сумманын баасын жогору көтөрүп, үстүнө өзүнүн баасын сунуштаса болот. Комиссия мүчөсү, “Жер байлыгы - эл бийлиги” коомдук уюмунун төрагасы Бакыт Сейталиев 300 млн. долларга көтөрүү менен алгачкы төлөмдөн Кыргызстан көбүрөөк пайда таап калса деген максат болду дейт.

- 300 млн. дегенибиздин эң жакшысы - ошол замат төлөмөй болуп жатат. Алар алдын ала төлөп беришет.

Сынактын шартына ылайык, утуп чыккан компания бир ай аралыгында баштапкы сумманы төлөп бериш керек. Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.

Сынга кабылган агенттик

Ал аралыкта Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети Жерүй боюнча комиссиянын төрагасы, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Ишембай Чунуев боюнча маселени көтөрүп чыкты. Алардын айтымында, Чунуев бир катар кызматтык алешемдиктерге жол берүүдө. Маселен, алар кылмыш иши козголгон жана мыйзамсыз лицензия берүүгө катышы бар адамдарды жумушка алып, айрым кен ишканаларынын кызыкчылыгын коргоп жатат деп сындап чыгышты.
Өкмөт бекитип берген 100 млн. долларды калтырып, бир катар компанияларды чакырыш керек эле.

Комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев бул маселени парламент жыйынындагы талкууда көтөрдү.

- Үй-бүлөлөр, иш козголгон жана башка толтура адамдарга кен байлыктарыбызды талата берсек, алдыга жыла албайбыз. Ишембай Карыбаевич Кумтөрдө он алты жыл иштеген. Агенттикке ошол жерден келип отурат. Азыр Кумтөрдүн кору 5,5 тоннага төмөндөп жатат. Аны булар Геология жана минералдык ресурстар агенттиги аркылуу гана жасашы мүмкүн.

Бирок Ишембай Чунуев Жогорку Кеңеште айтылган дооматтардын баарын четке кагып, өз далилдерин келтирип, Кумтөрдө иштегенине сыймыктанарын айтты.

- Мен бул кызматка жеке пайда табайын деп, же башка бир максатта келген эмесмин. Ооба, мен Кумтөрдө иштегем. Ал үчүн мен сыймыктанам. Анткени мен кен тармагында эмгектенгендердин жакшы мектебин түздүм. Мага азыр бүткүл дүйнөдөн жазгандар бар. Эгер Жерүй иштеп калса, командабыз менен келип иштейбиз деп айткандар бар.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ишембай Чунуевге байланыштуу маселени ушул жумада да кароону сунушташты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG