Линктер

Интернеттин өнүгүшү - мобилдик байланыш операторлорун кризиске кептөөдө. Мындан улам компаниялар жаңы стратегияларды ойлоп табууга аргасыз болушууда.

Жети оператордон үчөө жабылды

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда мобилдик байланыш компаниялары 18 870 млн. сомдук кызмат көрсөткөн. Бул мурунку жылга караганда 1,8% көп, ал эми 2011-жылга салыштырмалуу 36,6% көп.

Бул көрсөткүчтөн улам эксперттер өлкөдө мобилдик байланыш кызматынан пайдалангандардын саны азайып баратканын белгилешет. Буга эң ириде интернеттин өнүгүп жатканы себеп болсо, экинчиден, керектөөчүлөр сезип жаткан кризис байланыш операторлорунун кирешесин азайтууда дешет алар.

Кризис демекчи, статистикалык маалыматтар боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда уюлдук телефон байланыш кызматын колдонуучулардын саны 6,57 млн болгон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,2% аз. Ушундан улам, акыркы эки жылда Кыргызстандагы жети мобилдик байланыш компаниясынын үчөө ишин токтотту.

Кыргызстанга алгачкылардан болуп уюлдук байланыш кызматын көрсөтүп келген "Кател" компаниясы алгачкылардан болуп, кызматын токтотту. Ага удаа "СоТел" компаниясы ишин токтотсо, акыркылардан болуп быйыл май айынан бери мобилдик байланышуунун СДМА стандарты менен иштеген "АкТел" же эл ичинде айтылгандай, "Фонекс" уюлдук байланышы биротоло ишмердүүлүгүн токтотту. "Фонекстин" кызматынан пайдалангандар акыркы убактарда бир кыйла азайып калган болчу. Адистер буга уюлдук байланышуунун СДМА стандарты өзү эскиргенин негиз кылышууда.

“Мегаком” эмнеге сатылбай калды?

Учурда Кыргызстанда төрт уюлдук байланыш оператору бар. Алар: "Билайн", "Мегаком", "О" жана "Сапатком". "Мегаком" же "Альфа телеком" компаниясы 2010-жылдан бери мамлекеттин менчигинде, бирок аталган компаниянын 100% акциясы сатыкка коюлган. Май айында өткөрүлгөн аукциондо компания сатылбай калган. Муну айрым адистер уюлдук байланыш компаниясы мурункудай кирешелүү тармак болбой калганы менен байланыштырып, мүмкүнчүлүгү кеңири инвесторлордун кызыгуусун жарата алган жок деп айтышууда. Ошол эле учурда муну дүйнөлүк кризиске байлагандар да бар.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Садыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, "Мегакомду" сатууга мамлекет жакшы аракет кылган жок:

- “Мегаком” сыяктуу ири компанияларды сатуу үчүн мамлекет акча сарптап, мыкты инвестициялык ишканаларды жалдап, компаниянын бизнес долбоорун түзүп, акчасы көп, ири инвесторлорго “тартуулап” бериши керек. Анткени инвесторлор өздөрү келбейт. Аларды кызыктыруу керек. Экинчиден, учурда кризис болуп жатат. Дүйнөдө кризис болуп жаткан учурда да мындай компаниялар оңой менен өтпөйт.

"Мегаком" компаниясы уюлдук байланыш тармагы мурункудай кирешелүү болбой калганы үчүн сатылбай калды деген пикирлерди компания өзү да четке кагат. Компаниянын жарнама жана маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүркановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мамлекеттин менчигине өткөндөн кийин ишкана жакырланып кетти деген сөз суу кечпейт:

- Эгер бизде кризис болсо, 3G, 4G сыяктуу интернет тарата албайт элек. Өзүбүздүн жарнамаларга да акча болмок эмес. Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага бараткан спортчуларыбызды колдой алмак эмеспиз. Көчмөндөр оюнуна да башкы демөөрчү боло албай калмакпыз. Ошондуктан “Мегаком” мамлекеттик компания болуп калгандан бери кирешеси азайды деп ойлогондор жаңылышат.

Анткен менен серепчилер керектөөчүлөр телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жана СМС алышууларды азайтты деп белгилешет. Анткени телефондон номер терип сүйлөшүүнү жана кыска кат жазышууларды интернет алмаштырып, кийинки убактарда интернет жакшы тарткан аймактарда керектөөчүлөр уюлдук телефондун сүйлөшүү кызматын колдонгонго караганда, интернет тиркемелерин пайдаланууну артык көрө башташты.

“1G да тартпайт керек болсо…”

Алыскы аймактарда Кыргызстандагы үч уюлдук оператордун дээрлик баарынын интернети тартпайт. Ошого карабай кардарлар райондук борборлорго, шаарларга келип, сүйлөшүүгө аракет кылышат. Алсак, Баткен облусу тургундарынын негизги бөлүгү Орусияга миграцияга кеткен аймак болуп эсептелет. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөр да жалпысынан ошол Орусиядагы жакындары менен жүрөт.

Кезинде Орусия менен бир нече мүнөттүк сүйлөшүү үчүн 100-200 сом төлөп келген тургундар эми аны интернеттеги WhatsApp, Viber жана ИМО тиркемелеринен кенен сүйлөшүүгө жумшай башташты. Бирок бул үчүн алар интернет тарткан райондук борборго же шаарга келүүгө аргасыз.

Баткендин тургуну Максат үй-бүлөсү менен Москвада жашап жүрүп, мекенине эс алууга келген. Кайтып жатканда “кара тизмеде" экенин айтып чыгарбай коюшкан. Эми Москвадагы бала-чакасы менен күн алыс телефондон байланышууга аргасыз:

- Мен жашаган Кыштут айылында уюлдук байланыш операторлорунун бири да жарытып тартпайт. Эптеп сүйлөшсө болот, ал да угулуп-угулбайт. Өзүм “Мегакомдун” “Элдик” тарифин колдоном, бирок интернети иштебейт. Интернетке кириш үчүн шаарга барам. Балдарым менен видео-чалуу кылып же WhatsApp аркылуу сүйлөшүү, же документтердин көчүрмөсүн жиберүү үчүн да атайын Баткен шаарына барышка туура келет. Эл аз болгону үчүн бизге антенна деле, интернет жайылтуучу аппараттар деле коюшпайт экен деп угабыз.

Сурамжылоолорго караганда, Бишкек, Ош, Каракол сыяктуу зымсыз интернет жакшы тарткан шаарларда деле баары бир зымдуу интернеттин сапаты жакшыраак болот.

Дагы "биздин кызматка кандай баа бересиз жана башкаларга сунуштайт белеңиз?" деп телефон чалып тынчыңды алгандарычы...

Интернеттин өнүгүшү - мобилдик байланыш операторлорун кризиске кептөөдө. Компаниялар мындан улам жаңы стратегияларды ойлоп табууга аргасыз болушууда. "Билайн", "Мегаком" жана "О" уюлдук компаниялары кардарларды түрдүү жолдор менен өздөрүнө тартууга аракет кылып келишет. Мисалы, бүгүнкү күнү мобилдик байланыш, СМС кызматы жана интернети да киргизилген атайын тарифтик пландарды сунуштоодо.

"Билайндын" "Фристайл" тарифи жумасына 200 сом алат, анын ичине баары камтылган. "Мегакомдо" мындай тарифтик план “Элдик” деп аталат. Мунун ичинде кардарлардын бардык тибине ылайыкташкан кызматтар сунуш кылынганын айтат "Мегакомдун" жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов:

- Анын ичинен студенттен тартып ишкерге чейин өзүнө ылайыктуусун тандап ала алышат. Жумасына канча коротот, СМСке канча, интернетке канча акча коротот? Канча гигабайт интернет керектейт? Мына ушунун баарын карап көрүп, өзүнө ылайыктуусун тандоого кеңири мүмкүнчүлүк берилген.

Уюлдук байланыштын, интернеттин сапатын жакшыртуу, кардарларды тартуу максатында жүргүзүлүп жаткан стратегиялык аракеттери тууралуу сурайлы деп, Кыргызстандагы дээрлик бардык мобилдик операторлоруна кайрылдык. Бирок “Мегаком” компаниясынан башкалары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Кыскасы алдамай...”

Кардарлар компаниялар сунуш кылган кызматы, берген убадасына дал келбейт жатканына нааразылыгын көп айтышат. Мисалы, Фейсбуктагы биздин сурамжылоого катышкан респонденттердин көпчүлүгү Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун кызматына канааттанбай турганын билдиришти. Айрымдарын телефондон сүйлөшүү сапаты канааттандырбаса, көпчүлүгү интернеттин жайлыгына нааразы.

Ошондой эле уюлдук байланыш компаниялары көрсөткөн кызматынын сапаты алган акчасына төп келбесин айтып нааразы болгондор көбүрөөк.

Өзүн Эрик деп тааныштырган респондент бардык операторлор тең начар деген баасын берди. Анын айтуусунда, 4G интернетибиз бар деп мактанган уюлдук компаниялар ооз көбүртүп мактанганы, алган акчасы сунуштаган интернетинин сапатына эч бир төп келбейт. Ошондой эле уюлдук операторлордун интернет үчүн алган акысына нааразылар да көп.

Бүайша Жолдошова аттуу кардар буларды айтты:

- Аты айтып тургандай эле нөл экен. Салган акчаңды салгандай эле алып турат. Операторлорго кайрылсам, “Мегабайтыңызды колдонуп бүтүпсүз” дейт. Жумасына 80 сом, чексиз интернет дегенин алгам, анда да чексиз имиш, бирок берилген мегабайтын түшүнө албай эсим ооду.

Таалай Базарбаев:

- Мен ыраазы эмесмин. Булардын 4G дегени чыкты эле, 4 эмес 1 болду го. Булардын акчага көрсөткөн кызматынан жакшыраак сапаттагы интернет Москвада бекер. Киши алдамай кыскасы. Дагы "биздин кызматка кандай баа бересиз жана башкаларга сунуштайт белеңиз?" деп телефон чалып тынчыңды алгандарычы, "2" деп баа койдум.

Сапаты начар, баалары кымбат

Дүйнөлүк байланыш рыногунда уюлдук байланыш үчүн тарифтер арзандап жаткан кезде, Кыргызстанда иштеген компаниялар эмне үчүн арзандатпайт деген суроону Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Садыков да узатат:

- Дүйнө жүзүндө чалууга, СМС билдирүүлөргө баалар аябай эле төмөндөп баратат. Анткени, керектөөчүлөрдүн баары интернетти колдонуп, интернет тиркемелери аркылуу билдирүү жазышып, видео жана жөнөкөй чалууларды колдонуп, акы төлөнүүчү байланыштан баш тартып жатышат. Биздин уюлдук операторлор да бааларды төмөндөтүүгө тийиш.

“Мегаком” сыяктуу ири компанияларды сатуу үчүн мамлекет акча сарптап, компаниянын бизнес долбоорун түзүп, ири инвесторлорго “тартуулап” бериши керек.

Бул суроону “Мегаком” компаниясынын жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүркановго узаттык. Анын жообуна караганда, уюлдук байланыш акысы интернет тарифи менен кошо эле төмөндөөнүн үстүндө келе жатыптыр:

- Үн байланышы бир кыйла эле арзандады. Беш-алты жыл мурун 1 мүнөттүк сүйлөшүү 4-5 сом болсо, азыр 50 тыйын, бир сомго түштү. Интернет арзандады. Москва, Алматы же башка шаарларга бизди салыштырганда, биздин аймактын рельефтик өзгөчөлүгүн да эске алуу керек. Тоолуу аймактардын баарына уюлдук байланышты да, интернетти да жогорку деңгээлдеги сапатта жеткирүүгө биздин тоолуу шартыбыз да мүмкүнчүлүк бербейт.

Жумгалбек Өмүркановдун айтуусунда, компания кардарларына сапаты жакшы, күчтүү интернет сунуштоого аракет кылууда.

Албетте интернеттин өнүгүшү менен мобилдик байланыш компаниялары улам жаңы стратегияларды ойлоп табуусу мыйзам ченемдүү.

Ушул тапта Кыргызстандагы үч уюлдук байланыш операторунун ортосунда да атаандаштык күч алып, кардарларды тартуу аракеттери жүрүүдө. Бизнестин мыйзамдары боюнча, атаандаштыктын күч алышынан эң ириде кардар гана утат. Бирок азыркыдай жол менен жүрүп отурсак, уюлдук байланыш колдонуу жаатында кардар утчу мезгил али жакын эместейт. Анын үстүнө илим менен технология саат сайын өнүгүп жаткан азыркы учурда уюлдук байланыш тармагы өнүгөбү же бара-бара ордун башка тармакка бошотуп береби, муну да мезгил көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG