Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Уюлдук байланышка "жутулган" триллиондор


Алтын чапталып, ага Путиндин сүрөтү чегилген смартфон. Орусия

Алтын чапталып, ага Путиндин сүрөтү чегилген смартфон. Орусия

Уюлдук технологиялардын бизнесинде айланган акчанын жалпы суммасы 1,7 триллион доллардан ашты. 2017-жылга чейин бул сан 3,3 триллионго чыгары күтүлүүдө.

Санариптик технология миллиондогон жаңы жумушчу орундарын камсыз кылып, глобалдык ички дүң өнүмдөгү эң кирешелүү тармакка айланды.

Кыргызстандагы уюлдук операторлор жыл сайын миллиарддаган сомду жөнөкөй эле атуулдардын капчыгынан алып, 7 миңге чукул жумушчу оруну түзүлдү.

2013-жылы уюлдук операторлор айланткан капиталдын суммасы 1,8 триллион доллар деп эсептелген. 2013-жылы бул сумма 3,3 триллион долларга чыкты. Уюлдук байланыш тармагы 11 миллион адамды иш менен камсыз кылууда. Ал арада бул тармакта иштеген адамдардын үчтөн экиси жогорку билимдүү, таланттуу болгондуктан, жакшы маяна төлөнөт.

АКШ, Германия, Түштүк Корея, Жапония, Тайван жана Кытай жаңы телефон менен смартфондорду сатуу, алардын уюлдук, интернет байланыш кызматын ишке ашыруу менен жалпы ички дүң өнүмдүн 47 пайызына барабар киреше табууда. "Уюлдук байланыш, смартфондордун соодасы менен дүйнөдө үч ири өлкө өз экономикасынын туруктуулугун сактап турат" деп билдирет Boston Consulting Group бирикмеси.

Бул өлкөлөрдүн башында Түштүк Корея турат. Бул өлкө уюлдук коммуникация, 3G жана 4G сыяктуу интернет байланыштын түрлөрүнөн эле жылына 143 миллиард доллар таап, ички дүң өнүмдүн 11 процентин жабат.

Түштүк Корея ошондой эле смартфон жана планшеттерди эң ийгиликтүү экспорттогон өлкөлөрдүн башында. Google, Android жана Facebook сыяктуу глобалдык тиркемелери менен Америка Кошмо Штаттары да уюлдук байланыштын лидерлеринин бири. Интернет жана уюлдук тармакта 548 миллиард доллар жыл сайын айланып, 2020-жылга чейин бул көрсөткүч 5 пайызга көбөйөрү күтүлүүдө. Калкынын саны эң көп болгондон уламбы, Кытай да ички дүң өнүмүнүн 17,7 процентин уюлдук байланыш менен интернеттен камсыз кылат.

Америкадагы Эл аралык телекоммуникация союзунун маалымдоосу боюнча 500 мегабайттык байланыш үчүн (бул бир айлык уюлдук сүйлөшүүлөр дегенге барабар) АКШда 85 доллар, Кытайда 24 доллар 10 цент, Британияда 8 доллар 80 цент төлөшөт. Германия жана Италияда бул сумма 10 доллардан 85 долларга чейин жетет. Европа Биримдигинин ичинен Австрияда уюлдук байланыш эң арзан, айына 4 доллар 70 цент төлөшөт.

Кыргызстанда миллиарддаган акча айланат

Кыргызстандагы уюлдук байланыштын капиталы да оңой эмес экенин, эгерде ар бир кыргызстандык айына жок дегенде 200 сомго гана сүйлөшсө, анда уюлдук операторлордун жылдык кирешеси миллиарддап саналарын айтат экономикалык серепчи Азамат Аттокуров:

- Бизде 6 миллиондон ашык абонент бар. Бул эми кээ бир адамдарда экиден сим-карта бар дегенди түшүндүрөт. Уюлдук операторлор абоненттерден жаңы, кошумча акча алуу үчүн бардыгын интернетке өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Орто эсеп менен бир абонент ай сайын 200-300 сомго сүйлөшөт. Ошону биз 3 миллион абонентке жана үч операторго көбөйтөбүз. Айына ар бир уюлдук оператор 90 миллион сомдон ашуун табат. Бул сан жылына 1 миллиард сомго чукулдайт.

Уюлдук экономика жыл сайын глобалдык ички дүң өнүмгө кеминде 0,39 пайыз киреше алып келет. Байланыштын жаңы түрү улам өнүгүп, жакында 5G өлчөмдүү интернет чыкса, уюлдук коммуникациянын кирешеси мындан да көбөйөрү күтүлүүдө. Кыргызстанда үч ири уюлдук оператор иштеп, аларга 6 миллионго чукул абонент кирген. Алардын ичинен 3 миллиондон ашууну тынымсыз байланышта экени маалымдалууда. Бирок Кыргызстандын экономикасындагы уюлдук байланыштын орду боюнча азыр конкреттүү изилдөөлөр ишке аша элек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG