Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 04:11

Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлк фонду Кыргызстанда каттоодо турган 1130 мамлекеттик ишкананын 900ү токтоп, иштебей турганын билдирүүдө.

Мамлекет аларды мындан ары иштете алабы же жеке колго сатуу керекпи? Өкмөттө жарымжан ишканалардын тагдыры жөнүндө программасы барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрага орун басары Бекболот Алиев жана экономика жана өнөр жай маселелери боюнча эксперт Жарасул Абдыраимов катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекеттик деп эсептелген 1 130 ишкананын 900ү “өлгөн” деп таанылууда. Мамлекеттин колундагы 80 пайыз ишкананын иштебей турушунун себебин сиздер эмнеден көрөсүздөр? Ишкана жетекчилеринин начардыгынанбы же өкмөттүн чамасы чактыгынанбы?

Бекболот Алиев: Токтоп турган 900 ишкана жөнүндө айтсак, алар 1990-97-жылдардагы укуктук-ченемдик актылар өз ордуна келе элек мезгилде түзүлгөн ишканалар экен.

Райондук администрациялар, мамлекеттик агенттиктер, жада калса өндүрүш ишканалары деле өздөрүнүн алдына деле ар кандай ишканаларды ача беришкен.

Иллюстрация

Иллюстрация

Ишкана десе баягы бир нерсе өндүргөн компаниялар эмес, көбү катталгандан кийин кагазда эле калып калган. Бизге өкмөт ошол ишканалардын баарын талдап, иштеп-иштебегенин тактап чыгууну, ошого жараша оптималдаштырууну тапшырган, анын үстүнөн иштеп жатабыз. Биздин жыйынтык боюнча алардын ичинен 166 ишкана иштеп жатканы аныкталды.

Жарасул Абдыраимов: Бизде өндүрүштү башкаруу системасын өзгөртмөйүнчө ушундай боло берет. Ишканалардын ишинин натыйжасы боюнча Экономика министрлиги жооп берет. Ал эми мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин шайлоо же дайындоону Мамлекеттик мүлк фонду башкарат. Ошонун азабынан ишканалардын ээси жок, жоопкерчиликти кимден сурарыбызды билбеген кырдаал жаралды.

Мамлекеттик мүлк фонду жылына бир жолу акционердик коомдун жыйынына катышып, жетекчисин алат же ордунда калтырат. Мамлекетик ишканаларга байланыштуу башкаруу саясат жок дегеним ушул. Ошондуктан бир ишкананы эки жерден башкарбай, Мамлекеттик мүлк фондун Экономика министрлигине кошуп, бир департамент кылып, бир жерден башкарганда, тескегенде натыйжа болот.

“Азаттык”: Бекболот мырза, 1 130 мамлекеттик ишкананын иштеп жатат делген 166сынын 55си кайрадан түзүлдү, 55 оптимизация болду деп айтылды. Ал эмне болгон кайра түзүү, эмне болгон оптимизация?

Бекболот Аалиев: Биз бардык ишканаларга анализ жасап жатабыз. Өзүнүн статусуна жана мүнөзүнө туура келбеген ишканалар болууда. Мисалы, жолдорду оңдоо же суу чыгаруучу ишканасы деп эле ачыла берген. Булар ишинин мүнөзү боюнча ишкана эмес, мекеме статусуна кирет.

Бир эле продукция чыгарып, бирок бир нече ишканаларга бөлүнүп иштеп жаткандарды бириктирүү аракеттери болууда. Ошондой жол менен 41 ишкананы бириктиргенбиз. Мындан сырткары карызы жок, бирок токтоп турган 112 ишкананы каттоодон чыгардык. Жогоруда айтылган 900 ишкананын ичинде гараждар, оңдоп-түзөй турган чакан цехтер, ашканалар ж.б. деле жүрөт. Кандай болгон күндө да ар бир ишкананы иликтеп, жандандыруу мүмкүнчүлүгүнүн үстүнөн иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Жарасул мырза, өткөндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жылдык коллегиясында карызы көп болуп, токтоп турган ишканаларды банкрот деп таап, жоюла турганы айтылды. Жоюлгандардын ордуна эмне кылуу керек же саткандан башка арга жокпу?

Жарасул Абдыраимов: Мындай маселелер менин башыман көп өттү. Сатып коюш баарынан оңой. Банкрот болуп, сатылып кеткен бир дагы ишкананын кайра жанданып, иштеп кеткенин көргөн жокмун. Бардыгы таланып-тонолуп сатылып кетти. Бул абдан жаман көрүнүш.

Банкрот болгон ишканага “спецадминистратор” деген келип алып, болгонун сатып түгөтөт. Карызынан сатып кутулушту заводдун жетекчиси, жамааты ага карганда жакшы билет. Атайын администраторлор объекттерди сатып, түгөтүү үчүн эмес, аны жандандыруу үчүн жиберилет.

Бул маселени кантип чечсе болот? Азыр жеке-мамлекеттик өнөктөштүк деген жакшы саясат бар. Аны пайдаланган киши жок. 900 ишкананы баалап, жеке тараптарга сунуш кылып, иштетем деп келген ишкерлерге Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун насыяларынан жардам берип, продукцияларды чыгарууга, өндүрүштөрдү жандандырууга жардам берсек жакшы болот эле.

Талкуунун толук вариантын видеодон көрүңүз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG