Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтүүдө.

Аны утурлай ШКУ өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгы тууралуу экономист Айылчы Сарыбаев ой бөлүштү.

- Кезегинде коопсуздукту сактоо үчүн түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюму эки чоң держава - Орусия менен Кытайдын кызыкчылыктарын көздөгөн саясий уюм катары сыпатталып жүрөт. Бул уюм Кыргызстан өңдүү мүчөлөрүнө экономикалык кызматташуу үчүн негиз түзүп бере алган жок деп сындагандар бар. Сиз уюмга кирген өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгына кандай баа бересиз?

- Бул уюмдан шак эле экономикалык жыйынтык чыгат, буга кирген өлкөлөрдүн бардыгынын экономикасы бирдей, бири-бирине шайкеш келген экономикалык мыйзамдарды кабыл алат, анан өнүгүп кетебиз деген ойдон алыс болушубуз керек. Себеби, ШКУнун өзү биринчиден саясий, экинчиден коопсуздук маселеси боюнча түзүлгөн болчу. Бул уюмда эки карама-каршы системадагы багыт бар. Маселен, Кытай менен Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Ал эми Казакстан, Орусия болсо соода уюмуна мүчө боло албай келишет. Ошондуктан бул жерде шак эле экономикалык маселелер ушул Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында чечилип кетет дегенден алыспыз. Бирок бул уюмга кирген өлкөлөр чын эле коопсуз болгусу келсе, чын эле саясий тараптан көз карандысыз болгусу келсе, анда сөзсүз түрдө экономикалык маселени чечип, бул багытка көңүлүн бурушу керек болот.

- Соңку мезгилде Евросоюз өңдүү ШКУнун экономикалык стратегиясында жылыш барбы?

- Болушу да мүмкүн эмес болчу. Бизде керек болсо виза маселеси да чечиле элек. Бизде бирдей экономикалык абал, же система түзүлө элек. Бизде ачык, эркин экономикалык мейкиндик түзүлө элек. Жалпы ушул ШКУга кирген өлкөлөрдүн ортосунда бажы боюнча кандайдыр бир жалпы саясатыбыз жок. Андыктан Евробиримдикке окшогон деңгээлге жетиши үчүн дагы толгон-токой жумуштар керек.

- ШКУда негизги оюнчу катары Кытай эсептелинип келет. Орусия болсо Беларус, Казакстандын катышуусунда Бажы биримдигин түздү. Аз-аздан ШКУга кирген Кыргызстан, Тажикстанды Бажы биримдигине тартуу иши жүрүп жатат. Бул жагдайга, деги эле Бажы биримдигине Кытайдын мамилеси кандай болушу мүмкүн?

- Кытай албетте буга бир четинен таң калуу, экинчиден күтүү менен карап отурат. Себеби, Кытай өзү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирип, дүйнөлүк деңгээлдеги кризистин локомотиви болуп жаткандан кийин Бажы биримдигинин өзүнчө түзүлүп калышы менен Орусия, Казакстан, Белорусияга өзүнчө экономикалык бажы саясатын жүргүзгөн өлкө катары карап жатат. Бул үч өлкөнү да түшүнүүгө болот. Үч өлкө тең куугунтукталгансып, дүйнөлүк соода уюмуна кире албай жатат. Эгерде Бажы биримдигинин иши Кытайдын саясатына каршы келсе, албетте Кытай каршы болот.

- Рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG