Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

Мамлекеттик каттоо кызматы парламенттик шайлоодо колдонуу үчүн Жапониядан келген техникалык жабдууларды операторлорго үйрөтүүдө.

Сузак районунун тургуну Назар парламенттик шайлоодо жергиликтүү добушканалардын биринде оператор болот. Буга чейин биринчи этаптагы окууга катышкан Назар эми шайлоо шаймандары менен жакындан таанышууда. Анын айтымында, система толугу менен автоматташтырылгандыктан, шайлоо күнү кыйынчылыктар деле болбойт. Бирок, компьютерди жакшы билбеген операторлор шайлоочуларды кабыл алганда кыйынчылыкка тушугушу мүмкүн.

- Информациялык технологияга тааныш адамдар үчүн өтө деле татаал эмес экен. Бир көрүп оңой эле колдондум. Система өтө жеңил. Автоматтык түрдө программага кирип, шайлоочу менен тикеме-тике паспортундагы жеке маалыматтарын жазып, иштөөгө мүмкүнчүлүк берет экен.

"Инфоком" ишканасынын башкы адиси Жаркын Жапарова Бишкекке келип, билим алып кеткен операторлор барып, аймактагы кесиптештерин окутарын айтат.

- Алар өз облустарына барып, райондордо башка операторлорду окутушу керек. Окуу процессинде биз операторлорго техникалардан башка шайлоо мыйзамдарын, операторлордун укуктарын, шайлоочуларга мамиле, техниканын өзгөчөлүгү жана башка тийиштүү суроолор боюнча түшүндүрүп, үйрөтүп жатабыз.

Шайлоо күнү бир оператор орто эсеп менен 400 шайлоочуну же болбосо саатына 33 адамды кабыл алат. Өлкөдө эки миңден ашык шайлоо участкалары бар экенин эске алсак, ар бир шайлоо участкасында кеминде эки жуп шайлоо техникалары болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы операторлордун тартыш болуп калышын алдын алып, жергиликтүү бийликтен көмөктөшүүнү өтүнүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова 21-августтагы өкмөттүн отурумунда операторлорду табуу өзүнчө бир машакат болсо, жер-жерлерде аларды окутууга ылайыкталган имараттардын жоктугу да өзүнчө көйгөй экенин айткан.

- Мамкаттоо кызматынын жер-жердеги кызматкерлеринин бардыгы техникалык жабдууларга отургузулду. Жергиликтүү бийлик операторлорду таап, шайлоого чейин окууга жиберип, көзөмөлгө алуусун суранат элек. Себеби шайлоодо чечүүчү ролду операторлор ойнойт экен. Ошондой эле жергиликтүү бийлик шайлоо күнү участокторду техникалык жактан иштөөгө камсыз кылып, биринчи кезекте үзгүлтүксүз электр жарыгын берүүсүн өтүнүп атабыз.

Талдоочулар болсо операторлор критерий жок эле тандалып жатканы үчүн Мамкаттоо кызматын айыптоодо. Алардын чалды-куйду тандалып, ишке алынып жатышын эске салган “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова операторлор шайлоо жыйынтыгын бурмалоочу факторлордун бири болуп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

- Операторлор деген ким, алар кандай тандалат? Алар тууралуу коомчулук биле элек. Жети миң киши шайлоону бурмалап ийбейби деген суроолор биздин да тынчыбызды алууда. Булар шайлоо жыйынтыгын бурмалачу элемент болуп жатат. Эгерде мурун дарыгерлер, шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмаласа, эми бул милдет операторлорго өтүп кеткени турат. Себеби алар каалагандай тандалууда.

Ушул убакка чейин Талас жана Ысык-Көл облусунан 45 оператор Бишкекке келип, тажрыйбасын жогорулатып кетти. Алдыда Нарын, Чүй жана Бишкек шаарынын операторлорун окутуу турат.

4-октябрда өтө турган шайлоодо өлкө боюнча 7 миңдей оператор иштемекчи. Жалпысынан 7 миң шайлоо техникасы керек болсо, учурда Кыргызстанда 4 миң комплект бар. Калган техниканы Жапония өкмөтүнүн көмөгү менен 20-сентябрга чейин алып келүү пландалып жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG