Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Шайлоо, андан кийинки кырдаал, атаандаштардын мунасага келүү зарылдыгы "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышында сөз болду.

Талкууга коомдук-саясий ишмерлер, "Мурас" партиясынын лидери Аскар Салымбеков, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев жана публицист-журналист Арслан Койчиев катышты.

"Азаттык": Ошентип президенттик шайлоо 30-октябрда өттү. Расмий жыйынтыгы чыга элек болгону менен бир катар мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын колдоп, кубаттаган билдирүүлөрдү жасашты. Мисалы, Түркия, Америка, Орусия. Кыргызстандагы шайлоону эле эмес, көпчүлүк добушту алган Алмазбек Атамбаевди Орусиянын премьер-министри Владимир Путин да куттуктап жиберди.

Ошентсе да азыр жеңген жана жеңилген талапкерлер мунасага келише элек. "Ар бир шайлоочунун добушун коргогонго даярбыз" деп билдирүү жасап жатышат. Ал аралыкта Ош, Жалал-Абадда митингдер өттү. Ушундай жагдайда илгери жылуунун саясий өңүттөн алганда кандай жолдору бар?

Аскар Салымбеков

Аскар Салымбеков

Аскар Салымбеков: Биз шайлоо боло электе эле айтып аттык эле, биздин саясий элита шайлоодон мурун эле сүйлөшүүлөргө келип, ыкташып, лидерлерибиз Кыргызстандын, жаш муундун келечеги жөнүндө ойлонсо деп.

Башында 80 талапкер чыкты эле, ошолор иргелип отуруп туура чечимдерин кабыл алып, келечекте Кыргызстандын жүгүн көтөрө аламбы, саясий жоопкерчиликти ала аламбы деп 16 талапкердин шайлоосу өттү.

Шайлоонун жыйынтыктарын алдын-ала баарыбыз билдик. Алмазбек Атамбаев көп добуш менен алдыга чыкты. Биз да "шайлоо кандай болуп бүтөт" деп кооптонуп аттык эле. Кандай жагдайларда болсо да жеңгени жеңишин түшүнүп, жеңилгендер да туура түшүнүп, жетишкен өлкөдөгүлөрдөй жеңилгени келип, калың элдин алдында жеңгендин колун кысып, кучакташып, "силер жеңдиңер, эми алып баргыла" дешсе.

Биз деле мурдагы шайлоолордо көргөнбүз, Акаев да, Бакиев да ушундай жеңиш менен келген. Эми келечекте иш кандай болот - ошол иш бардыгын тастыктайт. Добуш - талапкерге берилген аванс. Ошол добуштарды актайбы - аны мезгил, убакыт тастыктайт деп ойлойм.

"Азаттык": Бирок ошол эле мезгилде азыр БШКны кызматтан чегинип, кайра шайлоо өткөрүү талаптары коюлуп жатат. Айрыкча А.Атамбаевден кийин добуш алган Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери ар бир добушту коргоо аракетин аягына чейин жасайбыз деп атышат. Бул албетте мунасага келди дегенди билдирбейт. Эмне кылыш керек, ушундай жагдайда кандай жолдору бар?

Исхак Масалиев: Бизде биринчи жолу цивилизация жолу менен бийлик өткөрүлүп жатат. Мурда Акаев, же Бакиевден утулган адамдар келип куттуктаганы менин эсимде жок.
Аябай тыкан тышкы саясатты жүргүзүшүбүз керек. Бул жерде согуш чыгарып жиберейин, экиге бөлүп жиберейин деген да күчтөр бар.

Бул шайлоодо Атамбаев жеңди деп айтсак болот. Бирок өзгөчөлүктөрү бар, Атамбаевдин алдында чоң жоопкерчилик турат. Себеби ал киши негизи түндүктө жашаган адамдар менен шайланып калды. Регионализмди жоготобуз деген проблема дайыма айтылган. Бирок саясатта, шайлоодо билинип калды.

Ошондуктан бүгүн бир гана жол бар: үч негизги талапкер сүйлөшүш керек. Эч ким ортомчу боло албайт, өздөрү өз ыктыяры менен жолугуп сүйлөшпөсө, бир топ убакыт чыр абал болуп калышы мүмкүн.

Митинг, жыйналыштардын көп деле коркунучу жок. Бул - демократиянын белгиси. Бирок жолду тоскондо азабын ким тартат? Атамбаев тартпайт, БШК тартпайт, өзүнө окшогон жарандар тартат, ошону эске алыш керек. Эки күндөн бери Атамбаевди мактаган киши калбады, алар сүйлөшүүнүн кереги жок деп атат. Жок, сүйлөшүш керек. Себеби калган эки талапкер 500 миң адамдын колдоосун алды.

"Азаттык": Сүйлөшүш керек деген сөздү сиздерге окшогон кишилер абдан көп айтып жатат. Сүйлөшүү башталды, бул де-факто. Ошол сүйлөшүү майнаптуу болобу, мунасага келе алышабы деген маселе азыр ар бир саясатчыдан баштап жөнөкөй шайлоочуга чейин туруп атат. Ушул суроого сиздер кандай жооп айтат элеңиздер?

Арслан Койчиев: Кыргызстан азыр тарыхый өнүгүүнүн жаңы баскычында турат. Бирөөлөр айткандай, үчүнчү жолку революцияны баштан өткөрүп атабыз. Бешинчи республиканы калыптандыруунун тарыхый милдетин жалаң эле талапкерлер эмес, эл да түшүнүш керек. Жеңип чыккан талапкер Алмазбек Атамбаев да өзү менен удаа келген талапкерлерди мунасага чакырыш керек.

Бирок бул жерде кайсы бир күч, Исхак Апсаматович сиз түндүк деп айтып кеттиңиз, ушул категориялардай ой жүгүртүү маданиятынан биз баш тартышыбыз керек, Атамбаевди колдогон эл түндүгү болобу, түштүгү болобу утулуп калган тарапка жарашууга, ынтымакка келүүгө чакырыгын жасаш керек.

Атамбаевди жалаң эле түндүк колдоду деп айтпас элем, түштүктөн да кайсы бир деңгээлде колдогондор болду. Ошондуктан үч эле талапкер эмес, жалпы коом Кыргызстан кандай кыйчалыш, чечүүчү учурда турганын түшүнүш керек.

"Азаттык": Кызматташтыктын кандай жолдорун көрөсүздөр? Мисалы, бул жерде биринчи кезекте Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров анан Алмазбек Атамбаев үчөөнүн кызматташтыгы жөнүндө дээрлик сөз болуп жатат. Кантип илгери жылыш керек? Ташиевдин тарапкерлери мөөнөтсүз митинг өткөрөрүн бүгүн жарыялашты. Башка жол менен чечүүгө болобу?

Аскар Салымбеков: Бул жерде биздин коомубузда туура эмес түшүнүк пайда болот. Бир майлуу-сүттү жерди алып калыш деген ойдо соодалашуу болот. Биздин тагдырыбыз үчүн сүйлөшүү болуш керек.

Алар партиялардын жетекчилери, азыр алар утулуп калгандан кийин коалициялык өкмөт түзөлү дегенде катышышы мүмкүн. Алар утулганын сезип, Кыргызстандын келечегин кандай кыла алабыз деп Атамбаев менен сүйлөшсө, орундарды талашып, соодалашкандын ордуна.

Арслан Койчиев: Кыргыз эли тарыхый жаңы бурулушта турганын аңдаш керек. "Мен мынча добуш алдым, мага кызмат бер" деш эмес, кыргыз элинин алдында турган курч маселелер кайсы, түндүк-түштүк маселеси Кыргызстандын алдындагы бүтүн дүйнөгө айгине болуп калган маселе. Улуттун биримдигин, тез арада азыркы кыйчалыш учурдан, оор экономикалык абалдан чыгуу сыяктуу жалпы улуттук маселелер булардын башын бириктириш керек.
Кечээ эле тегерегиңде миңдеген адам жүрүп, "сен утасың" деп дуулдатып турган, бир күндө эле 14-15 пайыз алсаң башкача болуп калат.

"Азаттык": Үзөңгүлөш болуп, атаандаштар аз пайыз менен утулуш болсо, балким талаш-тартыштын өзөгү жакыныраак болмок. Мисалы, 14 пайыздан ашыгыраак Ташиев, 15 пайызга жакыныраак Мадумаров, Атамбаев 63 пайыздан ашыгыраак алып атат. Ушундай шартта кандайдыр бир талап коюу жөндүү беле?

Исхак Масалиев: Албетте жөндүү. Жалпы сөз менен иш бүтпөйт. Алмазбек Шаршенович келечекте алты жылга чогуу иштегенге бул кишилерди чакырыш керек. Бизде ачык айтканда кызмат жөнүндө сөз болот. Азыркы Конституция боюнча президенттин андай мүмкүнчүлүгү жок. Эки гана кызматты түзмө-түз дайындайт, калгандарынын баарын Жогорку Кеңеш түзөт.

Мен пайыздарды эсептебейт элем, башкача эсептеш керек. 250 миң добуш, экөөнү кошкондо 500 миң добуш болуп атат. Кээ бир кеңешчилер Атамбаевге "көңүл бурба" деп айтып атат. Жок, бир пайыз алган киши менен да сүйлөшүш керек. Себеби Кыргызстанда 50-100гө гана жакын саясатчы чыгат. Элди бузгандар да ушул саясатчылар болот.

Сүйлөшүүлөр кудайга шүгүр башталды, ушул уланып кетиш керек. Соодалашуу дебесек деле кандайдыр бир сунуштар берилиш керек. Ансыз болбойт, бул айтылбаган сөз, бирок жасала турган жумуш, башка жолдору жок.

"Азаттык": Ушул сүйлөшүүлөргө чейин Алмазбек Атамбаев журналисттерге реалдуу саясатчылар катары Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровду атады. Ошол эле мезгилде азыр сүйлөшүүлөр баштала элек. Атамбаев тарабынан кандай кадамдар жасалыш керек?

Аскар Салымбеков: Алмазбек Шаршенович "мен сүйлөшүүлөргө даярмын" деп айтпадыбы. Даяр болуп тургандан кийин Жогорку Кеңеште сүйлөшүүлөр башталыптыр, кемчиликтердин баары айтылган экен, талапкерлер сүйлөшүүлөргө даяр экенин угуп калдык. Демек сүйлөшүүлөр болот, сүйлөшүүлөр олуттуу маселелердин тегерегинде болсо, Кыргызстандын ынтымагы, келечеги боюнча болсо, майдаланбай, тигини-муну алып алайын дегенден өйдөрөөк болуп, кандай бириксек, дүйнөгө жакшы үлгү көрсөттүк, ошону улантып кетишибиз керек. Ырыс алды ынтымак.

"Азаттык": Дүйнөлүк практикада кандай?

Арслан Койчиев: Олуттуу маселелердин дагы бири - жаңы саясий маданиятты калыптандыруу. Кыргызстан азыр тынч жолу менен бийликти өткөрүп берүүнүн үлгүсүн көрсөтүп атат деп жатабыз. Демек утулуп калган тараптар да өзүнүн жеңилишин кабыл алуунун маданиятын көрсөтүш керек. Бул салтка айланыш керек. Бул азыркы коомдун алдында турган курч маселелердин бири.

Эгерде бүгүн ойдогудай чечилбесе, мындан кийинки шайлоолордо да жалаң кызмат алуунун соодалашуусу үстүндө болуп жүрөбүз. Тез кадам таштап, эффективдүү өнүгүп аткан шарттарда кыргыз коому алдыбызга турган маселелерди туура аныктап, жооп беришибиз керек деп ойлойм.

Биздин кыргыздын тажрыйбасы да дүйнөлүк тажрыйбанын бир бөлүгү. Америкада Буш менен Гордун ортосундагы шайлоодо бир айдан ашык ар бир штаттын шайлоочуларынын добушун санап отуруп, акырында Гордун айтканы бар, "улутумдун биримдиги, келечеги жана демократиянын урматы үчүн мен чегинүүнүн жолун сунуш кылдым" деп кетип калган. Бул дүйнөлүк практикада бизге белгилүү үлгүлөрдүн бири.
Регионализмди жоготобуз деген проблема дайыма айтылган. Бирок саясатта, шайлоодо билинип калды.

Дүйнөлүк үлгүнү биздин кыргыздын саясатчылары көрсөткөн экен деп ойлоп калам. 96-жылкы шайлоодо Салижан Жигитов айтып калды, "атаңдын көрү, "Манаста" Айчүрөк Коңурбайды карап алып "капырдыгы болбосо тийип алчу эр экен" дегендей, коммунисттиги болбосо Апсамат Масалиевди президент кылып шайлап алчу киши экен" деди. "Эмне себептен" десем, "шайлоодо утуп чыгыптыр, Ош, Жалал-Абад облустарында санап келгенде мен уттум, бирөөлөр "кел, элди көтөрөбүз" дегенде, Апсамат Масалиев "ушунун кереги жок" деп айтат дейт. Башкача айтканда, Гордун сөзүн андан мурун Апсамат Масалиев кыргыз элинин биримдиги үчүн, кыргыз улутунун ынтымагы үчүн митингге барбашыбыз керек дегенди айтып атат.

"Азаттык": Митингге барбаш керек деген менен, азыр ар бир талапкер сотко ишенбөөчүлүктөн пайда болуп атабы, митингдер, элди көтөрүү аркылуу ар бир шайлоочунун добушун, укугун коргоо деген маселе байма-бай саясатчылардын оозунан чыгып атат. Бул саясий маданияттын жетишсиздигинен болуп атабы, же аргасыздан жасалган ишпи, сот системасына ишенбегендиктен чыгып атабы?

Исхак Масалиев: Бул аргасыздыктан болгон иш. Эгерде Кадамжай районунда көпчүлүк Адахан Мадумаровго добушун берсе, Таласта Алмаз Шаршеновичке берди. Кадамжайда жашаган кишилер "биз утуп кеттик, демек биздин талапкерибиз президент болуш керек" деп ойлоп атат. Ал эми Нарында, Таласта кандай болгонун түшүнүш кыйын болуп турат. Көбү маани бербей атат.

Бүгүнкү күнгө чейин Конституциялык палата түзүлө элек. Ал эбак эле августта түзүлүш керек эле. Ошондуктан шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча кайрыла турган орган жок.

Уттуруш деген таң калуу нерсе. Кечээ эле тегерегиңде миңдеген адам жүрүп, "сен утасың" деп дуулдатып турган, бир күндө эле 14-15 пайыз алсаң башкача болуп калат. Ошондуктан бир аз убакыт өтүш керек.

"Азаттык": Саясий мунасага келе албай, пикир келишпестиктин өзү Кыргызстанды бөлүп-жарууга кызыкдар күчтөргө жем болуп кетпесе экен деген кооптонууларды таратып жатышат. Канчалык кооптуу, кандайдыр бир күчтөр киришип жатат деген пикирлерге ишенсе болобу?

Аскар Салымбеков: Биз глобалдык дүйнөдө кичинекей мамлекетпиз. Ички да, тышкы фактор да көп ролду ойнойт. Тегерегибизде чоң державалар турат. Бул жерде Американын базасы да турат. Ошондуктан тегерегибизде оюнчулар көп болуп атат, ар биринин өз кызыкчылыктары бар.

Аябай тыкан тышкы саясатты жүргүзүшүбүз керек. Бул жерде согуш чыгарып жиберейин, экиге бөлүп жиберейин деген да күчтөр бар. Айрымдары бекем мамлекет болсо экен, демократиянын жолунда кетип баратат, байыртадан бери коңшу өлкөбүз, өнүккөн, өскөн мамлекет болсун дегендер да бар. Акыркы шайлоонун тегерегинде ушул оюндар жүрүп жатат.

Арслан Койчиев: Албетте андай күчтөр бар. Ал былтыркы апрел, июн окуяларында көрүндү. Шайлоолордо да көрүп атабыз, шайлоолордун жүрүшүнө коңшу мамлекеттер кандай программа, кандай максат менен кийлигишүүгө жана анын жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылганы анын далили.

"Азаттык": Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына караганда эртең парламент жеңген жана жеңилген тараптардын маселелерин талкуулоону добуш берүү аркылуу чечет экен. Ушул зарылбы, зарыл болсо парламенттен кандай чечимдерди күтөсүздөр?
Кыргызстан азыр тарыхый өнүгүүнүн жаңы баскычында турат. Бирөөлөр айткандай, үчүнчү жолку революцияны баштан өткөрүп атабыз.

Исхак Масалиев: Сөзсүз зарылдыгы бар. Анткени башка орган жок. Парламенте беш партиянын өкүлү бар, алар токтом кабыл алат, бирок шайлоону жокко чыгара албайт. БШКга кандайдыр бир кат бериши мүмкүн, балким талкуулоонун жыйынтыгында катышкан талапкерлерди биримдикке алып келгенге кадам жасаса деле ийгилик болот.

Аскар Салымбеков: Талапкерлерди ынтымакка алып келген талкуулоо болсун. Шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Утулуп калган талапкерлердин ичи күйүп турат, алдыда дагы көп шайлоолор бар, ошондуктан жигитчилик кылып шайлоонун жыйынтыктарын мойнуна алыш керек.

Арслан Койчиев: Кыргыз демократиясынын ордосу катары парламент муну талкуулоого акылуу. Бирок кандай мүнөздө өтөт, кандай жыйынтыкка алып келет - бул башка маселе.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG