Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

25-сентябрдан тартып “Кыргызтелеком” жана кабелдик телеберүүлөр компаниясы чет элдик теле жана радиоканалдарды алып берүүсүн токтотот.

Быйыл май айында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, чет өлкөлүк телерадиолорду алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдар шайлоо учурунда алардын программаларын алдын-ала жазып алып, карап чыккандан соң гана көрсөтүшү керек.

Бул мыйзамды аткаруу мүмкүн болбогон соң 25-сентябрдан 30-октябрга чейин “Кыргызтелеком” жана кабелдик телеберүүлөр компаниясы чет элдик теле жана радиоканалдарды алып берүүсүн токтотот.

Натыйжада “РТР-Планета” “РТР-24”, НТВ, Орусиянын “Биринчи каналы”, "Эхо Москвы" жана бир катар чет элдик маалыматтык-аналитикалык телерадиоберүүлөр бир айдан ашуун убакыт Кыргызстан аймагында көрсөтүлбөйт жана угузулбайт. "Кыргызтелеком" жана кабелдик телеберүүлөр компаниясынын жетекчилери мыйзамды аткара албай тургандарынын себептерин түшүндүрүштү.

Биринчиден, 90го жакын телеканалдардын берүүлөрүн жаздырып алуу жабдуулары жана монтаждоо программалары жок. Экинчиден, кандай маалыматтар кетиш керек, кандайына уруксат берилбей турганын карап-билген адистер жок, үчүнчүдөн, компаниялар түзүлгөн келишимге ылайык чет элдик каналдардын берүүлөрүн кыскартып өзгөртө албайт. Ошол эле учурда чет элдик теле жана радиоканалдарды алып берүүнү токтотуу алдын ала акча төлөп койгон кардарлардын укугун бузат.

“Кыргызтелеком” ишканасынын директору Аскар Баратбаевдин айтымында:

- Биздики бир гана канал. Ошого да 8 млн. сом бир айда жоготобуз. Анын бир кайсы бир бөлүгү салык катары мамлекетке төлөнөт. Мамлекет да ушул акчадан куру калат.

"Ала ТВ" кабелдик телекомпаниясынын башкы жетекчиси Василий Гончаровдун айтымында, бул мыйзамды аткарууда ар бир компания жок дегенде 100 миң доллардан көп жоготууга туш болушу мүмкүн.

Санариптик “Ала ТВ” жана “Смарт ТВ” каналдарында жүзгө жакын канал бар. Алардын ичинен 90 пайызы чет элдики. Булардын көпчүлүгү оюн зоок, музыка, спорт жана көркөм тасма көрсөткөн каналдар. Ал эми жаңылыктарды көрсөткөн 15-20 каналды көзөмөлдөөгө туура келет.

- Албетте биз тобокелге барабыз. Биз алып көрсөткөн чет элдик каналдардын бардыгын 100% жаап койбойбуз. Бирок бул жерде тобокелди биз өзүбүзгө алып жатабыз. Негизинен маалыматтык-аналитикалык каналдарды көрсөтпөйбүз. Ооба, бул жерде да маселелер бар. Кардарлар алдын ала акчасын төлөп койгон. Алар менен эсептешиш керек болот. Ушуну да ойлонуп жатабыз. Бул жөнөкөй маселе эмес. Биздин абдан көп нерсени жоготорубуз да туура. Чет элдик телеканалдардын, жергиликтүү кардарлардын дооматы болот.

Ал ортодо Байланыш операторлору ассоциациясы Конституциялык палатага доо арыз менен кайрылды. Анда мыйзам кардарлардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканы белгиленген.

Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда Кыргызстандын аймагында көрсөтүлгөн орусиялык ири маалымат каражаттары айрым партиялардын лидерлерин сүрөп, кээ бирин көөлөгөн маалыматтарды тараткан. Ошол себеп болдубу, айтор бул мыйзамды Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев демилге көтөрүп алып чыккан болчу.

Аталган фракция өкүлү, депутат Равшан Жээнбеков мыйзам өлкөнүн маалымат коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынганын айтты:

- Мамлекеттин коопсуздугу ушул мыйзамды кабыл алууга түрткү болду. Жалпысынан шайлоо жараянын, андагы окуяларды чагылдырууга чет элдик телерадиолордун укуктары бар. Албетте биз ага тыюу сала албайбыз. Бирок кайсы бир саясатчыны асмандын башына чыгара мактап, же кайсы бир саясатчыны тебелегенге алардын эч кандай укугу жок.

“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” долбоорунун жетекчиси Татту Мамбеталиева бул мыйзамды келерки шайлоого чейин карап, өзгөртүүнү сунуштап жатат.

- Азыркы шайлоодо мыйзамды аткарууга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан аны кайра башынан карап, айрым суроолорду талкуулап, тактап чечим чыгарыш керек.

Ошол эле кезде бир топ чет элдик телерадиоканалдардын маалыматтарын интернет аркылуу чыгуусуна чектөө коюлбайт, анткени мүмкүн эмес.

Алдыдагы президенттик шайлоонун үгүт иштери 25-сентябрынан тарта башталмакчы. Ал эми шайлоо 30-октябрга белгиленген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG