Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Шайлоодогу үгүт маалында чет өлкөлүк телерадиолорду жаздырып алып таратуу компанияларды чоң чыгаша алып келери айтылууда.

Бул тууралуу 12-сентябрда Бишкекте өткөн “Шайлоого цензура менен” деген тегерек үстөлдө айтылды.

Быйыл май айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк телерадиолорду алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдар шайлоо учурунда алардын программаларын алдын-ала жазып алып, карап чыккандан соң гана көрсөтүшү керек.

Аткаруу оңой эмес

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесинде, чет өлкөлүк телерадиолорду алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдар шайлоо учурунда алардын программаларын жазып алып, карап чыккандан соң гана көрсөтүшү керектиги белгиленген.

Орусиялык НТВ, "Эхо Москва" телерадиолорун Кыргызстанга тараткан НТС телекомпаниясынын башкы деректири Бакыт Амановдун айтымында, бул мыйзам чийки жазылган жана аны аткаруу компаниялар үчүн оңойго турбайт.

- Муну жасаганга техникалык түрдө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок абдан татаал болот. Мында жаңы компьютерлерди, жабдууларды алууга туура келет. Эң негизгиси бул жумуштарды жасаганга бир-эки кишини отургузганга орун жок, ушул кыйын болот. Ошондуктан менимче бул мыйзам үстүртөдөн, терең ойлонулбай эле кабыл алынып калган.

Ошондой эле чет элдик телерадиолорду өлкөгө тараткан жергиликтүү каналдар бул мыйзам жарандардын ар тараптуу маалымат алуу укугун чектей тургандыгын айтышууда.

Кайым айтышкан компаниялар

Аталган мыйзам кабелдик жана санариптик телеберүүлөргө да тиешелүү. "Ала ТВ" кабелдик телекомпаниясынын башкы деректири Виталий Гончаровдун айтымында, бул мыйзамды аткарууда компанияга жок эле дегенде 50 миң доллар жоготууга туура келет.

- Санариптик “Ала ТВ” жана “Смарт ТВ” каналдарында жүзгө жакын каналдар бар. Алардын ичинен 90 пайызы чет элдики. Албетте булардын көпчүлүгү оюн зоок, музыка, спорт жана көркөм тасма көрсөткөн каналдар. Ошентсе да бизге жаңылыктарды көрсөткөн 15-20 каналды көзөмөлдөөгө туура келет. Бул бир топ түйшүктөрдү жаратат. Бул үчүн керектүү болгон атайын жабдуунун баасы эле 40-50 миң доллар турат.

Гончаров үгүт маалында айрым чет элдик каналдардын берүүлөрүн токтотууга мажбур экенин, бул деген компания үчүн өз көрүүчүлөрүн жоготуп алуу коркунучун шарттай турганын айтууда.


Анткен менен телекомпаниялардын келтирген жүйөлөрүнө каршылар да арбын. Алар жогорудагы компанияларды маселеге бир гана коммерциялык негизде карап жатканын сындашууда.

Орусиялык бир канча телерадиолорду өлкөгө тараткан "Европа" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Айдер Бекилов кесиптештери менен макул эмес.

- Сиздер жергиликтүү каналдардын ролун ачыктан-ачык төмөн түшүрүп жатасыздар. Мындай укукту сиздерге эч ким берген эмес. Грузияда бир дагы орусиялык телеканал тартпайт. Муну колдошуп, эң сонун өнүгүп эле жатышат. Чет элдик каналдарда эмнелер жөнүндө көрсөтөрүн биз эң жакшы билебиз. Бул - төлөнгөн үгүт материалдар, кээде көөлөгөн материалдар. Мыйзамда жазылгандай, адамдын аброюна шек келтирген материалдарды алып көрсөтүүгө тыюу салынган. Бул баарына тиешелүү.

"Мыйзам өлкөнүн коопсуздугун эске алган"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков ал мыйзамдагы берене өлкөнүн коопсуздугун сактоодон келип чыканын айтууда.

- Жалпысынан шайлоо жараянын, андагы окуяларды чагылдырууга чет элдик телерадиолордун укуктары бар. Албетте биз ага тыюу сала албайбыз. Бирок кайсы бир саясатчыны асмандын башына чыгара мактап, же кайсы бир саясатчыны тебелегенге алардын эч кандай укугу жок.
Равшан Жээнбеков

Жээнбеков бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт дегенге да макул эмес. Ал Кыргызстандын эли өз президентин тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү жок тандашы керек деп эсептейт. Бирок мыйзам коммерциялык компанияларды чоң каржылык ысырапка дуушар кыларын да жокко чыгарбайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы да аталган мыйзамдын аткарылышын кандайча көзөмөл кыларын билбей баш катырууда.

БШК мүчөсү Жаркын Бапанова Жогорку Кеңешке атайын кат менен кайрылышканын маалымдады.

- Жогорку Кеңешке кат менен кайрылдык. "Кандай дейсиңер, бул беренени кантип көзөмөлдөйбүз" деп кат жаздык.

Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда Кыргызстандын аймагында көрсөтүлгөн орусиялык ири маалымат каражаттары айрым партиялардын лидерлерин сүрөп, кээ бирине көөлөгөн маалыматтарды тараткан.

Ал эми мыйзамдагы берененин демилгечиси, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев болуп, ал өзгөртүү быйыл 12-майда кабыл алынган.

Алдыдагы президенттик шайлоонун үгүт иштери 25-сентябрынан тарта башталмакчы.
XS
SM
MD
LG