Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

"Айчүрөктө" кыйылган эки өмүргө ким жоопкер?


"Айчүрөктөгү" кырсык эки өмүрдү алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

"Айчүрөктөгү" кырсык эки өмүрдү алды

13-мартта Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун 6-кабатынан лифт кулап түшүп, аны оңдоп жаткан эки жумушчу мерт кетти.

Бул боюнча милиция да иликтеп, Мамлекеттик экотехинспекциянын комиссиясында териштирүү иштери башталды. Айрым адистер Бишкектеги көп кабаттуу коомдук жай, жеке менчик батирлерде техникалык коопсуздук сакталбай жатканын айтып келишет.

Кырсык болжол менен эртең мененки саат тогуздар чамасында болгон. Милициянын маалыматында, лифттин кабинасы эки кишиси менен шахтага 6-кабаттан кулап түшкөн. Ичиндегилер тез жардам кызматы жеткиче эле каза табышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, каза тапкан куруучулардын тек-жайы аныкталды. Алар: Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган 36 жаштагы Кылыч Эстебесов жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган 35 жаштагы Алтынбек Алиев:

- Учурда аты-жөнү такталды. Эми кырсыкка ким жооп берери тергөөнүн жыйынтыгы менен маалым болот. Азыр тергөөчүлөр иликтөө иштерин башташты.

Бишкектеги лифттердин 70% эскилиги жетти
Бишкектеги лифттердин 70% эскилиги жетти

Ал эми "Айчүрөк" соода борборунун администрациясы бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере албасын билдирди. Азырынча кырсыкка эмне себеп болгону жана эки адамдын өлүмүнө кимдер жооп берери белгисиз. Каза болгондор “Байсал-курулуш” компаниясынын жумушчулары экени айтылууда. Бирок ал ишкана менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Мамлекеттик экотехинспекциядан бул окуя боюнча комиссия түзүп, иликтөө башталганын билдиришти. Инспекциянын басма сөз катчысы Анарбек Авазов бул окуя үчүн “Байсал-курулуш” компаниясы жооптуу экенин айтууда:

- Соода борборунда курулуш жүрүп, үстүңкү кабаттарга көтөрүлүү үчүн мурдагы иштеп жаткан лифт алынып, анын ордуна жаңы лифт коюу үчүн орду даярдалып, кеңейтилип жаткан. Каза тапкан жумушчулар ширетүүчүлөр болгон. Алар лифттин ордуна убактылуу орнотулган лифтке газ баллонун кошо ала чыгып, ылдый түшүп бара жаткан. 3-кабатка келгенде баллон тоголонуп кетип, асма темирдин үстүндөгү жумушчулар кулап түшкөн.

Коопсуздукка жооп бербеген шарттар

Мамлекеттик экотехинспекция Бишкек шаарындагы лифттерди дайыма текшерип турарын, талаптарга жооп бербегени дароо токтотулат деп ишендирүүдө.

Анткен менен Бишкектеги көп кабаттуу имараттардын көпчүлүк лифттеринин эскилиги жеткен. Бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабаттуу имараттарда жалпысынан 2362 лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкеклифт" ишканасы тейлейт. Калгандарын "Кыргызлифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу жети-сегиз фирма карайт.

Маселен, "Бишкеклифт" тейлеген лифттердин 70% абалы жакшы эмес. Алардын көбүнүн 25 жылдык мөөнөтү эчак эле бүткөн. Аталган мекеменин өкүлү Жамила Сарымсакова жаңылары шаардык бюджеттен акча бөлүнгөнүнө жараша орнотуларын билдирди:

- Бизге караган лифттердин 70 пайызынын эскилиги жетти. Аларды алмаштырууга шаардык бюджеттен акча бөлүнүшү керек. Жылына эки-үч лифтти алмаштырып жатабыз.

Лифттер көп учурда иштебей калып, кол менен ачууга туура келет
Лифттер көп учурда иштебей калып, кол менен ачууга туура келет

Бир лифттин баасы 2 миллион сомдон ашат. Ошондо болжол менен бир ишкана жылына бир-эки гана лифт жаңыртууга чамасы жетиши мүмкүн. Бейөкмөт уюмдар, активисттер шаардагы лифттердин абалына канааттанбай, техникалык коопсуздук сакталбаганын айтып келишет. Алардын бири “Биздин укук” коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиева бул маселе боюнча иш алып барган тиешелүү мамлекеттик органдарды сынга алды.

- Азыр эми көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин абалын көрүп атабыз. Абалы сонун деп айтканга ким ишенет? Алар көзөмөлсүз калды. Ал эми жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн деле лифти жыргатпайт, аларды ким өткөрүп алып жатканын билбейсиң.

Кыргызстанда коомдук жайларда, курулуштарда техникалык коопсуздук сакталбаганы айтылып эле келет. Көп кабаттуу курулуштардан учуп өлгөн жумушчулар, тигүү цехтеринде үтүк жарылып кыздар жабыркаган учурлар катталып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG