Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

ЖЭБ: аткаминердин камалышы актануубу?


ЖЭБ
ЖЭБ

Бишкек Жылуулук борборундагы кырсыктан соң жумуштан алынган "Электр станциялар" ишканасынын мурдагы директорунун орун басары Бердибек Боркоев камакка алынды.

Улуттук коопсуздук комитети Бердибек Боркоев баш болгон жетекчилер Жылуулук борборун кышка даярдоого бөлүнгөн каражатты өз пайдасына жумшаган деп айыптоодо. Башкача айтканда, кылмышка шектүү борборду оңдоп-түзөөгө жасалма келишим түзүп, бирок оңдоо жумуштарын өздөрү жүргүзгөн.

Аталган фактылар боюнча УКМК бир нече берене менен кылмыш ишин козгоду. Бул коррупциялык схеманы түзгөн адам катары Бердибек Боркоев УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Энергетикадагы коррупциялык схема үчүн жетекчинин камакка алынышы Жылуулук борборундагы кырсыктан улам бул тармактагы мыйзамсыз иштер четинен ачыкка чыгып, өкмөткө карата сын күчөгөн учурга туш келди.

Ошондуктан Боркоевдин камалышы "Электр станциялар" ишканасындагы коррупцияны ашкере кылып, күнөөлүүлөрдү жоопко тарттык деген бийликтин ишараты катары кабыл алынып жатат.

"Электр станциялар" ишканасы, анын ишин көзөмөлгө алган Улуттук Энергохолдинг бул боюнча эч кандай комментарий берген жок. Ал эми Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар насыяны жана андагы кырсыктын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Бердибек Боркоевдин камалышына таң калган деле эмес.

Улан Примов.
Улан Примов.

Комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун айтымында, козголгон бул кылмыш иш Жылуулук борбордун айланасындагы ашкере болгон мыйзамсыз аракеттердин башталышы гана.

- Дагы бир топ көйгөйлөр, мыйзамсыз көрүнүштөр мунун артынан чыгат деп ойлойм. Себеби депутаттык комиссия Жылуулук борборуна барганда дароо эле кышка даярдык толугу менен жүрбөгөнү көрүнгөн. Демек бөлүнгөн акча каражаттар өз максатына жумшалбаганы буга чейин эле белгилүү болгон. Ошондуктан бул багытта атайын кызматтар дагы бир топ мыйзам бузуулардын бетин ачыш керек.

Ал эми комиссиянын дагы бир мүчөсү, парламент депутаты Исхак Масалиев бул тармактагы кемчиликтер мурдатан эле белгилүү болгонун, күч органдары буга чара көрсө болмоктугун билдирүүдө:

- Депутаттар буга чейин эле өкмөткө кышкы даярдыкты толук жүргүзгөн эмес деп таап, эки деген баа койгонбуз. Ошондуктан ушул сыяктуу иштер 26-январдагы кырсыкты жаратты. Бул Бишкек Жылуулук борборундагы эле коррупция эмес, жалпы энергетика системасындагы көйгөйлөр кошул-ташыл болгонун азыр деле айта алабыз.

Комиссия ЖЭБ кырсыгы боюнча чечимин чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

Бишкек Жылуулук борборундагы кырсыкты шарттаган насос иштен чыкканда жаңы блокту иштетүүгө буйрук бербегени үчүн Бердибек Боркоевдун аты аталган. Ал Жылуулук борборунун ишмердигине түздөн-түз жоопту болгон "Электр станциялар" ишканасынан жетекчи орун басары болгон. Ошондуктан кырсыктан соң негизги күнөөкөр кызматкер катары Бишкек Жылуулук борбордун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен бирге Бердибек Боркоев да кызматтан алынган. Азырынча бул эки жетекчиден башка Жылуулук борбордо жаралган жагдай боюнча жогорку кызматтагылар жоопко тартыла элек.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков иликтөө жыйынтыгы менен дагы бир катар жетекчилер кызматтан кетерин билдирген.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

Эксперт Орозбек Молдалиев энергетика тармагындагы коррупцияны бир чиновникке байлоо туура эместигин, аны камоо менен эле коомчулук алдында актанууга болбойт деген пикирде:

- Жылуулук борбору - стратегиялык маанидеги объект. УКМК буга чейин эле көз салып туруш керек эле. Эми болсо жаралган кырдаал боюнча жалгыз эле Боркоев жеп алган деген туура эмес, аны артында тургандар, кошо акчаны жегендер көп болушу керек. Ремонтко деп бөлүнгөн акчаны жеп алуу көнүмүш эле болуп калган. Балким ремонтко бөлүнгөн каражат туура эмес пайдаланылып, Жылуулук борбордогу насостор тоңуп калды деген жыйынтыкка алып келүү үчүн иш козгоп, камакка алып жатса керек. Бирок күзгү-кышкы даярдыкты өкмөт кабыл алган, Жогорку Кеңеш деле уккан. Эмне үчүн ошол учурда бул кемчиликтерге көңүл бурган эмес?

Ал эми өкмөттүн энергетика жаатындагы саясатын жүргүзүүгө милдеттүү болгон Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов энерго компаниялардын чарбалык ишине киришпесин, бирок антикоррупциялык иштер күчөтүлөрүн билдирди:

- Биз чарбалык маселелерге киришпейбиз. Бирок коррупцияга каршы күрөш жаатында буга чейин кабыл алган пландарды ишке ашыруу жаатында иштер жүргүзүлөт.

Ал ортодо Мамлекеттик мүлк фонду өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу Кыргызстандын энергосекторунун активдерин баалоо жана жабдууларын инвентаризациялоо иштерин баштаганын жарыялады. Анын алкагында, энергокомпаниялардын активдерин текшерилип, эсеп-кысабы чыгарылат.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта калаа тургундарына беш күн бою жылуулук берилген эмес. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул кырсыктын себебин иликтөө боюнча өкмөт мекеме аралык комиссия түзсө, парламент депутаттык комиссия түзгөн.

Мекеме аралык комиссия жыйынтыгын чыгарып, Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка кышкы сезонго даярдыктын начардыгы жана айрым кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болду деген деген тыянак жарыялаган.

ЖЭБдеги кырсык: кандай сабак алдык?
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:42 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG