Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Асанов: Азербайжан завод куруудан баш тарткан жок


Кыргызстанга завод курмакчы болгон SOCAR компаниясынын Тбилисидеги май куюучу бекети.
Кыргызстанга завод курмакчы болгон SOCAR компаниясынын Тбилисидеги май куюучу бекети.

Азербайжандын SOCAR компаниясы Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруудан баш тартпаганын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапар Асанов “Азаттыкка” маегинде билдирди.

- Азербайжандын SOCAR компаниясы Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод курууга макул болбой жатат деген маалыматтар таркады. Сиз түшүндүрүп кетесизби, компаниянын так позициясы кандай? Соңку сүйлөшүүлөр кандай жыйынтык берди?

- Мунай иштетүүчү завод куруу аракети эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимден чыккан. Бул маселени алдыга жылдыруу максатында 10-11-августта кыргызстандык делегация Азербайжанга барып келди. Биз Бакыда Азербайжандын мунай иштетүүчү SOCAR компаниясынын президенти Ровнаг Абдуллаев жана анын орун басары Давид Мамедов баштаган жетекчилер менен жолуктук. Кыргызстанда мунай иштетүүчү заводдун курулушун сүйлөштүк.

Анда заводду курбайбыз деген эч кандай сөз болгон жок. Анткени алар бул заводду курууга кызыкдар. Буга чейин жылына 2 миллион тонна май чыгара турган заводду куруу жөнүндө сөз болгон. Азыр алар кубаттуулугу 2 миллион тоннадан көп болгон завод курабыз деген ойлорун айтышты. Анткени көбүрөөк болгондо экономикалык жактан кирешелүү болоорун билдиришти.

Бизде нефть жок. Мунайды Казакстандан алып келүү керек. SOCAR компаниясынын жетекчилери Казакстандан канча мөөнөттө, кайсыл тараптан, кандай кылып нефть алып келүү керектигин казак тарап менен сүйлөшөбүз деп айтты. Андан кийин кандай кубаттуулукта, кайсы убакта куруларын чечебиз дешти.

- Айрым маалыматтарга караганда, Азербайжан кайтарымы болбосо заводду курбайбыз деп жатыптыр. Мындан тышкары Кыргызстан мунайды кандай баада, кимден алуу керектигин өзү такташ керектигин билдириптир. Негизи SOCAR мунайды Казакстандан алып келүүгө макулбу?

- Муну Казакстан менен сүйлөшөбүз дешти. Пайдалуу же пайдасыз деген сөз болгон жок. Ал маселе эки президенттин ортосундагы ушул заводду куруу боюнча келишимге кол коюлганда эле чечилген.

Бирок SOCAR компаниясынын жетекчилиги бул рынокко кызыкдар экендигин билдирип, “рынок чоң, жалаң эле Кыргызстанга эмес, анын тегерегиндеги өлкөлөргө экспорт кылсак болот” деген ойлорун айтышты.

Чоң завод курулуп жаткандан кийин, мындай көлөмдө нефть Кыргызстанда жок. Анын баары Казакстандан келиши керек. Мындан тышкары Кара-Балтада да мунай иштетүүчү ишкана курулуп жатат. Ага да мунай Казакстандан келет.

- Ал эми завод кайсы жерге курулуп, мунай куурлары кайсы жерге чейин келет? Кыргызстандын конкреттүү сунушу барбы?

- Биз Азербайжан тарапка заводду Сокулукка, Кара-Балтага же Кеминге куруу боюнча сунуштарды билдиргенбиз. Булар болсо кайсынысы ылайыктуу экенин эсептеп көрүшөт. Ал эми мунай куурлары кайсы жерге завод курулса ошол жерге чейин келет.

- Мунай иштетүүчү завод куруу чечими саясий чечим болгону маалым. Айрым адистер бул саясий чечим ишке ашаарынан күмөн санап башташты. Сиздер завод куруу аракети ишке ашат деп ишендире аласызбы?

- Эмне үчүн ишке ашпасын? Азербайжан жалаң эле Кыргызстанга эмес, Кыргызстандын тегерегинде экспорт кылганга муктаж. Эгер таптакыр эле кызыкдар болбосо кубаттуулугу 2 миллион тоннадан чоң заводду курабыз деп айтмак эмес. Алар кайсы өлкөдө канча нефть жана кандай муктаждык бар экенин жакшы билишет. Ошондуктан кубаттуулугу чоңураак завод курабыз деп жатышат.

Негизи заводдун курулушу бүгүн айтылып, эртең чечилип кала турган маселе эмес. Бул абдан чоң долбоор. Ошондуктан бардык жагын карап чыгуу керек.

XS
SM
MD
LG