Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Кыргызстан-Азербайжан бардык багытта кызматташат


Азербайжан Кыргызстанда орто жана чакан ГЭСтердин курулушуна катышууга да кызыкдарлыгын билдирүүдө.
Азербайжан Кыргызстанда орто жана чакан ГЭСтердин курулушуна катышууга да кызыкдарлыгын билдирүүдө.

Кыргызстан менен Азербайжандын өкмөттөр аралык комиссиясы ар тараптуу кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишти.

Айрыкча Азербайжандын мунайзат жана энергетика тармагына инвестиция салуу боюнча демилгесин ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды баштоо маселеси көтөрүлдү.

Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Азербайжандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, чарбалардын түздөн-түз байланышын тереңдетүү жана биргелешкен ишканаларды ачуу сыяктуу макулдашууларга жетишилди. Ошондой эле Кыргызстанда мунайды кайрадан иштетүүчү завод куруу жана мунай бургулоо иштерине көмөктөшүү сыяктуу маселелер да каралды.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аалы Карашев негизги долбоорлорду ишке киргизүү жагы чечилгенине токтолду:

- Бүгүн Кыргызстанда мунайды кайрадан иштеп чыгуучу заводду куруунун өзгөчөлүктөрү талкууга алынды. Бул боюнча эки тараптан тең жумушчу топ түзүү жагы калды. Анан биз инвестициялык фонд түзүү жагын жана Бишкек-Бакы авиакаттамын ачуу маселесин жакынкы мезгилде чечкени жатабыз. Аталган завод жылына 2 миллион тонна мунай чыгарып, Кыргызстандын ички керектөөсүн камсыздай турган болду.

Кыргызстан Азербайжандын мунай-газды изилдеп табуу жана бургулоо сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин айтты. Расмий Бакы Нарын дарыясынын башкы алабындагы орто жана чакан ГЭСтердин курулушуна катышуу дымагын белгилеп, ага кете турган чыгымдардын техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Азербайжандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Йагуб Элйубов бул боюнча мына буларды белгиледи:

- “Азерэнерго” компаниясынын президенти бекеринен биздин расмий өкүлчүлүктүн курамында келген жок. Бизге сунуштар жакты. Мында эң эле башкы маселе ошол өндүрүлгөн энергия кайда сатылышы мүмкүн? Ошону ойлонуп, аны сатып өткөрө турган рынок керек. Эгерде биз рынок тапсак албетте аны курабыз. Бирок биз ГЭСтерди сөзсүз курабыз.

Азербайжан сунушталган долбоорлордун ичинен гидроэнергетика жана мунайгаз тармагы боюнча кызматташууга артыкчылык бермей болду. 2013-жылга карата Кыргызстанда 2 миллион тоннадан ашуун мунайды кайра иштетүүчү заводду куруп бүтүрүү маселеси көтөрүлдү.

Энергетика министринин орун басары Автандил Калмаматов аталган долбоор ишке аша турган болсо Кыргызстандын энергетикалык көз карандылыгы чечилет деген ишенимде:

- Жанагы мунай дагы, мазут дагы бир убакта азайат. Ал эми гидроэнергетика бир жагынан үнөмдүү жана коопсуз. Ошондуктан бул өтө ыңгайлуу жана пайдалуу тармак болгондуктан ага инвестиция салууга кызыкдар болуп жатышат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжан өз ара гуманитардык багытта да ар тараптуу кызматташмай болду. Тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууларды тереңдетүү боюнча макулдашууларга кол койду.

XS
SM
MD
LG