Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Апрель окуясы: кыргыз тарыхында боло элек сот жараяны


7-апрелдеги Бишкектеги тополоң окуя, 2010.
7-апрелдеги Бишкектеги тополоң окуя, 2010.

7-апрель окуясы боюнча сот иши жараян өтө турган имаратты тиешелүү шартта жабдуу маселесинен улам белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

7-апрелдеги өкмөт үйүнүн алдындагы жана борбордук аянттагы кандуу окуя боюнча соттук териштирүүнү Бишкек гарнизонунун аскер соту карамакчы. Буга чейин 25-октябрга спорт сарайында өткөрүлүшү белгиленген сот жараяны уюштуруу иштеринин начар даярдыгынан улам артка жылдырылды. Сот иши ачык каралып, коомчулуктун көзөмөлүндө өтө тургандыгы жарыяланган.

Спорт сарайы даяр эмес

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев учурда соттук жараяндын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү жабдуу иштери жүргүзүлүп жатканына токтолду:

- Спорт сарайынын имаратындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү жабдуу иштери жүрүп жатат. Анын негизинде айыпталуучулар үчүн атайын темир торлорду орнотуу жана олтургучтарды даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң сот жараяны болмокчу. Анткени ага болжол менен беш жүздөн ашуун адам катышат. Ошончо көп адам катышкан сот жараяны өтө турган жайдын коопсуздугун бекемдөө маселеси катуу койулгандыктан улам, сотту белгисиз мөөнөткө жылдырууга аргасыз болдук.

7-апрелдеги кандуу окуя.
Бул сот ишине аянтта жана Ак үйдүн алдында атылгандыгы аныкталган жетимиш сегиз адамдын туугандары, үч жүздөн ашуун ок жеп жаракат алгандар жана жүздөн ашуун окуянын күбөлөрү катышат. Мындан сырткары курал колдонууга буйрук берген жана аны аткарган деген шек менен жыйырма сегиз адам айыпталып жатат. Алардын ичинен алтоо: Курманбек Бакиев, Жаныбек Бакиев, Марат Бакиев, Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов жана “Арстандын” командири Эсенбай Байыш уулу эл аралык издөөгө берилген. Булар сотко чейин кармалбай турган болсо, мыйзам боюнча сотто аларга карата сырттан өкүм чыгарылат.

Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев, мамлекеттик күзөт башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев, штаб жетекчиси Данияр Дунганов тергөө абагында олтурушат. Ал эми кылмыш иштери козголуп, айрымдары камалган мурдагы үлкөн чиновниктер Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Оксана Малеваная жана Каныбек Жороев кийинчерээк үй камагына бошотулушкан.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев аталган адамдардын иштери негизги кылмыш ишинен бөлүнүп, аларга жеңилдетилген айыптоолор каралып жаткандыгын белгиледи:

Байтемир Ибраев
- Тергөөдө аныкталгандыктан улам, О. Малеваная, К. Жороев, Э. Сатыбалдиев жана Н. Турсункулов сыяктуу чиновниктерге кылмыш иши козголгон болчу. Бирок мен ал жактан кеткенден кийин бул адамдардын ишин негизги кылмыш ишинен бөлүшкөн экен. Ошондой эле койулган беренелерде да өзгөрүү болгон. Мындай көрүнүш жабырлануучулардын туугандарын нааразы кылып, күмөн саноону жаратышы мүмкүн. Биз ошондуктан ишти бир багытта бөлбөй карап жаткан болчубуз.

Расмий бийлик органдары тергөөнүн жүрүшүндөгү мындай мүчүлүштүктөр орун алгандыгын жана андай жагдайлар өз учурунда четтетилгендигин мойунга алышты.

Сотко беш жүздөн ашуун адам милдеттүү түрдө катышат

Өкмөт башчысынын укук коргоо жана сот органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаров айыпталып жаткан 28 адам өздөрүнүн
Азимбек Бекназаров
аракеттерине жараша бир кылмыш ишинин негизинде соттоло тургандыгын бекемдеди:

- Чындыгында эле тергөөдө алардын иштери бөлүнүп, түздөн-түз катыштыгы жок катары башка беренелер койулгандыгы аныкталды. Бирок азыр тергөөнүн мындай мүчүлүштүктөрү четтетилди. Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдарга беркилер менен бирдей эле массалык адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген мурдагы койулган берене калтырылды. Эми ошол мурда кандай айып койулса өзгөртүлбөстөн, иштери бөлүнбөстөн ошол боюнча сотко өткөрүлүп бериле баштады.

Мындан сырткары кан төгүүгө тиешеси бар деген шек менен мамлекеттик күзөт кызматынын жана “Альфа” тобунун катардагы бир нече кызматкери кармалып, камакка алынган. Бирок алардын жакындарынын талабы менен өткөн айдын аягында үй камагына чыгарылышкан. Иштин көлөмү бир канча томду түзүп, жараянда соттон сырткары 7 мамлекеттик айыптоочу жана 18 жактоочу иш алып барат. Апрель окуясы боюнча сот жараянына милдеттүү түрдө катыша тургандардын саны эле 566 адамды түзөт.

XS
SM
MD
LG