Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү


Коалиция түзгөн фракциялардын лидерлери (солдон оңго: Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков)
Коалиция түзгөн фракциялардын лидерлери (солдон оңго: Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков)

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады. Башкаруучу альянстын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, үч партиянын саясий көз караштары дал келди.

- Биринчи кезекте мамлекеттин алдында турган маселелер, демократиялык институттарды, элдин биримдигин чыңдоо, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо, экономика, социалдык тармакты, маданиятты өнүктүрүү, мындан тышкары 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясын аткаруу боюнча пикирлерибиз бир чыккандыктан биригүү болду.

Сооронбай Жээнбеков кайра өкмөт башчы болот

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтуусунда, көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка кайра эле Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүүнү чечти.

Жаңы түзүлгөн биримдиктин курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирип, 68 депутаттан куралды.

24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик бузулган. Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү милдетин кайра эле Социал-демократтар фракциясына тапшырган болчу.

“Республика – Ата Журт” коалициялык көпчүлүккө кошулбасын 2-ноябрда билдирген.

Ошентип “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика – Ата Журт” фракциялары парламентте азчылыкта калды.

Жогорку Кеңештеги талкуу, 2.11.2016

Бүйүр кызыткан Баш мыйзам талкуулары
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:17 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG